Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:20

"Ширшовдун схемасы" деген эмне?


Бүгүн жарык көргөн “Барометр” гезити Ширшовдун схемасы тууралуу олуттуу ойлорго түрткөн баяндамасына окурман көңүлүн бурду.

"Барометр" бүгүнкү санына кабарчылар Сымбат Максүтова менен Нестан Токтобаева тарабынан даярдалган “Ширшовдун схемасы бүгүн да иштеп жатабы?” деген баяндамасын сунуш кылды.


Энергетика боюнча эксперт Бийназар Бердикеев: “Ширшов убагында энергетика тармагынын бардык тепкичине, тактап айтканда сырттан келген инвестицияны бөлүштүрүүдөн, тендерден баштап, электр энергиясын керектөөчүлөргө сатканга чейинки иштердин баарына өз кишилерин дайындаган. Ширшовдун схемасы деген - бул жоопкерсиздик. Бул адамдар биринин кылганын экинчиси жашырып, эч ким эч нерсеге жооп бербей иш жасап келген. Уурулук кылган. Бүтүндөй бир мамлекеттин байлыгын белгилүү бир топтун кишилери гана майкандап турган.

Эми азыркы учурда да ушул схема иштеп жатканын адистер эле эмес, карапайым калк да жакшы билет. Мамлекеттик бөлүштүрүүчү компаниялардын жетекчилигине ишти билген адамдар шайланбай, партиялык интригалардын кесепетинен кесипкөй адистердин жолотулбай жатышы ишке терс таасирин тийгизип жатат. Миллиарддаган киловатт энергияны жоготуп келаткан бөлүштүрүүчү компаниялардын кызматкерлери ири суммада маяна, мындан сырткары оңбогондой өлчөмдө сыйлыктарды алып турушат. Ал эми деректирлер кеңешинин мүчөсүнүн айлык акысы 40 миң сом.

Эми тарифтер жөнүндө. Тарифти ириде пансионат, сауна, кафе, ресторандарга, электр энергиясы менен гана жылытылган мартабалуу үйлөргө карата көтөрүү керек. Ал эми 500 киловаттан кийин тарифти көтөрүү деген болбогон нерсе. Эгер мындай кадамга барсак, кайрадан коррупцияга жол ачылат”, - деп айтты.

Бул суроолорго Башкы прокуратуранын кызматкери Кайрат Осмоналиев: “Ширшовдун схемасы Бакиевдин убагында гүлдөп турган. Кыргызстандын бардык энергетика тармагы Ширшовдун колунда болгон. Ширшов Токтогул суу сактагычындагы сууну да жайкысын Өзбекстан менен Казакстанга чоң акчага саттырып турган. Анын схемасынын дагы бири – ортомчулар. Учурунда булар трансформаторлорду, ток өткөргүч линияларды арзыбаган тыйынга менчиктеп алышкан. Маселен Улуттук банк, министрликтер, көп сандаган мамлекеттик мекемелер, Көлдөгү пансионаттар электр энергиясын дал ушул ортомчулардан сатып алышат. Мындан ортомчулар да, электр энергиясын бөлүштүргүч компаниялар да укмуштай пайда табышууда. Ошентип энергетикадагы адамдардын баары ууруга айланып алышкан. Акаев мезгилинен бери келаткан бул коррупция жоюлбай жатат.

Мына жакында эле энергия Казакстанга сатылып, ордуна көмүр ала баштадык. Бирок булар дагы эле ортомчулар аркылуу сатылууда. Мамлекет үчүн электр энергия тармагында ортомчулардын таптакыр кереги жок. Аларды түп тамырынан бери жоюп салуу керек. Анткени бул адамдар жеп-ичкичтер. Ширшовдун схемасынан кутулуу деген дал ушул ортомчу жеп-ичкичтерден кутулуу болуп саналат. Азыр деген технология өсүп-өнүккөн заман. Элди буга ылайык электр энергиясы менен камсыз кылуунун жаңы ыкмасына өтүп, “Росгидро” сыяктуу ортомчулары жок, энергетика тармагы көзөмөлдөнө турган, эл үчүн ачык болгон, болгон отчеттору инернет аркылуу ачык-айкын жарыя болуп турган система керек. Мындан башка жол жок. Эгер биз дагы эле ушул жол менен кете берсек анда энергетика тармагын биротоло талкалап алабыз. Президент коррупцияга каршы согуш ачты. Ал согуш биринчи кезекте энергетика тармагындагы энергомафияларга багытталышы керек”, –деп айтты.

“Барометр” андан ары жакын арада келерки жылга карата электр энергиясына жаңы тарифтик саясат бекитилерин, энергетика жана өнөр жай министри Осмонбек Артыкбаев коммерциялык керектөөчүлөргө тарифтер мурдагыдан жогору болорун, ошону менен бирге саатына 300 киловаттан жогору электр энергиясын пайдалангандар үчүн тариф жогорулатыларын айтканын кабарлады.

Гезит кыргыздын залкар сатирик акыны жана драматургу маркум Райкан Шүкүрбековдун 100 жылдык юбилейи күзүндө өзү туулуп өскөн айылда чоң салтанат менен белгиленип, Райкандын чыгармаларын өзөк кылып алган кыргыз-казак акындарынын айтышы өтөрүн, акындын 30-40 жылдан бери жарык көрбөй калган чыгармалары “Учкун” басамасынан жарыкка чыгып жатканын, Бишкектин бир мектебине Райкандын аты коюлуп, чыгармачылыгы боюнча илимий жыйын болорун, окуучулардын күндөлүктөрү менен дептерлерине акындын сүрөтү маалымат менен коштолуп чыга тургандыгы мындан эки күн мурда өлкөнүнүн вице-премьер-министри Тайырбек Сарпашев өткөргөн өкмөттүк жыйында кенен кеп болгонун да маалымдады.

XS
SM
MD
LG