Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:48

Шавкат Мирзиёев жаңы хан сарай салдырды


Шавкат Мирзиёев.
Шавкат Мирзиёев.

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев Ташкент шаарынан анча алыс эмес жердеги айылга салынган жаңы резиденцияга көчүп барды.

"Азаттыктын" өзбек кызматы бир канча гектар жерди ээлеген хан сарайдын курулушуна жалаң кымбат, чет өлкөдөн алынып келген материалдар колдонулганын, бир канча үй сүрдүрүлгөнүн жазды.

Мирзиёев мурунку президент Ислам Каримовдун кызматтык бөлмөсүндө иштөөдөн баш тарткан жана ал жашаган төрт резиденцияга тең барган эмес.

Жаңы салынган хансарай Ташкент облусунун Кибрай районунун бак-шактуу Байткурган айылында, дарыянын эки жээгин тең бойлой кеткен көчөлөрдө жайгашкан. Резиденциянын жака-бели төрт метрлик дубал менен тосулган.

"Азаттыктын" өзбек кызматынын видеосу:
Өзбек президенти жаңы резиденцияга көчтү
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:04 0:00

Кибрай райондук акимиятында иштеген аткаминерлердин бири хан сарайды президенттик администрация салдырганын, курулушту баштан-аяк администрация башчысынын орун басары Ойбек Турсунов көзөмөлдөгөнүн айтып берди. Ойбек Турсунов - Шавкат Мирзиёевдин карачечекей күйөө баласы, кызы Саиданын жолдошу.

"Азаттыктын" өзбек кыматынын кабарчысы Абдулла Искандердин айтымында, резиденциянын ачылышы Шавкат Мирзиёевдин так туулган күнүндө болду жана чоң шаан-шөкөт менен коштолду:

- Шавкат Мирзиёев жаңы салынган резиденцияга 24-июлда өзүнүн туулган күнүндө көчүп барды. Каримов өлгөндөн кийин анын Ак-Сарай, Көк-Сарай, Дурмен жана дагы бир резиденциясы, тактап айтканда, төрт резиденциясы тең каңгырап бош турду. Ал жаңы резиденцияга көчүп барганга чейин Ташкентте Кара-Суу районундагы өзүнүн үйүндө жашады. Каримов иштеген кабинетте эмес, Сенаттагы бир бөлмөдө иштеп жаттты. Каримовдун кабинетин болсо музей кылып койду. Жаңы салынган резиденциянын ачылыш салтанатына Орусиядан, Италиядан мега жылдыздар келди, салюттар атылды деп уктук. Биз резиденциянын ичин жасалгалаган айрым адамдар менен сүйлөштүк. Алар хансарай дизайндын эң соңку үлгүсү менен салынганын, Аргентинадан алынып келген, бир чарчы метри 500 доллар турган көгүш мармар, Италиядан алынып келген кымбат баалуу ак мармар, сваровск кристаллдары менен жасалгаланганын айтып беришти.

Абдулла Искандар Шавкат Мирзиёевдин Ислам Каримовдун жолун улантуу тууралуу убадасы менен кылган иштери төп келбей жатканын белгиледи. Муну бир катар себептер менен байланыштырды:

- Мен бул боюнча жергиликтүү талдоочулардын бири менен сүйлөшсөм, ал Шавкат Мирзиёев буга чейин мен Ислам Каримовдун баштаган ишин, саясатын улантам, ал менин саясий атам деген сөздөрүнө азыр караманча-каршы иштерди жасап жатканын белгиледи. Мисалы, Самаркандда Каримов алдыртып салган трамвайларды кайра койдурду, иштен кетирип салган кадрларды кайра алып келип жатат, жеке нотариустарга салынган тыюуну алып салды. Кыскасы Каримовдун кылган иштеринин тескерисин кылып жатат. Каримовдун үйүндө да жашабай койду. Бул "мен Каримов эмесмин" деген ачык айтылбаган белги, ишара болушу да мүмкүн. Экинчиден, бул адам президент болгонго чейин, Самаркандда, Жизакта жогорку кызматтарга барганда ишин жаңы кабинет алуу менен, үстөл-столдорун жаңылагандан баштаганы белгилүү. Анын бул адаты, ырым-жырымы да болушу мүмкүн. Бирок бул өтө кымбат адат. Ушунун баарына өлкө казынасынан, мамлекеттен эпсиз акча кетет. Ошондуктан экономикага акчага муктаж болуп турганда өлкөнүн эсебинен жаңы резиденция куруу керек беле деген да суроо туулат.

Абдулла Искандардын айтымында, резиденция курулган жерде жашагандар арасында үйлөрү бузулганына жана жаңы берилген үйлөргө байланыштуу нааразылар да бар:

- Бул эски маале болгон. Ал жерде эски үйлөр менен кошо жаңы салынган, кооз, бак-дарактуу, бассейиндери бар хансарайлар да болгон. Жалпысынан 20га жакын үй бузулду. Ооба, аларга жаңы салынган үй беришти. Мисалы жаңы үй 250 миң доллар турса, сенин эски үйүңдүн баасы 50 миң доллар болчу деп өздөрү баасын бычып, 250 миңден 50 миңин гана компенсация катары эсептеп, калган акчаны ошол жаңы үйгө киргендердин мойнуна насыя катары илип коюшту. Башка өнүккөн мамлекеттерде ар ким өз үйүн өзү баалайт, сураган акчасын алат да.

Шавкат Мирзиёев мурунку президент Ислам Каримов былтыр сентябрда оорудан көз жумганда мамлекет башчынын милдетин аткарып калган. Ал президент болуп былтыр декабрдагы добуш берүүдө шайланган.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG