Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:26

Казак чиновниктери айлыгын көрсөтө баштады


Батыш Казакстан облусунун акимчилигинин имараты
Батыш Казакстан облусунун акимчилигинин имараты

Казакстанда мамлекеттик чиновниктер айлык маяналарын ачыкка чыгарууда. Ал маалыматтарга караганда, казак аткаминерлеринин расмий жол менен тапкан жылдык кирешеси 23 миң долларга жетет.

Казакстанда чиновниктердин айлык маяналарын расмий сайттар аркылуу жарыялоо өнөктүгүн Батыш Казакстан облусу баштады. Ал маалыматтарга караганда, 13 районду өзүнө камтыган Батыш Казакстан облусунун акими Алтай Көлгиновдун айлык маянасы 724 миң теңге. Анын төрт орун басарынын маяналары 400 миңден 550 миң теңгенин айлаансында. Бул деген облус акими ай сайын 2200, орун басарлары 1500 доллардан, ал эми район жана шаар мэрлери орточо 1500 доллардан маяна алат дегенди билдирет.

“Азаттыктын” казак кызматынын журналисти Галым Бокаштын айтымында, мындай ири суммадагы маяна бир гана жогорку катмардагы чиновниктерге тиешелүү:

- Азыр жарыяланган маалыматтарга караганда, жогорку мартабалуу чиновниктердин айлыктары миллион теңгеге чейин чыгат экен. Бул Казакстандагы орточо айлык маянадан бир нече эсе көп. Казакстанда орточо айлык акы 133 миң теңге экени белгилүү.

Адистердин айтымында, казак чиновниктеринин айлыктарынын көбөйүшү өлкөдө коррупциянын кыскарышына жардам берген жок. Мунун себебин "Азаттыктын" казак кызматынын журналисти Галым Бокаш мындайча түшүндүрдү:

- Адатта Казакстанда айлык маяналар өстү деген сөз мамлекеттик кызматкерлердин бардык катмарына тегиз таасир этпейт. Тек гана жогорку жана ортоңку даражадагы чиновниктердин айлыктары өсөт. Маселен, азыр миллионго жакын маянаны облус башчылары, ири структуралардын аймактык башкармалыктарынын жетекчилери алышат. Андан кийинки жогорку айлык акыны шаар жана район башчылары, алардын орун басарлары, мамлекеттик мекеме ишканалардын жетекчилери алат. Бирок катардагы бөлүм башчылар, инспекторлордун айлыктарын акимдердин маяналарына салыштырууга болбойт. Ошондуктан паракорчулук дал ошол мамлекеттик кызматкерлердин төмөнкү сабында кеңири жайылган.

Облус акимчилигин улай аймактагы башка мамлекеттик ишканалар да маяналарын мекемелердин расмий сайттарына чыгарышты. Мисалы мамлекеттик архитектура жана курулушту көзөмөлдөө башкармалыгынын жетекчиси бир жылда 3 миллион 68 миң теңге же 9 миң доллар маяна аларын жарыялаган.

Жерлерди пайдалануу жана коргоо боюнча облустук башкармалыктын жетекчиси болсо бир жылда 2 миллион 853 миң теңге же 8300 доллар аларын ачыкка чыгарды.

Негизи Казакстанда мамлекеттик чиновниктердин кирешелерин ачыкка чыгарууну президенттин «Нур Отан» партиясы «Өзүңдөн башта!» акциясы менен баштаган. Бирок партиянын бул демилгесин бардык эле мамлекеттик чиновниктер колдоп кетти дегенге болбойт. Анткени кирешесин ачыкка чыгарбаган мамлекеттик кызматкерлер азыр да четтен чыгат. Маяналар тууралуу малыматты ачыкка чыгаруу чиновниктердин ыктыярына коюлган.

Ыктыярдуу түрдө маянасынын өлчөмүн жарыялаган чиновниктер өзүнө таандык кыймылсыз мүлктөрү тууралуу маалыматтарды азырынча жашыруун кармашууда.

Казак бийлиги 2017-жылдан тартып, бардык мамлекеттик кызматкерлер активдери жана кирешелери тууралуу декларация толтурууга милдеттендирилерин айтууда. Бирок казак парламенти жайкы эс алууга тараар алдында кирешелерди декларациялоо жараянын токтото турууну өкмөткө сунушташкан.

Мындан мурдараак казак президенти Нурсултан Назарбаевдин небереси Нурали Алиевдин эсебиндеги миллиарддар тууралуу маалымат "Панама жаңжалында" ачыкка чыгып кеткен эле. Казакстан баш прокуратурасы Алиевдин мүлктөрү тууралуу маалыматты салык сыры деген жүйө менен ачыкка чыгарбай келет.

XS
SM
MD
LG