Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 22:48

Казакстанда диний жыйындарга көзөмөл күчөйт


Иллюстрация
Иллюстрация

Орусиялык басмалар акыркы жума ичинде Түркмөнстанда жаңы Баш мыйзам кабыл алынарын, Тажикстанда 12 миң жаран майыптык пенсиядан ажыратылганын, Өзбекстанда 43 өндүрүш ишканасы ишке киргенин, ал эми Казакстан диний радикализмге каршы мыйзамдарды катаалдаштырып жатканын жазып чыгышты.

"Регнум" агенттиги Казакстанда диний радикализмге каршы чаралар кабыл алынарын кабарлайт. Макалада президент Нурсултан Назарбаевдин тапшырмасы боюнча өлкөдө терроризм жана экстремизмге каршы, миграцияны жана диний уюмдардын ишин көзөмөлгө алчу мыйзам долбоорлор иштелип жатканы айтылат.

Казакстандын маданият жана спорт министри Арыстанбек Мухамедиулы өлкөдө атайын каттоосуз дааватчылык кылууга тыюу салуу, эл арасында таратылган диний адабияттын мазмунуна катуу көзөмөл киргизүү жана Мекеге ажылыкка барууну каалаган зыяратчыларга атайын эрежелерди иштеп чыгуу сыяктуу сунуштарын көтөрүп чыккан.

Ошондой эле Казакстандын ичинде диний ырым-жырымдарды өткөрүүнүн жалпы эрежесин кабыл алуу, жергиликтүү айылдык жана шаардык акимиаттарга диний маселелер менен иштөөчү бир мамлекеттик кызматты киргизүү, мамлекеттик органдардын диний жыйындарга көзөмөлүн күчөтүү сунуштары айтылган.

Түркмөнстанда Баш мыйзам өзгөрөт

Eurasia Daily басылмасы сентябрь айында Түркмөнстан жаңы Конституция кабыл аларын жазат. Макалада өлкө президенти Гурбангулы Бердимухаммедов Акcакалдар кеңешинин жыйынын чакырганы айтылат.

Жаңы Баш мыйзамда президенттик мөөнөт беш жылдан жети жылга чейин узартылып, президенттик постто жаран 70 жашка чейин отурат деген чектөө жоюлмакчы. Ошондой эле өлкө башчысы акыл-эстен танып, жөндөмсүз деп табылган кезде бийлик жаңы президентти шайлоого чейин парламенттин жетекчисине өткөрүлөрү макалада айтылат.

Түркмөнстандын Баш мыйзамы 1992-жылдан бери беш жолу өзгөртүлгөн. Ал эми Аксакалдар кеңеши - өлкө президенти жетектеген институт. Ага өлкөнүн беш облусунан жана Ашхабад шаарынан 60 жаштан улуу, 25 жылдык эмгек тажрыйбасы бар, эл арасында кадыр-баркка, сый-урматка ээ 600 аксакал кирет.

Тажикстан майыптарды да текшере баштады

"Регнум" агенттиги "Тажикстанда 12 миң жаран майыптык боюнча мамлекеттик пенсиядан айрылды" деп кабарлайт. Макалада жыл башынан бери Тажикстандын Саламаттык сактоо министрлиги майыптык статусун алган 16 миң жарандын абалын текшерип, 12 миңин жөлөк пулдан ажыратканы баяндалат. Текшерүү учурунда 5 миң адамдын майыптыгы аныкталган.

Социалдык коргоо агенттигинин маалыматына ылайык, өлкөдө учурда жалпысынан 629 миң жаран пенсия алат. Бир жылдык убадалардан кийин 1-июлдан тарта Тажикстанда пенсия, стипендия жана эмгек маяналары көтөрүлгөн. Анын ичинде пенсия өлчөмү 20-30 пайызга көбөйгөн. Былтыр расмий маалымат боюнча Тажикстанда орточо пенсия 230 сомонини же 30-35 долларды түзгөн.

Өзбекстанда өндүрүш жанданды

"Экономическое обозрение" басылмасы жыл башынан бери Өзбекстанда 43 өндүрүш ишканасы ишке киргенин маалымдайт. Алдыда дагы 3,4 миллиард долларга бааланган 72 жаңы инвестициялык долбоордун ишке киргизилиши пландалган.

Макалада өлкөдө чет элдик инвестиция менен насыянын көлөмү 17 пайызга, ал эми жер-жерлерде продукцияларды өндүрүү бир жарым эсе көбөйгөнү айтылат.

Ошондой эле быйыл Фергана өрөөнүндөгү облустарды республиканын башка аймактары менен түз байланыштырган 123 чакырым узундуктагы Ангрен-Пап темир жолу ачылган. Ага кошумча Самарканд-Бухара темир жолун электрлештирүү долбоору аяктап калганы дагы белгиленет.

  • 16x9 Image

    Лазат Жаныбек кызы

    "Азаттык" радиосунун Москвадагы кабарчысы. К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетин жана Орусиядагы Улуттук изилдөө университетинин Экономика жогорку мектебинде магистратураны бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG