Линктер

шаршемби, 17-октябрь, 2018 Бишкек убактысы 14:33

Парламент "нотариалдык кеңсеге" айландыбы?


Жогорку Кеңеште айрым депутаттар "парламент жигердүү иш жүргүзө албай жатат" деп нааразы. Экс-спикер Чыныбай Турсунбеков парламентти "нотариалдык кеңсеге айланды" деп сындап чыкты.

Парламенттин ишине нааразылыгын мурдагы спикер Чыныбай Турсунбеков өткөн жуманын аягында айтып чыкты. Жогорку Кеңеш “Мамлекеттик жөлөкпулдар жөнүндө” мыйзамдын күчүнө киришин үч айга жылдырууну талкуулап жатканда Турсунбеков депутаттар өкмөттүн жетегинде калганына "ичи чыкпай", "парламент нотариалдык кеңсеге айландыбы?" деген собол таштады:

Чыныбай Турсунбеков.
Чыныбай Турсунбеков.

- Кийинки кезде резонанска айланып, коом катуу талкуулап, суукка карабай чыгып, ачкачылык жарыялап жаткан маселени "талкуусуз эле "ураалап" бүтүрүп салабыз" деген уят. Эл өкүлү катары бул маселени ачыкка чыгарып, "эмне үчүн ушундай болуп калды, эмне үчүн бийликтин үч бутагы колдоп, жайында "ураалап", керек болсо колду толгоп саясий чечим катары кабыл алган мыйзам бүгүн токтотулуп жатат?" деп талкуулаш керек. Бул маселе ачыкка чыкса эл да түшүнүп калат эле. Эмне үчүн ушундай маселелерди Жогорку Кеңеште ачык талкуулай албайбыз? Жогорку Кеңеш жөн эле мөөр басып, кол көтөрүп берген нотариалдык кеңсеге айландыкпы?

Парламенттин мурдагы төрагасынын мындай сынына карабай, жөлөкпулду артка жылдырууну караган мыйзам долбоорун депутаттар көпчүлүк добуш менен экинчи окууда колдоп беришти. Бирок анын сөзү коомчулукта парламенттин ишмердигине байланыштуу талкууларга жол ачты.

Айрым эксперттер Жогорку Кеңеш акыркы кезде өз укуктарын толук колдонбой, өкмөт менен президенттик аппараттан келген сунуштарды талкуусуз өткөрүүнү көндүмгө айландырганын белгилешет. Мурдагы депутат Абдрахман Маматалиев мындай кырдаалдан улам бир катар мыйзам жана келишимдер коомчулукта абдан көп сын пикирлерди жаратып жатканын айтты:

- Чындыгында эле көптөгөн келишимдердин, мыйзамдардын талкууланбай туруп өткөнү бир катар суроолорду жаратып жатат. Маселен, акыркы Орто-Токой суу сактагычын колдонуу, Ысык-Көлдөгү пансионаттар боюнча Өзбекстан менен келишимдер түшүнүксүз болуп калды. Балким аларга каршы чыгуунун деле кереги жоктур. Бирок өкмөт тактабай келген жерлерин талкуулап, коомчулуккка маалымат бериш керек эле.

Экинчи жагынан Маматалиев мындай талкууларды парламент бийликтин башка бутактарына караганда ачык-айкын иш алып барганы менен түшүндүрөт.

Ал эми "Ата Мекен" фракциясынын депутаты Каныбек Иманалиев парламенттин чабалдыгын өткөн жылы кабыл алынган Конституцияга киргизилген өзгөртүүлөрдөн көрөт. Депутаттын көз карашында, Баш мыйзам парламентаризмдин "канатын кайрыганы" аз келгенсип, ага баш ийбеген эл өкүлдөрү бийликтин басымына туш болууда.

Иманалиев: Азыркы парламенттин канаты кыркылган
please wait

No media source currently available

0:00 0:28:34 0:00

Чынында эле Башкы прокуратура бул чакырылыштын тогуз депутатына кылмыш иш козгогон. Анын ичинде оппозициядагы "Ата Мекен" фракциясынын лидерлери Өмүрбек Текебаев менен Алмамбет Шыкмаматов, депутат Аида Салянова жана "Кыргызстан" фракциясынын мурдагы лидери Канатбек Исаев бар. Учурда Текебаев жана Исаев камакта. Ал эми президенттик шайлоодо негизги талапкерлердин бири болгон “Республика – Ата Журт" фракциясынын лидери Өмүрбек Бабановго кылмыш иши козголуп, өлкөдөн чыгып кетти.

Саясий эксперт Чынара Эсенгул коомчулукта сын айтылышына депутаттардын өзүн күнөөлөйт. Серепчинин пикиринде, депутаттардын мажирөөлүгүнөн улам өкмөт жана президенттин командасы көпчүлүк учурда демилгени өзүнө алууга аргасыз болууда:

Чынара Эсенгул.
Чынара Эсенгул.

- Жалпысынан депутаттардын деңгээли төмөн болуп жатат. Мыйзамдарды окуп, талдагандар аз. Ал эми мыйзам болсо мамлекет менен жарандардын ортосундагы мамиленин укуктук базасын түзүп берет да. Ал сапатсыз болсо жалпы коомчулукка кедергесин тийгизет. Ошондуктан парламенттеги демилге, мыйзамдардын сапаты начар болуп жаткандыктан өкмөт же президент ишти кыймылдатыш үчүн аралашат.

Эл өкүлдөрүнүн арасында да парламенттин дарегине айтылган сын пикирлерге макул болбогондору арбын. КСДП фракциясынын депутаты Улан Примов Жогорку Кеңештин демократиялык тартипте иш алып барганы үчүн аларга карата доомат айткандар көп экенин белгилейт.

- Жогорку Кеңеш өз функциясын толугу менен аткарып жатат. Ал саясий интригаларга аралашпай, коомчулукка чуу жаратпай, тек гана мыйзамдын сапатына көңүл бурууда. Мунун баары ачык-айкын, коомчулуктун көз алдында өтүп жатат.

Кыргызстан 2010-жылдагы Баш мыйзамда парламенттик башкарууга өткөнүн жарыялаган. Бирок иш жүзүндө президенттин таасири күч болуп келатканын адистер белгилешет.

Алтынчы чакырылыштагы Жогорку Кеңеш 2015-жылы шайланган. Анын курамында Социал-демократтар, “Республика-Ата Журт”, “Өнүгүү”, “Бир бол”, “Кыргызстан" жана “Ата Мекен” фракциялары бар.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG