Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Декабрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 21:37

Раиса Атамбаевага профессор наамы ыйгарылды


Раиса Атамбаева солдо.
Раиса Атамбаева солдо.

Экс-президент Алмазбек Атамбаевдин жубайы Раиса Атамбаева 29-декабрда профессор наамын алды. Бул тууралуу маалыматты “Азаттыкка” Жогорку аттестациялык комиссиянын өкүлдөрү ырасташты. Маалыматка караганда, Атамбаева Орусиядагы Н.А. Семашко атындагы илим изилдөө институтунда “Өспүрүм кыздардын тукум улоочу саламаттыгын коргоо жана алардын калыптануусундагы медициналык-социалдык өңүттөр” деген темада доктордук диссертациясын жактаган. Бул иш Кыргызстандын Жогорку аттестациялык комиссиясы тарабынан жактырылган.

Буга чейин мурдагы биринчи айым Бишкекте өткөн аялдардын форумунда сүйлөп жатып, Кыргызстанда тукум улоочу ден соолук тармагында абал начарлап баратканын айткан. Ал өспүрүм курактагы кыздар арасында бойго бүтүү жана бойдон алдыруу фактылары көбөйгөнүн жана Бишкектеги ар бир алтынчы кыз жыныстык катнашка 16-17 жашында барарын билдирген болчу.

Раиса Атамбаева 26 жылдан бери И.Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясында иштейт. Учурда ал бул академиянын Гигиеналык тартип кафедрасын жетектейт. (КЕ)

XS
SM
MD
LG