Линктер

бейшемби, 18-октябрь, 2018 Бишкек убактысы 17:14

Масалиев, Жумагулов жана Аманбаев...


"Ойчул". Огюст Роден.

Эгемендик жылдары Кыргызстанда башкаруунун өзүнчө мектеби калыптанган жок. Себеби соңку чейрек кылымда облус, район, шаар башчылары түгүл, өкмөт менен министрликтердин жетекчилерин тез-тез алмаштыруу кадимки көрүнүшкө айланган. Совет мезгилиндеги жетекчилердин иш стили кандай эле?

Эгемендик жылдары өлкөнүн биринчи жетекчилери аймакты кыдырып чыкканда аларды жылкы же кой союп сыйлоо, жаңы дайындалган жетекчиге тон кийгизүү жаңылык болбой калган. Былтыр Ош шаарынын ошол кездеги мэри Айтмамат Кадырбаев жаңы курулуштун ордуна барганда астына килем төшөп, көчмө минбар орнотулган. Анан да азыр облустук жана республикалык деңгээлдеги жетекчилердин “ат тезеги кургабай” алмашуусу да кадимки салтка айланган.

Ал эми совет мезгилинде кадрлар жарышка түшчү күлүктөй тапталганын эски заманды көргөн аткаминерлер айтып жүрүшөт. Алардын бири, 83 жаштагы эмгек ардагери, Эмгек кызыл туу орденинин кавалери Асан Жылкыбаев менен Ысык-Көл облусунун акыркы 20 жылындагы үч жетекчиси тууралуу сүйлөштүк.

Абсамат Масалиевдин иштөө стили

Асан карыя кепти обол Абсамат Масалиевден баштады:

- Абсамат Масалиев Ысык-Көлгө обкомдун 1-катчысы болуп барганда иштештик. Мен анда Тоң районунда совхоздун директору, анан колхоздун башкармасы болуп турдум. Ал элден өзгөчө айырмаланган абдан сыпайы, көп сүйлөбөгөн, билимдүү, чогулушту башкара билген, талапты коё билген киши эле. Колдон келе турган иштерди аябай талап кылчу. Доклад окуганда кээ бирөөлөрдөй жарым саат, бир саат созбой, ток этер жерин айткан. Көп эле чарба кыдырды. Күздө биздин Тоң районунда чөп чабык биринчи орунда турат. Чөп чабыкта эл менен сүйлөшүп, ыраазы болуп кетчү. Биздин райкомдун 1-катчысы Бейше Жапаров да кыйын киши.

Масалиев 1979-1985-жылдары Ысык-Көл облусун жетектеген соң Москва аны Кыргызстан КП БКнын 1-катчысы кызматына ылайык табат.

- Абсамат Масалиев шаан-шөкөткө, той-топурга, ашыкча чыгымга аябай каршы турчу. Бир жолу бу кишини Бейше Жапаров түш ченде алып келди. Түштөн кийин райондо пленум болгону жатат. Талаа станында сугатчылар, трактористтер тамак ичип жатышкан. Жармасы бар, чайы бар. Масалиев тооктун сорпосунан ичти. Анан экинчи тамакты алып келди. (Биз үчөөбүз да: А. Масалиев, Б. Жапаров, мен). “Ой, муну аксакалдарга берчи” деди. Алар чөп чаап жүргөн. Ал киши сорпосун жана бир чыныдай карандай чай ичти да “тойдук“ деп кете берди. Атайылап кой союп, ыракаттанган кишилерди жаман көрчү. Угуп жүрдүк: үйүнө кымыз-сымыз алып барган кишилерди уят кылып, акчасын төлөп берип... Биз андайын көргөн жопуз. Бекерден Исхак Раззаковдун тарбиясын албаса керек.

1959-жылы административдик башкарууга сарпталган чыгымдарды азайтуу максатында жоюлган Ысык-Көл облусу 1970-жылы кайра түзүлгөн. 1991-жылы СССР кыйраганча облусту беш киши жетектеген - Арстанбек Дүйшеев (1971-1979), Абсамат Масалиев (1979-1985), Апас Жумагулов (1985-1986), Анатолий Хрестенков (1986-1988), Жумгалбек Аманбаев(1988-1991). Бул кишилердин ысымы, Хрестенковду албаганда, бүгүн да көпчүлүк кыргызстандыктарга белгилүү.

Асан Жылкыбаев эмгек жолун Тоңдун Ак-Терек айылында китепканачы болуп баштаган. Билими - үч жылдык партиялык мектеп жана Айыл чарба институту. Жетекчилик тажрыйбасы: “Ак -Терек” совхозунда комплекстүү бригаданын бригадири, башкы зоотехник, совхоздун директору, Карл Маркс атындагы колхоздун башкармасы. Асан аксакал ардактуу эс алууга Ак-Терек айыл өкмөтүнүн төрагасы болуп жүрүп чыгат.

Белгилүү журналист, жазуучу Мундузбек Тентимишев да жетекчилерге тон кийгизүү, мал союп сыйлоо, килем төшөө ал кезде жок экенине токтолду:

- Андай өнөкөт жок болчу. Мен андайды көрө алган жокмун. Чабандарга барса да, малдын кыгын кечип, кашардын ичине же боз үйдүн же чатырдын ичине кирип... “Нан ооз тийгиле. Айран ичкиле” десе, ичип... Сыйламай кечээ күнкөрсуздук жылдары пайда болбодубу. Мен өзүм көлдүк болгондон кийин Абсамат Масалиевди билем. Юматова деген Жети-Өгүз районундагы “Коммунизм” колхозунун башкармасы капуста талаасына алып барыптыр да. Масалиев талааны аралап, өз колу менен капуста жыйнашат. Анна Тихоновна “Сиздин үйүңүзгө капуста берейин” деп айтса, “Мага берчү капустаңарды бала бакчага берип койгулачы” деп, карапайым жөнөкөйлүгү менен таң калтырган учур болгон. Мунун баары жасалма эмес. Алардын табияты ошондой болгон.

please wait

No media source currently available

0:00 0:12:42 0:00

Апас Жумагуловдун иш стили

Абсамат Масалиев Кыргызстан КП БКнын 1-катчысы же республиканын биринчи жетекчиси болуп кеткенден кийин Ысык-Көл облусун Апас Жумагулов бир жылдай жетектейт. Совет заманында жана төбөлсүздүк жылдары да кыргыз өкмөтүн жетектеп, анан элчилик кызматта жүргөн бул кишинин жетекчилик стилин Асан аксакал мындай мүнөздөдү:

- Апас Жумагулов да аябагандай тажрыйбалуу киши экен. Бизде обкомдун 1-катчысы болуп калды. Ал жалаң контордо отуруп башкарган киши экен. Чарбаларга чыгат аз-аздап. Чарбанын эсеп-кысабын алдырат да өзү талдайт. “Эмне үчүн мындай болуп атат? Эмне үчүн бүтпөй жатат?” деп талапты катуу койчу. Анткени, Апас Жумагулов мурда айыл чарбасында иштеген эмес. Ысык-Көлгө БКда өнөр жайы боюнча катчы болуп жүрүп барды да. Бирок бат эле үйрөндү, айыл чарбасын. Анан Совминди жетектегени кетпедиби. “Эмне болуп атат?” деп ар андай убакта телефон чалып калчу.

Апас Жумагулов Ысык-Көл облусуна башчы болуп келгенге чейин беш жыл Борбордук комитетте өнөр жайы боюнча катчы болуп, алты жыл өнөр жайы жана транспорт бөлүмүн жетектеген.

Журналист Мундузбек Тентимишев, тескерисинче, Апас Жумагуловду иштин натыйжасын биринчи орунга койгон жетекчи катары сыпаттады:

- Жумагулов жаны тынбаган адам болчу. Кабинетинде аз отурчу. Ал киши чогулуштарын өткөрүп, тапшырмаларын берип коюп, күнү-түнү чапкылап жүргөн да. Ысык-Көлдө каналдардын салынышы, малчыларды кашарлар менен камсыздоого (бул ишти Арстанбек Дүйшеев баштаган) көп көңүл бурду. Биздин Улахол совхозуна айына жок дегенде бир-эки жолу келип кетчү. Өкмөттө чогуу иштешип калдым. Ошондо бир-эки күн иштеп, кайра эле кыдырып кетчү. Биринчи кезекте шашылыш чечилчү маселелерди, анан келечекте чечилчү иштерди өзүнчө бөлүп карачу да, бу киши. Иштин натыйжасы биринчи кызыктырчу. Улам эле чапкылап бара бериш же кабинетте отуруш - ал кишиге максат эмес болчу. Иш кандай чечилет? Ушу жагына көңүл бурчу, мен байкашымча.

Мундузбек Тентимишевдин журналисттик эмгеги 2000-жылы Кыргыз Республикасынын президентинин “Алтын калем” сыйлыгы менен бааланган.

Жумгалбек Аманбаевдин өзгөчө касиети

Асан аксакал Ысык-Көл облусун 1988-91-жылдары жетектеген Жумгалбек Аманбаевдин кишинин ичи-коюнуна кирип кетмей өзгөчө касиетин белгиледи:

- Аманбаев облуска Ысык-Көл жана Нарын аймактары бириккен кезде келди. Ал кезде облус борбору Балыкчыда турду. Докладды окуганда кээ бир жерлерине куйкум сөздөрдү кошуп күлдүрчү. Аябагандай чечкиндүү киши... Масалиевге караганда оюн-зоокторду уюштуруп алып жүргөн киши болчу. Бирге иштедик. Элге аябай жакты. Колтуктап эле ичиңдеги сырыңды илгиртпей билип алчу. Теңтуш боло берчү. Абсамат Масалиевге жакындай алчу эмеспиз. Бул киши колтуктап алып эле: “Эмне болуп атасың? Эмне болуп кетти?” деп кирчү.

Мындайда англис философу Френсис Бэкондун “Көйнөк белдин ажарын кандай ачса, манера кишинин адеп-ахлагын ошондой ачып көрсөтөт” деген накыл кеби аргасыз эске келет.

Жумгалбек Аманбаевдин эл менен сүйлөшө билүү өзгөчөлүгү тууралуу Мундузбек Тентимишев мындай бир окуяны айтып берди:

- Эл менен аябай бат тил табышкан, жөнөкөй, кандай мүнөздөгү адамдар болсо да сырын бат тапкан шок адам болгон. Мен таң калган касиет: Жумгалбек Аманбаевге ар кандай кесиптеги, ар кандай курактагы адамдар өзүнөн өзү эле магниттей тартылып турчу. Кабыл алуусуна кирген кандай адам болбосун сөзсүз рахат алып, күлүп, кубанып чыкчу да. Ошонун маселеси чечилбесе да ички дүйнөсүндө жаткан купуя сырын таап, көңүлүн көтөрүп койчу. Аны кишилер жакшы көрүп калчу. Мен мындай касиетти кыргыздардын ичинен өтө эле аз адамдардан учураттым. “Ушу касиетиңизди кимге окшоштурасыз?” деп сурасам: “Мен мүнөзүм жагынан, ачыкты жагынан, тамашакөйлүгүм жагынан Султан Ибраимовго окшошмун” деген. Ыраматылык Султан Ибраимовду көп айтчу да. Эң бир татаал маселелерди күлдүрүп жатып эле чечип салчу. Балыкчыда бир жолу чырак өчүп, газ келбей, орустар арызданып барды. 30-40 адам. 3-кабатта болчу. Жумгалбек Аманбаев тоо тарапты карап тура берди. Анан орустардын баарын чакырып:”Тээтиги тоону көрдүңөрбү?” “Ии, көрдүк. Эмне бар экен? Кар бар бекен?” “Кар бар экен.” “Башка эч нерсе жокпу?” Жок!” “Жок бекен?! Мына ошол тоолордун арасында жөпжөнөкөй чабан кыргыздар силерге мал багып, эч кандай газы жок эле, чырагы (свети) жок эле күн көрүп, тиричилик кылып жатат. Силер айтып жаткан газ, чырак маселесин чечебиз, чечип жатабыз... “Ойлогон ойду кыстаган турмуш жеңет” болуп кээде үзгүлтүккө учуратып калып атат. Чыдай тургула. Тиги кыргыз чабандарды ойлогула” деп... Анан арызданып келген орустар Ж. Аманбаевдин тапкычтыгына, жүйөлүү сөзүнө ыраазы болуп кетишкени эсимде. Бу кишинин жакшы жагы - кимге болсо да жардам көрсөткөнгө аракеттенчү. Таланттуу, жөндөмдүү, ак иштеген кишилерди дайыма көтөрмөлөп турчу. Басынтчу эмес. “Сенин колуңдан баары келет да... Ойлонуп көрчү... Муну чогуу чечели” деп, кишинин шагын сындырчу эмес.

Мундузбек Тентимишев 1988-91-жылдары Ысык-Көл облустук партия комитетинде жана облустук кеңеште иштеген.

Улуу орус акыны Пушкиндин “Тажрыйба - бул катаал жаңылыштыктардын туундусу” деп айтканы бар. Ошого тарыхыбыздагы мыкты деп эсептелген жетекчилердин адеп-ахлагын, тутунган принциптерин, башкаруу стилин билүү аларды жана алар жашаган түзүлүштү идеалдаштыруу эмес. Максат: коомго азыркы жана мурунку жетекчилерди салыштырып көргөнгө мүмкүндүк берүү.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG