Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:26

Атамбаевдин үйү: прокуратуранын жүйөсү


Башкы прокуратура Жогорку Кеңештеги “Ата Мекен” фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев президент Алмазбек Атамбаевдин жерине байланышкан фактыларды бурмалаган деп билдирди.

Прокуратура текшерүүдө Текебаевдин айткандары далилденбегенин маалымдады. Текебаев болсо, тескерисинче, ал айтып чыккан фактыларды прокуратура бышыктаганын билдирип жатат. Өткөн айда Өмүрбек Текебаев Атамбаев Бишкек шаарынын мэри Албек Ибраимовдун жубайына катталган мандемдүү жер тилкесин күмөндүү жагдайларда алган деп айтып чыккан эле.

Башкы прокуратура Алмазбек Атамбаевдин үй салынып жаткан жеринин айланасындагы Өмүрбек Текебаевдин айткандарын президенттин тапшырмасы менен текшерген. Бул органдын маалымат кызматынын өкүлү Назик Байгазинованын билдиришинче, анда сатып алуу иштери мыйзамдуу болгону далилденди:

- Бул кыймылсыз мүлк Бакиевдин жакындарына таандык деген жүйөлөргө карата биз төмөндөгүлөрдү билдире алабыз: 2008-жылы “Дастан” корпорациясы жана “А.С.Д” акционердик коомунун ортосунда бул объектти сатуу-алуу келишими түзүлгөн. “А.С.Д” акционердик коому келишимдеги сумманы төлөбөгөндүгүнө байланыштуу Бишкек шаардык райондор аралык соттун чечими менен бул келишим бузулган. Убактылуу өкмөттүн чечими менен Бакиевдин тегерегиндеги адамдарга таандык акциянын 50,45 пайыз үлүшү улутташтырылган.

Атамбаевдин үйү делген Кой-Таш айылындагы имарат
Атамбаевдин үйү делген Кой-Таш айылындагы имарат

Башкы прокуратура Өмүрбек Текебаевдин “Манас” аэропортундагы тамак-аш менен камсыздоо жана жүк түшүрүүчү "Манас менежмент компаниясы” боюнча айткандарынын негизи жок деп билдирди.

Текебаев Бишкек шаарынын мэри Албек Ибраимов аба майданды жетектеп турганда эки миллион долларлык ишкананы мамлекет эсебинен 15 миллион долларга сатып алган деп күнөөлөгөн эле. Көзөмөлдөөчү органдын маалымдашынча, “Манас менежмент компаниясы” болгон мүлкү менен баасы 12 миллион доллар болгон жана аны сатып алууга кыргыз өкмөтү макулдук берген.

Текебаев өз мүлкүн санап берди
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:49 0:00

Өмүрбек Текебаев Башкы прокуратуранын соңку билдирүүсү тууралуу “Азаттыкка” комментарий берип жатып, ал айтып чыккан фактылар бышыкталды деп билдирди:

- “Дастандын” жер тилкесинин акциясы Бакиевдерге тиешелүү болгонун, кийин мамлекетке кайтарылганын ырастап турат. Бул ишкананын Директорлор кеңешинин жана башкармасынын төрагалары Атамбаевдин заводунда иштеген жана ага жакын адамдар болгонун тастыктады. Алар мамлекетке кайтарылган Бакиевдерге тиешелүү жерди эки адам аркылуу Атамбаевге саткандарын далилдеди. Бул эки адам тең Атамбаевге жакын, тааныш адамдар. Анарбек Укуев Албек Ибраевди досум деп жарыялады. Ибраев да аны менен жакын таанышмын деп жатат. Мунун баары атайын жасалган иш-чара экенин көрсөтүп жатат.

Башкы прокуратура президенттин эле буйругу менен иштебей, ушундай чуулгандуу маалыматтарды иликтеп такай кабарлап турушу керек.
Динара Ошурахунова

Текебаев ал Атамбаев менен жолукту, атүгүл экөө жарашканы калды деген мазмундагы маалыматтарды жокко чыгарды. Референдумга каршы 8-октябрда өтө турган курултайга даярдык көрүлүп жатканын кошумчалады.

Коомдук ишмер Жыпар Жекшеевдин баамында, Башкы прокуратуранын текшерүүсүнөн кийин бул саясий жаңжалга чекит коюлушу керек:

- Бул жаңжалга чекит коюуга деле убакыт жетти. Себеби адамды ак жеринен каралап, жалпы журтка жаманатты кылган ар бир сөзгө ким болсо да жооп бериши керек. Эгер аягына чыкпаса бул маселе ушинтип ызылдап тура берет. Текебаев маалымат жыйындарды өткөрдү, президентке катуу дооматтарды койду. Башкы прокуратура бул боюнча иликтөө жүргүзүп, документтин негизинде анын баарын жокко чыгарып жатат. Жалпы эл шайлап алган президенттин намысын сактаганды да үйрөнүшүбүз керек. Баары өзүнүн жолу менен кетиши керек. Ушак-айыңга, эмоцияга берилбеши керек.

Анткен менен “Демократия жана жарандык коом үчүн” коалициясынын өкүлү Динара Ошурахунова Башкы прокуратураны президенттин гана айткандарын текшерет, бийликке жаккан жыйынтык чыгарат, ал эми калган фактыларга көз жумду мамиле кылып жатат деп айыптады. Анын пикиринде, эң негизгиси мурдагы президент Курманбек Бакиевдин уулу Максим Бакиевдин жеринин кантип жеке колго өтүп кеткенин тууралуу суроого жооп берген жок:

- Жалгыз эле Атамбаевдин жери, үйү эмес, ошол Атамбаевге жер саткан мэрдин, анын аялынын мүлктөрү тууралуу ММКлар күнүгө маалыматтарды чыгарып жатат. Башкы прокуратура президенттин эле буйругу менен иштебей, ушундай чуулгандуу маалыматтарды иликтеп такай кабарлап турушу керек. Прокуратура деген сот эмес. Алар туура же туура эмес деген баа бербейт. Алар бул жер чындап эле Бакиевдин мүлкү беле, Убактылуу өкмөттүн тушунда улутташтырылса, кантип жеке колго өтүп кеткенин гана айтышы керек. Мына ушул боюнча маалымат бериши керек. Анын туура же туура эмес болгонуна коомчулук өзү эле баа берет.

Кыргызстанда өткөн айда башталган саясий компроматтар кармашы токтой элек. Бийликчил айрым маалымат каражаттар “Ата Мекендин” лидери Өмүрбек Текебаевдин, Алмамбет Шыкмаматовдун жана Аида Салянованын “Мегакомдун” акцясында үлүшү бар деп жазып чыкты. Фракция болсо мындай маалымат тараткандарды каралап жатат деп сотко берди.

XS
SM
MD
LG