Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:42

Бермет Исаева: Атамдын ак экенине ишенебиз


Бермет Исаева.
Бермет Исаева.

Жогорку Кеңештин камактагы депутаты Канатбек Исаевдин 22 жаштагы кызы Бермет Исаева атасы, соттун чечими жана үй-бүлөсү тууралуу "Азаттыкка" маек курду.

Бишкектин Биринчи Май райондук соту 4-январда Жогорку Кеңештеги “Кыргызстан” фракциясынын депутаты Канатбек Исаевди Кылмыш кодексинин 303-беренесинин ("Коррупция") негизинде айыптуу деп таап, үй мүлкүн мамлекеттин эсебине алуу менен 12 жылга күчөтүлгөн абакка кесүү өкүмүн чыгарган.

"Азаттык": Бермет, атаңызга карата сот ушундай чечим чыгарат деп күттүңүздөр беле?

Бермет Исаева: Ооба, күткөнбүз. Прокурорлор 20 жыл сурагандан кийин эле атамды сот актабай турганын билгенбиз. Бирок биз бара-бара чындык жеңээрине ишенебиз. Биз атама, атамдын чындыгына ишенебиз.

“Азаттык”: Деги эле атаңыздын камалышын кандай кабыл алдыңыз?

Бермет Исаева: Атам мыйзамсыз камалды, аны мен да, жалпы эл да билет. Биз атамдын ак экенине ишенебиз. Ошондуктан анын тарапташтары, биз атам акталып чыгат деп үмүттөнөбүз. Атамдын камалганын укканда алгач абдан күтүүсүз болгон, нес болдук, биз күткөн да, ойлогон да эмеспиз.

Атама карата козголгон эски иши боюнча айтсам, 2010-жылы жаңы өкмөт келгенде да Токмоктун тургундары колдоп, атамды алып калышкан. Ошондон кийин "кызматтан кетсин" деп кылмыш ишин козгошкон. Ошондуктан бул саясий, атайын жасалган иш. Атам өкмөткө каршы сүйлөгөндө дагы ошол ишти ачып, эч нерсе таппай кайра жаап коюшту. Үч жолу ушундай болгон. Ошондуктан биз бул жолу деле "буюрса иш жабылып калат" деп ойлочубуз. Камалганда апам дагы нес абалда болду. Бирок ал күчтүү адам, баарыбызды карап, аялдын да, эркектин да жумушун жасап жетишип жатат.

Канат Исаевдин үй-бүлөсү.
Канат Исаевдин үй-бүлөсү.

“Азаттык": Канатбек Исаев кандай ата?

Бермет Исаева: Атам эркин, өз алдынча, абдан намыстуу кыргыздын жигити. Атам эч кимден коркпойт. Бир гана Кудайдан коркот. Ал кыргыз салтын абдан жакшы көргөн адам. Санжыраны жакшы билет. Бизге аталарыбыз жөнүндө жомоктой кылып көп айтып берет. Биз, балдары ар бирибиз 14 атабызды билебиз. Аттарын эле эмес, ар бир атабыздын ким болгонун айтып бере алабыз. Атам дагы эле көк бөрү ойнойт, бул анын мүнөзүн көрсөтөт десем болот. Абдан күчтүү адам. Тигил жакта отурса дагы мен анын сынбай турганына ишенем.

“Азаттык": Сиздерди дагы ошентип тарбиялаганбы?

Бермет Исаева: Ооба, атам бизди "эркин болгула, эч нерседен коркпогула, Кыргызстанды сүйгүлө, өлкөгө ак эмгек кылып, пайда алып келгиле" деп тарбиялаган.

“Азаттык": Өзүңүз кайда окуйсуз, эмне менен алектенесиз?

Бермет Исаева: Мен Москвада МГИМОдо магистратурада 1-курста окуйм. Бакалаврды ошол жактан бүтүрдүм. Биз эки уул, эки кызбыз. Мен улуусумун. Менден кийини иним Чыңгыз шахмат боюнча Кыргызстандын жети жолку чемпиону, Азиянын чемпиону. Андан кийинки иним Тынай дагы шахмат ойнойт, ат минип, улак тартат, дзюдо менен машыгат. Эң кичүүбүз Канышай төрт жашта. Ал дагы атамды абдан сагынып жатат. Азырынча каякта экенин билбейт. Иш сапарында деп ойлоп жүрөт, абдан күтүп жатат, күндө сурайт.

“Азаттык": Өзүңүз жаш болсоңуз да атаңыз камалган күндөн тартып аны колдоп, өзүңүздүн пикириңизди байма-бай билдирип келе жатасыз. Сиздин мындай мүнөзүңүзгө кимдин салымы көбүрөөк?

Бермет Исаева: Атам да, апам да күчтүү, эрктүү адамдар. Экөө тең өз тараптарында лидерлер. Экөөндө тең лидерлик сапаттар көп. Ошондуктан балдарында да ошондой лидерлик сапаттар бар деп ойлойм. Мисалы, мен МГИМОдо бир жыл бою кыргыз коомун жетектеп жүргөнмүн. Анда Кыргызстанга арналган жумалыктарды өткөрүп, кыргыз тасмаларын көрсөтүп, Чыңгыз Айтматовдун эскерүү кечесин өткөргөнбүз. Шубин атындагы музыкалык мектепти бүтүргөм. Атка дагы кызыгам, атамды тартып ат мингенди баарыбыз жакшы көрөбүз.

“Азаттык": Демек бош убактыңызда ат минип эс алат окшойсуздар?

Бермет Исаева: Бош убактыбызда сөзсүз айылга барабыз. Ат минебиз. Тоого барып кымыз ичебиз. Бул биз үчүн эң жакшы эс алуу деп эсептейм. Биз чет жакка да Ысык-Көлгө да барбайбыз, өз айылыбызга барганды жакшы көрөбүз.

“Азаттык": Айылга көп барсаңыз айылдагы бардык иштерди жасай аласызбы, уй, бээ саап?

Бермет Исаева: Уй саагам, бээ саап көргөн эмесмин. Кийиз жасай албайм, калган иштерди жасайм.

“Азаттык": Өзүңүздүн да болочокто саясатка аралашуу планыңыз барбы?

Бермет Исаева: Келечекте атамды тартып Кыргызстанга ак эмгек кылып, пайда алып келем деп үмүттөнөм.

“Азаттык": Азыр Канатбек Исаев тууралуу турдүү пикирлер айтылып келет. Айрымдары "туура эле камалды" десе, башкасы мыйзамсыз экенин айтышат. Атаңыз тууралуу сын-пикирлерди окуп, укканда кандай кабыл аласыз?

Бермет Исаева: Атам биз кичине кезибизде эле чоң саясатка аралашкан. 2008-жылы Токмок шаарынын мэри болгондон бери көрө алган, көрө албаган адамдар бар. Жакшы да, жаман да маалыматты көрчүбүз. Ошондуктан биз көнүп калганбыз. Эң башкысы - биз атам Кыргызстанга ак эмгек кылган адам экенин билебиз.

“Азаттык": Коомчулукка белгилүү адамдын кызы болуш кыйынбы?

Бермет Исаева: Кыйын эле десем болот. Анткени атамдын иштери көп болгону үчүн бизге азырак убакыт бөлөт. Бизге эле эмес, кыргыз элине керек адам. Экинчиден, атама сөз тийгизбей, уят кылбаш үчүн биз өзүбүздү кайсы жерде болбосун, окууда болобу, адептүү алып жүргөнгө аракет кылабыз.

Маекти толугу менен ушул аудиодон уга аласыз:
Бермет Исаева: Атам бизди эркин болууга үйрөткөн
please wait

No media source currently available

0:00 0:07:24 0:00
Түз линк

Р.S. 4-январда Бишкектин Биринчи Май райондук соту Жогорку Кеңештеги “Кыргызстан” фракциясынын депутаты Канатбек Исаевди Кылмыш кодексинин 303-беренесинин ("Коррупция") негизинде айыптуу деп таап, үй мүлкүн мамлекеттин эсебине алуу менен 12 жылга күчөтүлгөн абакка кести. Ошондой эле Исаевге үч жыл мамлекеттик кызматта иштөөгө тыюу салынат.

Сот Исаевди эки иш - муниципалдык базардын жана автобекеттин курулушу боюнча айыптуу деп таап, калган эки эпизод боюнча актады.

УКМК Канатбек Исаевди 2008-2010-жылдары "Токмок шаарынын мэри болуп иштеп турганда муниципалдык жер участогун жеке компанияга берип койгон жана мэриянын башка кызматкерлери менен сүйлөшүп алып, шаардык бюджеттен каржыланчу автобекеттин курулуш ишин өзүнө караштуу ишканага берген" деп айыптаган жана далил жетиштүү экенин айтып, ишти сотко өткөрүп берген. Ага Кылмыш кодексинин 303-беренесинин ("Коррупция") негизинде кылмыш иши козголгон.

Депутат Исаев мындан тышкары "мамлекеттик төңкөрүш уюштурууга аракет кылган" деп да айыпталып жатат. Былтыр президенттик шайлоо алдында ал атайын кызматтын тергөө абагына белгисиз мөөнөткө камакка алынган. Ал иш боюнча тергөө аяктай элек.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
XS
SM
MD
LG