Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:49

Мирзиёев прокурорлорду кескин сынга алды


Шавкат Мирзиёев
Шавкат Мирзиёев

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев 2-августтагы жыйында прокуратура кызматкерлеринин ишин сынга алып, алардын айрымдарын "уурулардын эң чоңу" жана "эски таштанды системанын" калдыктары атады.

"Биз жаңы баш прокурор дайындап, кызматкерлерин 80 пайыз алмаштыруу менен прокуратура тармагын мурдагы таштандыдан тазалаганбыз. Бирок баары бир мурдагы ууру системадан калган 15-20 пайызы иштеп жатышат. Прокурорлор элдин башына балээ болду. Эгер адал иштешпесе баарын кетиребиз", - деди президент.

Прокуратура кызматкерлеринин үйлөрүн, машинелерин эске алып, көбү кызматка тааныш-билиштик менен орношконун белгиледи.

Тармакта тазалоо дале улантылып жатканын кошумчалады. Мирзиёев буга чейин да, 7-январда прокуратура тармагы репрессивдүү жана жазалоочу органга айланып кетпеши үчүн коомдук көзөмөл орнотуу керектигин айткан.

XS
SM
MD
LG