Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:13

Өзбек телеканалы Каримовду каралады


Өзбекстандын мурунку президенти Ислам Каримов Ташкендеги Нооруз майрамында. 21-март, 2015-жыл
Өзбекстандын мурунку президенти Ислам Каримов Ташкендеги Нооруз майрамында. 21-март, 2015-жыл

Өзбекстанда экс-президент, маркум Ислам Каримовду сындоо башталды.

30-июлда жаңы "Өзбекстан 24" маалыматтык-аналитикалык мамлекеттик телеканалында экс-президенттин саясаты тууралуу кеңири сөз болду. Анда "мурун кетирилген орой каталарды азыркы президент Шавкат Мирзиёев чечип жатат" деп айтылат.

Буга чейин мамлекеттик жалпыга маалымдоо каражаттарында Ислам Каримов эч качан сындалган эмес. Азыркы президент Шавкат Мирзиёев дагы Каримов баштап кеткен ишти улантаарын, анын аты биринчи президент катары тарыхта калаарын такай айтып келген эле. Мындан улам мурунку президенттин күтүүсүз сындалышы өзбек коомчулугун таң калтырды.

"Өзбекстан 24" телеканалынын берүүсү

Күнү-түнү иштей турган "Өзбекстан 24" маалыматтык-аналитикалык телеканал жакында эле так Мирзиёевдин туулган күнүндө расмий ачылган эле.

"Өзбекстан 24" телеканалындагы жума жыйынтыгын чыгарган "Тахлилнома" берүүсүнүн алгачкы чыгарылышында Ислам Каримовдун аты бир дагы жолу аталган жок, бирок ал жүргүзгөн саясат кескин, аёсуз сынга кабылды. Негизинен экономика, айыл чарба, акча саясатынан тартып социалдык, руханий жашоо өңдүү коомдун бардык тармагы талданды.

Берүүнүн автору, маселен, буга чейинки тышкы саясатка кеңири токтолду жана андагы одоно каталарды азыркы президент чечип жатат, кыска мөөнөттүн ичинде коңшу мамлекеттер менен алака-катышты жөнгө сала алды деп баса белгиледи:

- Мурун лидерлик үчүн жана артыкчылыкты көрсөтүү максатында коңшу өлкөлөр менен такай атаандаштык болгон. Мунун айынан Өзбекстан бир катар түйүндүү проблемаларга кабылган, азыр ал көйгөйлөрдү Мирзиёев чечкенге аракет кылып жатат. Ал бийликке келер замат коңшу мамлекеттер менен биринчилик, артыкчылык үчүн атаандашпай, тескерисинче, бири-бирине ишеним көрсөтүү жана чынчыл мамиледе болгон маанилүү деп билдиргенден кийин Өзбекстандын Борбор Азиядагы башка мамлекеттер менен алака-катышы жакшырды жана бири-бирине ишеними көбөйдү. Чынын айтканда бир канча жылдар бою чиеленишип чечилбей турган чек ара маселелери бири-бирине доомат артуу, артыкчылыкты белгилөө аркылуу эмес, жылуу сөздөр жана күнү-түнү тынбаган үзгүлтүксүз иштин негизинде чечилип жатат.

Бул берүүдө ошондой эле буга чейинки акча саясаты да кескин сынга кабылды:

- Акча саясатынан улам Өзбекстан алдыңкы экономикалык уюмдардын жемесин уккан, биздин адистер иш билги, кесипкөй эмес деген сынга кабылган. Биз бүгүнкү күндө муну ачык айтышыбыз керек. Андан сырткары чет өлкөлүк валютанын бир эле убакта төрт башка курсу болгонун жана "кара базар" өңдүү уяттуу көрүнүштү, анын экономикага тийгизген кесепетин айтуудан да жалтанбашыбыз керек. Бирок бул проблемалардын баарын азыркы президент чекесинен чечип жатат.

Өзбек телеканалындагы өлкөнүн мурунку саясатын сындаган берүү

Каримовдун сындалышы күтүүсүз болду

Өзбек медиасында Каримовдун тушунда жана анын көзү өткөндөн ушул күнгө чейин ага бир дагы сын-доомат айтылган эмес. Расмий телеканалдар мурунку президентти жана анын саясатын, ал бийликте тургандагы жетишкендиктерди айтып Каримовду азыркыга чейин эле айга-күнгө теңеп мактап келген. "Азаттыктын" өзбек кызматынын кабарчысы Мехрибон Бекиева Каримовдун сындалышы өзбек коомчулугу үчүн күтүүсүз болгонун айтып берди:

- Өзбекстандын эгемен тарыхында мамлекеттик телеканалда биринчи жолу Ислам Каримовдун саясаты сынга кабылды. Берүүдө мисалы Кыргызстан, Казакстан жана Тажикстан өңдүү коңшу мамлекеттерге корооздонгон мамиле жасалган, мындан улам проблемалар көбөйгөн, айрыкча Кыргызстан менен чек ара маселелери курчуган, анын саясатынын айынан проблемалар көбөйгөн деген өңдүү сөздөр айтылды. Берүүдө Ислам Каримовдун аты айтылган жок, бирок мурун, буга чейин деген сөздөр колдонулду. Мурун, буга чейин Ислам Каримов бийликте турган да. Каримов өлгөндөн кийин деле ага карата такыр сын айтылган эмес эле.

Өзбекстандын азыркы президенти Шавкат Мирзиёев.
Өзбекстандын азыркы президенти Шавкат Мирзиёев.

Мехрибон Бекиева азыркы өзбек бийликтери Каримов жана анын саясатына, анын үй-бүлөсүнө каршы жараян баштаганын кошумчалады:

- Бул берүү Башкы прокуратуранын Ислам Каримовдун кызы Гүлнара Каримова тууралуу билдирүүсүнө удаа эле чыкты. Мына бүгүн эле Өзбекстанда эң таасирлүү, эң белгилүү медиа магнат, бир канча гезити, телеканалы бар Фирдавс Абдухаликовдун Гүлнара Каримованы сындаган маеги жарык көрдү. Анда Каримованын алтүгүл психикалык оорусу бар болчу, мен аны менен эч качан чогуу бир иш кылган эмесмин деген мазмундагы сөздөрдү айткан. Ал убагында Каримованын жанында жүргөн, эң жакын мамиледе болгон, экөө өнөктөш болгон. Азыр бул маек социалдык тармактарда абдан кызуу талкууланып жатат. Мунун баары Каримовду, анын саясатын жана үй-бүлөсүн туш тараптан каралоо башталды дегенди билдирет. Мурун баары жаман болчу, азыр болсо президент реформа жүргүзүп баарын оңдоп жатат, Өзбекстан эми оңолот деген мазмундагы берүүнү көргөнүмдө аябай таң калып уккан кулагыма ишенбей турдум. Өзбекстанда мамлекеттик телеканалдарда бир дагы берүү жогорку жактан көрсөтмөсү жок чыкпайт. Мирзиёев буга чейин ал Каримовдун шакирти экенин, ал баштаган иштерди андан ары улантаарын айтып карганып келген. Азыр болсо ал баарын тескери жасай баштаганын күбө болуп жатабыз.

"Азаттыктын" өзбек кызматынын билдиришинче, бул берүү айрым жергиликтүү тургундардын кыжырын келтирсе, кээ бирлери мурунку президенттин саясаты ал көзү өтүп кеткенден кийин сынга алынып жатканын жактырган жок. Маселен, берүүнү көргөн бир өзбекстандык жаран саясаттагы эки жүздүүлүктөн жийиркенип үй-бүлөсү менен телевизордун жанынан тура качканын жазды.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG