Линктер

шейшемби, 17-июль, 2018 Бишкек убактысы 00:33

Берендт: Борбор Азияда демократиянын абалы жакшырган жок


Бишкектеги сөз эркиндигин коргоого арналган акция, 18-март 2017-жыл.

«Фридом Хаус» уюмунун соңку бир жылдагы дүйнөдөгү демократиянын абалын талдаган баяндамасында Борбор Азия өлкөлөрүнүн, анын ичинде Кыргызстандын көрсөткүчтөрү жакшырган жок. Кыргызстанда айрым тармактарда жылыштар байкалганы менен артка чегинүүлөр да көп болгонун эл аралык уюмдун Европа жана Евразиялык программаларынын директору Марк Берендт «Азаттыкка» маегинде айтып берди.

"Азаттык": “Фридом Хаус” уюму соңку баяндамасында дүйнөдө демократия кризиске туш болгонун билдирди. Дүйнөдөгү тенденциялар Евразия чөлкөмүндөгү, өзгөчө Борбор Азиядагы демократиянын абалына жана жарандардын эркиндигине кандай таасирин тийгизди? Чөлкөмдөгү бул чөйрөдөгү абалды кандай мүнөздөөр элеңиз?

Марк Берендт: Сөзсүз түрдө чөлкөмдөгү жагдайга таасирин тийгизген көп факторлор бар. Ички факторлордун жана дүйнөдөгү кырдаалдын да таасири жок эмес. Ички маселелерди талдасак, Борбор Азияда, анын ичинде Кыргызстан, Казакстан жана Тажикстанда абал жакшырган жок. Кыргызстан “жарым-жартылай эркин”, калгандары “эркин эмес” өлкө бойдон кала берүүдө.

Марк Берендт.
Марк Берендт.

Кыргызстандагы акыркы шайлоодо административдик ресурс кеңири колдонулду. Президенттикке талапкер боло турган адамдарды кармоо же аларды коркутуу сыяктуу окуялар болду. Шайлоодон кийин утулган талапкерге иш ачылды. Мындай жагдай эркин жана демократиялык шайлоонун талаптарына төп келбейт. Бирок Кыргызстанда бийлик тынч жол менен алмашканын белгилебей койсок да болбойт.

Чөлкөмдө каршылаштардын үнүн басуу үчүн аларга экстремизм айыптарын тагуу, ошондой эле медиа каражаттарын сестенттүү аракеттери байкалды. Мисалы Кыргызстанда “Zanoza.kg” басылмасына каршы сот иштери өттү. Алар кадыресе жаңылыкты кабарлаганы үчүн эле чоң доого жыгылышты.

"Заноза" басылмасындагы макалаларга байланыштуу доого жыгылган укук коргоочу Чолпон Жакупова, журналисттер Нарын Айып жана Дина Маслова.
"Заноза" басылмасындагы макалаларга байланыштуу доого жыгылган укук коргоочу Чолпон Жакупова, журналисттер Нарын Айып жана Дина Маслова.

"Азаттык": Эгер соңку бир жылда Кыргызстанда болгон бул өңдүү окуяларды эске алганда өлкөдө демократия өнүгүп жатабы же артка чегинүүдөбү?

Марк Берендт: Билесизби, демократия сыяктуу тармактардагы өзгөрүүлөрдү так өлчөө кыйын. Артка кеткен тармактар болду. Мисалы шайлоо жана оппозициянын атаандаштык жол менен бийликке келүү жөндөмү сыяктуу маселелерде жылыш болгон жок. Бул тармактар жакшырган жок, керек болсо артка кетти.

Бирок позитивдүү жаңылыктар да болду. Оштогу жагдай жакшырып, коопсуздук мурдагыдан жакшыраак камсыз кылынып калды. Өзбек тилиндеги берүүлөр да чыгып жатат. Бул жагдай да эске алынышы керек. Демек, оң жана терс өзгөрүүлөр бар.

Бирок жалпы демократиянын деңгээлин карасак, Кыргызстанда басма сөз каражаттары чоң басымга кабылууда. Сырттан караганда "саясат жыттанган" камоолор да болду.

"Азаттык": Медиа чөйрөсүндөгү маселелерге келсек, конкреттүү кайсы жагдайлар сиздерди тынчсыздандырып жатат?

Марк Берендт: Журналисттер үчүн айтылган сөздөрдү доого жыгылып калбагандай кылып кабарлоо дээрлик мүмкүн болбой калды. Кадыресе кабар үчүн журналисттер же маалымат каражаттары жоопко тартылып калышы ыктымал. Бул журналисттердин жаңылык даярдоо мүмкүнчүлүгүн чектеп коет.

“Сентябрь” телеканалы жабылды. Ага саясий себептер түрткү бергендей көрүндү. Айтор, Кыргызстанда басма сөз эркиндиги боюнча абал жакшы эмес.

Коррупция боюнча соттолгон "Ата Мекен" партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев менен мурдагы өзгөчө кырдаалдар министри Дүйшөн Чотоновду колдогон акция, Бишкек, 15-август 2017-жыл.
Коррупция боюнча соттолгон "Ата Мекен" партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев менен мурдагы өзгөчө кырдаалдар министри Дүйшөн Чотоновду колдогон акция, Бишкек, 15-август 2017-жыл.

"Азаттык": 2017-жылы бир нече кыргыз саясатчысы сот жообуна тартылды. Алардын арасында оппозициячыл депутаттар да бар. Айыпталгандар кылмыш иштерин “саясий куугунтук” деп бааласа, бийлик өкүлдөрү мындай дооматтарды четке кагып келишет. Соңку бир жыл ичиндеги саясатчылардын соттук иштери тууралуу эмне айта аласыз?

Марк Берендт: Жалпысынан айтканда, эгер оппозициячыл саясатчы түрмөгө кесилип жатса, бул жагдай демократия үчүн жакшы жышаан эмес. Башкача көз карашты карманган адамдарга да орун болушу керек.

Албетте, соттук иштерге дыкат байкоо салбай туруп, далилдерди талдабай туруп, так баа берүү кыйын. Бирок сырттан караганда буларда саясий себеп бардай сезилет.

"Азаттык": Кыргыз бийлигинин өкүлдөрү бул соттук иштерде саясий себеп жоктугун айтып келишет. Басма сөз эркиндигине келгенде, алар журналисттер арасында жоопкерчилик да болушу керектигин да белгилешет. Сиздер Кыргызстандын бийлик башындагылардын мыйзам үстөмдүгүн сактоо жана демократияны өнүктүрүү ниетин байкап жатасыздарбы?

Марк Берендт: Кыргыз өкмөтүнүн мыйзамды сактап, демократиялык принциптерди сыйлайбыз деп талашып жатканынын өзү деле бул өлкөнүн Борбор Азияда өзгөчө орду бар экенин көрсөтүп турат. Мындай жагдайды чөлкөмдөгү башка мамлекеттерден байкай албайсыз.

Демек, Кыргызстанда кайсы бир маселе үчүн өкмөттүн жоопкерчилигин талап кылуу мүмкүнчүлүгү бар. Бирок бул өкмөттүн сөзү толук ишеним жаратат дегенди билдирбейт. Алар саясий куугунтук жок десе эле, чындап жок болуп кетпейт. Эгер толук маалымат коомчулукка жетсе, эл эмне болуп жатканын өзү эле түшүнө алат.

Далилдөө маселесине келсек, биз сот эмеспиз. “Фридом Хаус” абалга көз салып, тенденцияларды байкап турат. Биз активисттер жана маселеге түздөн-түз тиешеси бар адамдар менен сүйлөшөбүз. Анын жыйынтыгында белгилүү бир тыянак чыгарса болот.

Президент Сооронбай Жээнбеков менен экс-президент Алмазбек Атамбаев.
Президент Сооронбай Жээнбеков менен экс-президент Алмазбек Атамбаев.

Менимче, 2016-жылы кабыл алынган конституциялык өзгөртүүлөр жакшы болгон жок. Байкоочулардын шайлоодогу укуктары чектелип калды. Былтыр шайлоо өнөктүгү маалында жарандардын тынч жыйындарга чогулуу укугу да чектелди. Бишкек шаарынын негизги аймактарында кандайдыр бир акция өткөрүүгө тыюу салынды. Бул эмне болуп жатканын жакшы эле түшүндүрүп турат. Өкмөт митингдердин өтүшүн каалаган жок.

"Азаттык": Борбор Азия өлкөлөрүнүн ичинен Өзбекстан тууралуу сурай кетейин. Шавкат Мирзиёев бул өлкөнүн бийлик башына келгенден кийин бир катар өзгөрүүлөр, айрым экономикалык реформалар болду. Бирок демократия жана эркиндик жактан Өзбекстанда жылыш байкалдыбы?

Марк Берендт: Менимче, кайсы бир деңгээлде жарандык коом үчүн иштөө мурдагыга салыштырмалуу бир аз жеңилирээк болуп калды. Биз бул жагдайга көз салып турабыз. Тобу менен мажбурлап пахта тердирүү көрүнүштөрү да болгон жок. “Хьюман Райтс Уочт” укук коргоо уюмунун делегациясынын Өзбекстанга барышы да оң бааланды.

Бирок булар чыныгы өзгөрүүлөрдүн белгиси эмес. Алар болгону потенциалдуу өзгөрүүнүн гана бир жышааны. Абал жакшырат деп үмүттөнүп турабыз. Бирок бул процесс жай жүрүп жатат.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG