Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 04:32

Атамбаевдин ак сарайы текшерилеби?


Мамлекеттик резиденциядагы имараттардын бири. Сүрөт ud.gov.kg сайтынан алынды.
Мамлекеттик резиденциядагы имараттардын бири. Сүрөт ud.gov.kg сайтынан алынды.

Жогорку Кеңештеги "Ата Мекен" фракциясы экс-президент Алмазбек Атамбаев үчүн "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында курулган ак сарайдын мыйзамдуулугун териштирүүнү Башкы прокуратурага тапшырды.

Атамбаев буга чейин ал үйдү бюджеттин акчасын кетирбей өзүнүн, досторунун жана бюджеттик эмес фонддун эсебинен курганын жана ал мамлекеттин карамагында каларын билдирген.

Төргө салынган үйдүн төркүнү

Жогорку Кеңештин "Ата Мекен" фракциясы стратегиялык объект болуп эсептелген "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясынын аймагында экс-президент Алмазбек Атамбаев үчүн ак сарай кандай мыйзамдык негизде курулганын териштирүү демилгесин көтөрдү.

Былтыр ал резиденцияга Атамбаев үчүн жалпы аянты 300 чарчы метрден ашуун мамлекеттик дача курулганы белгилүү болгон. Ага токсон миллион сомдон ашуун акча жумшалганы жана анын 77,8 млн. сомун Атамбаев өзүнүн жана досторунун эсебинен чыгарганы жарыяланган.

Президенттин иш башкармалыгынын башчысы Туруспек Коёналиев калган 11.5 млн. сом бюджеттен эмес, президенттик фонддон бөлүнгөнүн айткан болчу.

"Ата Мекен" фракциясынын депутаты Каныбек Иманалиев мамлекеттик резиденцияга курулган үйдүн мыйзамдуулугун жана анын демөөрчүлөрүн териштирүү маселесин фракциянын соңку жыйынында көтөрдү:

Каныбек Иманалиев.
Каныбек Иманалиев.

- Кыргызстандын төрү - бул "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясы. Ошол мамлекеттик стратегиялык маанидеги объектинин ичине чет элдик демөөрчүлөрдүн эсебинен 1 миллион доллар алып, үй салганга кимдин акысы бар? Буга кайсы мыйзам жол берет? Андай болсо, эртең Маевскийден акча алып, Башкы прокуратуранын аймагына имарат салалы. Ширшовдон акча алып, Жогорку соттун имараты жайгашкан жерге үй салалы. Буга ким уруксат берди? Кыргыздын төрү болгон резиденция - бул мамлекеттин менчиги. Ал эч кимдики эмес. Ал мурунку президенттики да, кийинки президенттики да эмес, ал мамлекеттики. Биз Раззаков, Усубалиев жашаган ошол төрдү булгасак, анан бизди ким сыйлайт? Ошого укуктук баа берилиши керек.

КСДП: "Чуу чыгарууга негиз жок"

"Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында Атамбаев үчүн курулган үй "№17 мамлекеттик дача" деп аталат. Президенттин иш башкармалыгынын башчысы Туруспек Коёналиев буга чейин "Азаттык" менен болгон маегинде курулуш мыйзамдуу экенин жана ага сарпталган каражаттардын каяктан келгенин ырастаган документтер бар экенин айткан.

Кыргызстан Социал-демократтар партиясынын басма сөз катчысы Кундуз Жолдубаева учурдагы айрым саясий атаандаштар Атамбаевдин резиденцияда курулган үйү тууралуу негизсиз жерден чуу чыгарып жатышканын билдирди:

- Ал дачаны президенттин иш башкармалыгы курдурду да. Ал биринчи кезекте мыйзамдуулук жагын карап, анан курулуш ишин жүргүзгөн да. Бул жерден дагы жөндөн-жөн эле чуу чыгарып жатышат. Чынын айтканда президенттин иш башкармалыгы бул маселеде мыйзам бузууга барбаса керек. Анан калса экс-президент Алмазбек Шаршенович басма сөз жыйынында резиденцияда курулган үй мамлекеттин карамагында экенин жана анда кала турганын айткан.

Буга чейин экс-президент Алмазбек Атамбаев Бишкектин мэри Албек Ибраимовдон сатып алган Кой-Таштагы бир канча гектар жерге ак сарай куруп, ал бийликтен кеткенден кийин мына ошол жакта жашай турганын айткан.

Мамлекеттик резиденциядагы имараттардын бири. Сүрөт ud.gov.kg сайтынан алынды.
Мамлекеттик резиденциядагы имараттардын бири. Сүрөт ud.gov.kg сайтынан алынды.

КСДПнын 31-марттагы курултайында ага төрага болуп шайланган экс-президент Алмазбек Атамбаев жубайынын койгон шарты жана досторунун көмөгү менен резиденцияда үй курууга туура келгенин белгилеген болчу:

- Чынында мен Кой-Таштагы үйдү бүтүрсөм, ошол жакта эле жашайын деген элем. Бирок менин өмүрлүк жарым "карым-катнашым бар" деп ошондой шарт койду. Анан жоро-жолдошторум менен биригип туруп, өзүм каражатын таптым. Бюджеттен бир тыйын кеткен жок. Мыйзам боюнча мамлекет мага ошол жерден резиденция салып бериши керек. Азыр Отунбаева жашап жатат го? Ошондой эле салып бериши керек. Бирок мен мамлекеттин абалын түшүнүп, бюджетти карап туруп, өзүм жоро-жолдошторум менен чогуу тыйын-тыпыр таап туруп, үй салууну туура көрдүм. Ал Атамбаевдин үйү эмес, ал мамлекеттин үйү.

Атамбаев: Кой-Ташта үй салган жер тилкеси мыйзамдуу
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:46 0:00

Мыйзам боюнча өлкөнүн мурдагы жетекчилерине мамлекеттик резиденциянын аймагындагы тиешелүү дачаларды колдонуу укугу берилген. Бирок аларды менчиктештирүүгө же үчүнчү тарапка сатууга мыйзам жол бербейт.

Ошондой шарт менен мамлекеттин мурдагы жетекчилери Турдакун Усубалиев менен Абсамат Масалиевге "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясынын аймагынан дачалар берилген. Учурда ал жактагы дачалардын биринде экс-президент Роза Отунбаева да жашайт.

Абсамат Масалиевдин уулу Исхак Масалиев колдонууга берилген дачанын макамы тууралуу мындай деди:

Исхак Масалиев.
Исхак Масалиев.

- Колдонгонго дача бөлүнүп берилген болчу. Тилекке каршы, атам ал дачада жашаган деле жок. Апамдын көзү өткөнгө чейин ошол резиденциядагы дача биздин үй-бүлөгө бекитилип турду. Анан былтыр май айында апамдын көзү өтүп кеткенден кийин мамлекетке өткөрүп бергенбиз. Албетте, ал жакта мыйзам боюнча эч ким курулуш ишин жүргүзө албайт. Дачаны капиталдык оңдоого да уруксат берилбейт. Аны иш башкармалыгы өзү карайт. Анан бул маселе жарыкка чыгып кеткенден кийин экс-президенттин "бул үйдү мен өзүм куруп бердим, анан ал мамлекетте калат" дегенине түшүнбөйм. Анда көрө досторунун көмөгү менен табылган бир миллион еврого муктаж болгон айылдардын бирине мектеп куруп берсе жакшы болмок.

Ошентип, "Ата Мекен" фракциясынын чечими менен андагы Атамбаев үчүн салынган үйдүн курулушун Башкы прокуратура текшермей болду. Өзгөчө кайтаруудагы мамлекеттик объектиге экс-президент үчүн үй курууга мыйзам жол берерин же бербесин жана ага сарпталган каражаттын каяктан алынганын иликтөө жагы фракциянын чечиминде көрсөтүлгөн.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG