Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:25

Кыргыз коомунда аялдарга ишеним аз


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Статистикалык маалыматтарга караганда, соңку жылдары чечим чыгаруучу органдарда аялдар азайып, эркектерге артыкчылык берилүүдө.

Гендердик тең салмактуулук Жогорку Кеңеште да сакталбай жатат. "Депутаттардын үчтөн бири аялдар болушу керек" деген талапка карабастан, учурда парламенттин 120 мүчөсүнүн 19у гана аял-саясатчы. Башкача айтканда беш фракциянын үчөөндө аялдар жетишсиз болсо, “Кыргызстан”, "Бир бол" фракцияларында бир да аял жок. Жергиликтүү кеңештердеги депуттардын 10% гана аялдар түзөт. "Аялзат" берүүсүнүн бул жолку чыгарылышы ушул темага арналат.

"Айылдык кеңеште билимсиздер отурат"

Канайым Султанова - Ош облусунун Өзгөн районундагы Баш-Дөбө айылындагы мектептин директору. Айылдык кеңештин мурдагы депутаты жана төрайымы. Ал аялдардын саясатка аралышып, шайлоого катышуусунда тоскоолдуктар жетиштүү деп эсептейт. Анын пикиринде, биринчи кезекте жергиликтүү менталитеттен улам кыз-келиндер жетекчилик кызматтарга баруудан, эркектер менен атаандашып шайлоого катышуудан кетенчиктешет.

Экинчиден, коом колунан иш келген аялдарды сүрөп кетүүгө даяр эмес . Үчүнчүдөн, экономикалык себептер таасирин тийгизет деген ойдо. Ушинтип отуруп 2016-жылдагы Баш-Дөбө айылдык кеңешине болгон шайлоодо бир гана депутат аял өттү.

- Негизи айылдарда мектеп директорлору, оорукана жетекчилери депутаттыкка көп барышчу. Азыр "алар шайлоого барбасын" дегенден бери депутат аялдар азайып кетти. Баш-Дөбө айылдык кеңешинде мурда төрт аял бар болчубуз, азыр бирөө эле болуп калды. Депутаттардын ичинде деле окуган, билимдүү адамдар болгону жакшы экен. Азыр айылдык кеңеште мугалим, медиктер, анча-мынча сыртта иштеген адамдар болбосо, бүт эле окубаган адамдар.

Жергиликтүү, айылдык кеңештерде аялдардын аздыгы же такыр келбей калышы эмне берет? Активист айымдардын айтымында, андай болсо мектеп, бала бакча, ооруканадагы шартты жакшыртуу, эне менен баланын өлүмүн азайтуу, алардын саламаттыгына кам көрүү, үй-бүлө институтун бекемдөө, миграция, келечек муунга татыктуу тарбия берүү сыңары өзөктүү социалдык маселелер унутта калат. Алардын бири - биздин каарман Канайым Султанова:

- Негизинен эркектер үгүт жүргүзүп, көчөгө чыкса эле тууган-урук болгондо деле баары бир эркектерге ооп кетет экен. Эгер аял киши кеңештин арасында болсо, тартип дагы болот экен. Анан эркектер социалдык маселелерге көңүл бурушпайт. "Жолго шагыл, суу" эле дей беришет, башка менен иши жок. Баягы эле мектеп, бала бакча, жергиликтүү медицина, китепкананы өнүктүрсөк деген маселелерге такыр көңүл бөлүшпөйт. Бирок баары бир эркектерге караганда аялдарда акча болбойт экен.

Султанованын айтымында, Өзгөндө 19 айыл өкмөтү болсо, анын баарын эркектер башкарат. Ушундай эле көрүнүш Алай жана Чоң-Алай райондорунда бар. 450дөн ашуун айыл өкмөтүндө 15тей жетекчи аял бар. Республика боюнча бир дагы райондо аким аял жок.

Он жылда абал өзгөргөн жок

Социалдык технологиялар агенттигинин соңку иликтөөсүнө караганда, жергиликтүү кеңештерде депутат аялдар 10 пайызды түзөт. Бул өткөн шайлоого караганда аялдар 3 пайызга аз шайланды деген сөз. Агенттиктин өкүлү Бактыгүл Исламова азыр мажоритардык система болсо деле жергиликтүү кеңештерге дагы квота же гендердик баланс сакталсын деген жобону киргизүү боюнча сунуш киргизилип жатканын айтты.

- Биздин статистика боюнча жергиликтүү кеңештердеги депутат аялдардын саны азайган. Мисалы, 2008-жылы 19% болсо, 2010-жылы 17% түшкөн. Ал эми 2012-жылы 13% түшүп, 2016-жылдагы айылдык кеңештерди шайлоодо депутат болуп келген аялдардын жалпы саны 10% гана түзгөн.

Гендердик тен салмактуулук жагынан шаардык кеңештерде деле абал чеке жылытаарлык эмес. Ал жакка шайланган депутат аялдардын саны 21% түзөт. Бул 600гө жакын мандаттын 130га жетпегени кыз-келиндер дегенди билдирет. Ал эми Жогорку Кеңеште 120 депутаттын 16 пайызы аялдар.

Кыргызстанда 2005-жылы бир жыныстуу парламент шайлангандан кийин бир катар нааразылык акциялар уюштурулуп, бейөкмөт уюм өкүлдөрү 8-март аялдардын майрамында депутат мырзаларга гүлдесте тартуулашкан эле. Ушул өңдүү коомдук демилгелер менен 2007-жылы аялдардын парламентке шайлануусуна атайын квота киргизилген. Он жылдан бери аялдардын азыркы саясаттагы салмагы арттыбы?

Парламенттин мурдагы вице-спикери, "Республика - Ата-Журт" фракциясынын депутаты Алтынай Өмүрбекова аялдарга карата дискриминация дагы эле бар деп эсептейт:

Алтынай Өмүрбекова.
Алтынай Өмүрбекова.

- Албетте, дискриминация бар. Азыр соттор кеңеши тандалды. Анда дагы "30% аялдар болушу керек" деп так көрсөтүлгөн. Бирок эркек кишилерден талапкер чыгарып жатышат. Ошол эле Эсеп палатасында тогуз аудитордун үчөө аял киши болушу керек. Менин билишимче бирөө гана аял. Дискриминация бардык жерде бар. Ошол эле өкмөттө аялдар 30% түзүшү керек болчу. Жогорку Кеңешти айтпай эле коёюн. Мыйзам чыгаруучу орган болуп туруп биз өзүбүз мыйзамды бузуп жатканда сөз жок. Биз муну ушул бойдон калтырып койбой, дагы күчөтүшүбүз керек. Анткени аялдар абдан чоң күч. 90-жылдары экономиканы аялдар чыгарып кеткен десем жаңылышпайм. Муну унутпашыбыз керек. Анан мындай мамлекеттик башкарууга келгенде "аялдардын кандайдыр деңгээли жетпейт" деген мааниде квота бар үчүн гана коюп жаткандай сезилип жатат.

"Өнүгүү-Прогресс" фракциясында 13 мандат болсо, квота боюнча анын үчөө аял киши болушу керек болчу. Азыр фракцияда бир аял бар. Фракциянын мүчөсү, вице-спикер Мирлан Бакиров гендердик баланс боюнча буларга токтолду:

Мирлан Бакиров.
Мирлан Бакиров.

- Албетте, коомдо аялдардын өзгөчө орду бар. "Өнүгүү" фракциясында дагы аял киши иштеп жатат. Мыйзам боюнча тизмени түзүүдө квотаны кароо милдеттендирилген. Ал жерде аял же эркек деп жазылган эмес. "70% ашык бир жыныстагы адам болбошу керек" деген норма жазылган. Мисалы, сот тандоо кеңешине биздин фракция Гүлжан Кошокованы сунуш кылдык. Конституциянын акыркы редакциясы боюнча акимдерди дайындоо, алуу милдети өкмөт башчынын милдети болуп калды. Ошондуктан муну өкмөттүн алдындагы аппарат башчы ойлонушу керек. Эмне үчүн аялдар аз? Биринчиден, табият болушу мүмкүн, менталитет, анан мүмкүнчүлүк. Каражат жагынан жана башка маселелер жагынан тең тайлашып шайлоого катыша албагандыгы таасирин тийгизет.

Эски көз караш бут тосуп жатат

Анткен менен Кыргызстанда жетекчи аялдардын катарында башкы прокурорду (Индира Жолдубава), Жогорку соттун төрайымын (Айнаш Токбаева), Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымын (Нуржан Шайлдабекова) атап келишет. Жакында Мамлекеттик сатып алуу департаментине Алина Шаикова келди.

Чечим чыгаруучу жана таасир берүүчү саясий орундарга аялдардын аз дайындалып жатканын айтып келген Жогорку Кеңештин депутаты Аида Касымалиева булар формалду көрүнүштөр экенин белгилеп жатат. Ал коомдо айымдарга ишеним аз экенин жана "аял кишинин колунан көп нерсе келбейт" дегендей калыптанып калган эски көз караштар дале бар экенин белгилөөдө:

Аида Касымалиева.
Аида Касымалиева.

- "Бизде башкы прокурор аял, соттордо аялдар бар" дешет. Бирок Кыргызстанда бул бир аз формалдуу. Аймактарды кыдырганда аял акимдер абдан аз, жокко эсе. Эң башкысы айыл өкмөт, айыл аймактарынын башчысы да аял кишилер болбой жатат. Ал жерде мажоритардык система. Айылдык кеңешке көбүнчө бай, бизнесмен, анан эркек кишилер келип жатат. Депутат болуп мен дагы өз башымдан өткөрдүм. Азыр деле мамлекеттин эсебинен бир иш жасалса, жол курулуп, мектеп салынып, жолугушууларда ошол иштер жасалып жатканын айтып берсең "кыз болсо деле ушул жумушту жасап жатышат" деген пикир калыптанган. Демек, айымдарга ишеним аз. "Булардын колунан эмне келет эле?" дегендей көз караштар бар. Эң негизги чеим чыгаруучу түзүм дегенде айыл өкмөттөрдү карап коюшубуз керек. Мурда акимдердин орун басары сөзсүз айым болчу, аким болбосо да жок деген орун басары. Алар социалдык маселелер, жөлөкпул деген сыктуу маселелер менен алектенчү. Азыр алар да азайды. Анан бюджетте да так карабайбыз. "Гендердик бюджет" деп коёт. Бардык жердин бюджетин караганда гендердик санды эмес, жалпы эле карап коёбуз.

БУУнун сунушу менен Кыргызстандын мыйзамдарына "башкаруу органдарында гендердик тең салмактуулук сакталып, жалаң бир жыныстуу эмес, 30 пайыз аялдар же эркектер иштеши керек" деген норма кирген. Бирок бул талап дээрлик бардык органдарда аткарылбайт.

12 министрликтин экөөнү аял киши башкарат. Мамлекеттик агенттик, кызмат, фонддордун бирөөндө да аял жетекчи жок. Өкмөттүн жети облусун жалаң мырзалар башкарат. Борбордук шайлоо комиссиясынын 12 мүчөсүнүн бешөө айым болсо, 31 мэрлик кызматтын бардыгында мырзалар. Ушундай эле абал өлкөдөгү жогорку окуу жайларында да бар. 50дөн ашуун ЖОЖ болсо, үчөөнү гана аял киши жетектейт экен.

Бирок "кыз-келиндердин саясаттагы таасири табигый түрдө бекемделиши керек" деген пикирди кармангандар дагы жок эмес. Себеби, аялдар бийликке табигый күрөш аркылуу келбестен, атайын квотанын жардамы менен гана келип жаткандыктан, көп учурда алар саясий куралга айланып бара жатканын айрым талдоочулар белгилешет. Ошол эле маалда соңку кезде парламенттеги аялдардын санынан сапатына өтүш керек деген пикирлер да жок эмес.

Аял бар жер өнүгөт

Кризистик борборлор ассоциациясынын жетекчиси Толкун Тилекова лидер-аялдардын азайышын тарбия менен да байланыштырып жатат. Анын айтымында, кыздарды кичине кезинен балдардан кем кылбай лидерликке тарбиялоо зарыл.

Эгер биз аларды "сенин ордуң - бала төрөп, үйдө отурушуң керек, сенин ордуң үйдө" десек, анан кантип парламентке барышат?

- Биз кыздарды кантип таярбиялайбыз? Эгер биз аларды "сен бала төрөп, үйдө отурушуң керек, сенин ордуң үйдө" десек, анан кантип парламентке барышат? Анан кыздардын лидердик сапатын күчөтүш керек. Үйдө андай тарбия болобу-болбойбу, ошого да байланыштуу. Мындан сырткары, дайыма "саясат балит иш", "саясат кыздарга ылайык эмес" деп айтышат. Шайлоо өнөктүгүндө аялдардын акчасы барбы, жокпу? Көбүнесе акчалуу бизнесмендер келип атат. Ошондуктан муну комплекстүү караш керек.

Ал эми Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин гендердик маселелер боюнча бөлүм башчысы Роза Бекматованын маалыматына караганда, Кыргызстанда аялдардын экономикалык жигердүүлүгү да эркектердикинен артта турат.

Дүйнөлүк экономикалык форум гендердик теңчилик боюнча 2013-жылдагы акыбалды иликтеп, Исландияны алдыңкы өлкөлөрдүн катарына кошкон. Бул өлкөдө аялдар билим алуу, саламаттык сактоо, саясат жана экономика тармактарында эркектер менен дээрлик бирдей укукка ээ. Андан кийин Финляндия, Норвегия жана Швеция тең укуктуулук өкүм сүргөн өлкөлөрдүн катарын толуктаган. Кыргызстан бул рейтингде 63-орунду, коңшу Казакстан 32, Тажикстан 90, Орусия 61-орунду ээлеген.

Быйыл жазында Жогорку Кеңеш парламенттеги фракциялар эгер депутат аял башка кызматка кетсе, бошогон орунга кийинки тизмедегилердин арасынан аял-талапкерди алып келүүгө милдеттендирген мыйзам долбоорун кабыл алды. Бул мыйзам 2020-жылдан баштап иштей баштайт.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG