Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:55

БШК Бабановдун арызын жараткан жок


Өмүрбек Бабанов.
Өмүрбек Бабанов.

“Республика” партиясынын лидери Өмүрбек Бабановдун Жогорку Кеңештин депутаттык мандатынан баш тартуу жөнүндө арызын Борбордук шайлоо комиссиясы кабыл алган жок.

БШК өкүлдөрү "мыйзамдын талаптарына ылайык арызды депутат өзү келип бериши керек же арыз юридикалык жактан күбөлөндүрүлүшү зарыл" деп жатышат. УКМК Бабановго каршы эки ай мурда козголгон кылмыш ишинин жүрүшү тууралуу маалымат бере элек. Айрым саясат талдоочулардын божомолуна караганда, тергөөнүн созулушунун артында саясий соодалашуу болушу да мүмкүн.

БШК: Бабановдун арызы расмий эмес

Жогорку Кеңештеги "Республика-Ата-Журт" фракциясынын депутаты Өмүрбек Бабановдун мандаттан баш тартуу жөнүндө арызын БШК кабыл ала элек. БШКнын төрагасынын орун басары Абдыжапар Бекматов “Азаттык” радиосуна мыйзамдын бардык талаптарына жооп берген документ гана расмий арыз болуп эсептелерин билдирди:

- Бизде мандатка байланыштуу бир катар талаш-тартыштар болгонун билесиңер да. Бири арыз жазып, кайра чакыртып алып, чуу коштолгон учурлар болгон. Биз ошол үчүн процессуалдык норма сакталсын деп жатабыз. Арызды же өзү келип жазсын, же мыйзамдагы нормаларды сакташы керек. Ал нормаларды сактоо биздин компетенцияга кирбейт.

"Республика-Ата-Журт" фракциясынын депутаты Алтынай Өмүрбекова "БШКга Өмүрбек Бабановдун атынан арыз берилди" дегени менен ал качан жана кайсы жерде жазылганы тууралуу так маалыматы жок экенин билдирди.

БШКнын мурдагы төрагасы Акылбек Сариевдин айтымында, депутат өзү келе албаса тийиштүү юридикалык тарап менен күбөлөндүргөн арыз мыйзамга шайкеш келет.

Өмүрбек Бабановдун президенттик шайлоодогу үгүт баннери.
Өмүрбек Бабановдун президенттик шайлоодогу үгүт баннери.

Коомдук жана саясий ишмер Ишенбай Кадырбеков Өмүрбек Бабановдун депутаттык мандатын тапшырышын чечилген маселе катары баалап, ал убакыттын иши экенин айтууда.

Ишенбай Кадырбеков.
Ишенбай Кадырбеков.

- Бабанов улам бийликке сигнал берип, кылмыш ишин жаптыртуунун аракетин көрүп жатат. Буга чейин саясаттан кеткенин айтты, эми мандатын тапшырат. Мүмкүн бир нече убакыттан кийин дагы бийликке ыңгайлуу аракетке барат. Бирок ал киши шашпашы керек болчу. Убакыт бардыгын ордуна коюшу мүмкүн эле. Азырынча бийлик Бабановдун аракетине көз салып коюп гана турат.

Куугунтук депутаттык мандатка жеттиби?

Ал эми депутат Алтынай Өмүрбекова фракциялашынын азыркы жагдайын шайлоодон кийинки саясий куугунтуктун жыйынтыгы катары баалады:

- Өмүрбек Токтогуловичке кылмыш иши саясий негизде козголгон, ошондуктан биздин күч органдарынан бардыгын күтсө болот. Эгерде талапкерлерге ар бир шайлоодон кийин куугунтук көрсөтүлө турган болсо, кийинки шайлоого эч ким деле катышпай калат го. Андыктан бизде саясий маданият өзгөрүшү керек.

Президенттикке талапкер катары катышып, экинчи орунду ээлеген саясатчы Өмүрбек Бабановго кылмыш иши козголгонуна эки айдан ашып калды. Бирок тиешелүү тергөө органдары иштин жүрүшү тууралуу так маалымат тарата элек. УКМКнын расмий өкүлү Рахат Сулайманов тергөө жүрүп жатканын гана белгиледи:

- Прокуратура Бабановго карата “улут аралык кастыкты козутту" деген негизде кылмыш ишин козгоп, ишти УКМКга өткөргөн. Учурда тергөө уланып жаткандыктан, кандайдыр кошумча маалымат айтуу мүмкүн эмес.

Бабановго дагы башка иштер козголушу мүмкүн

Коомдук-саясий чөйрөдө "Бабанов ортомчулар аркылуу бийлик менен соодалашып жатат" деген жоромолдор айтылып келет.

Серепчи Турат Акимовдун пикиринде, бийлик Өмүрбек Бабановдун саясаттагы атын өчүрүүгө аракеттенип, саясатчы болсо дагы кошумча кылмыш иштеринин козголушунун алдын алууга далалат кылууда.

Турат Акимов.
Турат Акимов.

- Бийлик өкүлдөрү Бабановдун качып кетерин билген, ага өлкөдөн чыкканга шарт түзүп беришти. Азыр Бабановго убагында бизнесин тарттырып ийген Воробьевдун, Садыбакасованын, Хондун билдирүүлөрү чыга баштады. Мунун бардыгы бийликтин сценарийи жана жаңы иштерди ачууга негиз түзөт. Натыйжада Бабановдун мүлкү улутташтырылышы мүмкүн, мындай тажрыйба бизде бар. Бул жүрүштөрдү Өмүрбек Бабанов өзү деле сезип жатат, ошондуктан окуянын алдын алып саясаттан кеткенин жар салууда. Себеби бир нече жылдан кийин Бабанов кайра эле саясатка келет жана ошол учурда “саясаттан өзүм кеткем” деп айтканга ыңгайлуу болуш үчүн ушундай кадамдарга барып жатат.

Башкы прокуратура 4-ноябрда "Республика-Ата-Журт" фракциясынын лидери, депутат Өмүрбек Бабановго карата Кылмыш-жаза кодексинин 297-беренесинин биринчи бөлүгү ("Конституциялык түзүлүштү күч менен алмаштырууга ачык чакыруу"), 299-берененин биринчи бөлүгү ("Улут аралык, расалык жана диний кастыкты козутуу") боюнча иш козгоп, УКМКга өткөрүп бергенин жарыялаган. Бабанов муну жалган жалаа деп билдирген.

Жогорку Кеңештин депутаты Өмүрбек Бабановдун чет өлкөгө дарыланганы чыгып кеткени тууралуу маалымат президенттик шайлоонун жыйынтыгы расмий чыгарылгандан кийин кабарланган. Санаалаштары аны "кайра кайтып келет" деген кыска жооп менен гана чектелип жатышат. Бабанов өзү депутаттык мандатын тапшырып, саясаттан кетерин жаңы жыл алдында жарыялаган.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG