Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:53

Кыргызстандыктар Интернетке ооду


Интернеттен маалымат алгандардын 90% чөнтөк телефон аркылуу байланышат.
Интернеттен маалымат алгандардын 90% чөнтөк телефон аркылуу байланышат.

Кыргызстанда бишкектиктердин 57 пайызы маалыматты Интернет булактарынан алат. Ал эми жалпы республика боюнча, ТВ маалымат булагы катары 65,2% ээлейт. Интернет 40,7%, радиодон 6,2%, мезгилдүү басылмалардан маалымат алгандар 7% түзөт. Бул тууралуу Кыргызстандагы медиа-рынок боюнча "M-Vector" консалтинг компаниясынын иликтөөсүндө айтылган. ​

Былтыр борбор калаада Интернет булактарынан маалымат алуу 37% түзсө, быйыл бул көрсөткүч 1,5 эседен ашык көбөйгөн. Ал эми ТВ каналдардан маалымат алуу, тескерисинче, 68 пайыздан 56 пайызга азайган.

Кыргызстандагы медиа-рынок боюнча иликтөө жүргүзгөн "M-Vector" консалтинг компаниясынын башкы директору Наиль Хайбулиндин "Азаттык" радиосуна билдиргени боюнча, буга негизинен мобилдик Интернеттин өнүгүшү себеп болууда. Ошондой эле санариптин ишке кириши да өлкөдөгү медиа рынокто өзгөрүүлөргө алып келди:

- Бир эле жылда Кыргызстандагы медиа-рынокто олуттуу өзгөрүүлөр болгонун иликтөөбүз көрсөттү. Өзүңүздөр көрүп тургандай, Бишкекте маалыматты Интернет булактарынан алгандар дээрлик эки эсе көбөйгөн. Ал эми санариптик ТВнын ишке кириши менен телеканалдардын саны жана түрү көбөйдү. Санарип телеканалдардын программаларынын сапаттык өзгөрүүсүнө да салым кошконун айтсак болот.

Мобилдик Интернет демекчи, сурамжылоодо "маалыматты Интернет булактарынан алам" деген респонденттердин дээрлик 90% негизинен чөнтөк телефондору аркылуу Интернетке кирерин билдирсе, 21% үйдөгү ноутбук, планшет, кабелдик ТВ, 9% үйдөгү компьютерден, 5% жумуштагы, ал эми 1% интернет-кафелердеги компьютерлер аркылуу Интернеттен маалымат аларын айтышкан.

Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Иликтөө сурамжылоонун негизинде жүргүзүлүп, ага 14 жаштан улуу 2200гө жакын киши катышкан. Медиа иликтөө өлкөнүн жети аймагында, Бишкек, Ош шаарларында жүрдү.

Сурамжылоого катышкандар "Одноклассники" социалдык тармагын электрондук кат алышуучу почта, социалдык тармак, жеке кат алышуучу булак катары да көрсөтүп беришкен. Ошондой эле электрондук почта катары колдонулуучу хостингдердин ичинде Орусиянын "Mail.ru" порталы 70% менен алдыга чыккан. Жеке пикир алышуучу интернет булагы катары "Ватсап" 96% менен алдыга чыккан.

Ал эми маалыматтык сайттардан "Супер.кг" порталы, Youtube, "Акипресс" жана "News.kg" сайттары аталган. "M-Vector" консалтинг компаниясынын башкы директору Наиль Хайбулиндин айтымында, сурамжылоодо жалпысынан "Кайсы сайттарга көп киресиз?" деген собол узатышкан. Ал эми Интернеттеги маалыматтык сайттар, алардын рейтинги тууралуу өзүнчө суроо кийинки жылы бериле баштайт.

Санарип олуттуу өзгөрүүлөрдү талап кылат

Санариптик ТВ учурда өлкөнүн бардык аймактарында 98-99% тартат. Санариптин иштеши менен өлкөдөгү медиа рынокто 50дөй телеканалды көрүүгө шарт түзүлгөн.

Иликтөөдө сурамжылоого катышкандардын негизги бөлүгү Коомдук 1-каналды, Орусиянын 1-коомдук каналы менен РТРди көрөрүн билдиришкен. Музыкалык жана жалаң кино, мультфильм көрсөткөн айрым каналдар да жок эмес.

"Жалбырак" телеканалынын жетекчиси Кайыргүл Орозбай кызынын пикиринде, бул көрсөткүч жергиликтүү телеканалдар али да болсо көрүүчүлөрдү тарта турган программаларды алып чыкпаганын далилдейт:

Кайыргүл Орозбай кызы.
Кайыргүл Орозбай кызы.

- Бүгүнкү жыйынтыктар көрсөткөндөй, көрүүчүлөрдүн көпчүлүгү, мисалы, шаардагылар, дагы эле орусиялык телеканалдарды, айылдагылар көбүнчө КТРКны көрүшөт. Жергиликтүү телеканалдар деле бар экен, бирок 1-2-3 пайыз көрүүчү - бул өтө эле аз. Ошондуктан, жергиликтүү каналдар өз материалдарынын мазмунун жакшыртып, өзгөртпөсө, тез эле жабылып калуу коркунучу бар. Анткени бизде реклама аз эле. Алар көрүүчүлөр көп көргөн КТРК, ОРТ жана башка орусиялык каналдарга кетип калышы мүмкүн. Анда жергиликтүү каналдар өздөрүн бага алышпайт.

Ошол эле учурда "M-Vector" компаниясынын иликтөөсүнүн жыйынтыктарына макул болбогон эксперттер да бар. Алардын айрымдары май айынан бери санарип иштеп жатканына карабай, алдыңкы орунга дагы эле орусиялык телеканалдар менен КТРК чыкканы бир аз ишенбестик жаратканын айтышат.

Медиа-эксперт Алмас Турдумаматовдун баамында, "M-Vector" компаниясынын иликтөөсү Кыргызстандагы медиа рыноктун абалын так көрсөтүп турат деп айтууга болбойт:

Алмас Турдумаматов.
Алмас Турдумаматов.

- Бүгүн өзүңүз көрдүңүз, залда да күмөн санаган суроолор берилип жатты. Ошондуктан, Кыргызстандагы медиа рыноктун абалын бир гана уюм эмес, бир канча компаниялар иликтеп, сурамжылап чыкканда, ортодон жарамдуу көрсөткүчтөр чыкмак. Азыр бизге бир эле уюм өз иликтөөсүнүн жыйынтыгын жарыялады. Эгер альтернатива болсо, кимге ишенип, кимге коюшту эл өзү чечип алат.

Радио менен гезит-журналга кызыгуу азайды

Сурамжылоого катышкандардын 6% маалыматты радиодон алышарын айтышкан. Алардын 82% радиону үйдөгү, жумуштагы же унаадагы радиодон, 17% чөнтөк телефондон, калгандары башка түйүндөрдөн угушкан.

Кыргызстандагы радиолордун ичинен алдыңкы орундарды негизинен ыр, маанайшат берүүлөрү менен "Кыргызстан обондору", "Европа плюс", "Миң кыял" сыяктуу радиолор ээлесе, маалыматтык радиолор арасында "Азаттык" радиосу алдыда.

Гезит окуп жаткан айылдык аксакалдар. 31-март, 2012-жыл.
Гезит окуп жаткан айылдык аксакалдар. 31-март, 2012-жыл.

Ал эми мезгилдүү басылмалар арасында 67% менен "Супер-инфо" гезити башкы орунга чыккан. Андан кийин 14,3% менен "Вечерний Бишкек", 7,8% менен "Дело №" гезиттери турат.

"M-Vector" агенттиги Кыргызстандагы медиа рыноктун абалын 2011-жылдан бери иликтеп келет.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG