Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:00

Аялдардын саясаттагы ролун күчөтүү маселеси талкууланууда


Парламенттин мурдагы мүчөсү Дамира Ниязалиева.
Парламенттин мурдагы мүчөсү Дамира Ниязалиева.

Парламенттин жана жергиликтүү кеңештердин депутат аялдары саясаттагы айымдардын ролун жогорулатуу жаатында Ысык-Көл облусунда форумга чогулушту. Аны БУУнун гендердик тематикалык тобу жана Улуттук демократиялык институту уюштурду. Демилгечилердин бири, Жогорку Кеңештин “Кыргызстан” фракциясынын депутаты Таалайгүл Исакунова билдиргендей, алар парламенттеги жана жергиликтүү башкаруудагы аялдардын активдүүлүгүн жогорулатуунун жол-жоболорун изилдеп жатышат.

Жакында башкаруу системасындагы гендердик теңчилик маселеси боюнча оңдоп-түзөтүүлөр киргизилген мыйзам долбоору коомдук талкууга чыккан. Анда мандатын тапшырган аял депутаттын ордуна сөзсүз түрдө тизмедеги зайыптардын бири келиши керектиги жазылган.

1995-жылдагы парламентте 105 депутаттын ичинен бешөө гана аял болгон. 2000-жылдагы 105 депутаттын жетиси аял болсо, 2005-жылдагы парламентке бир да аялзаты келген эмес. 2007-жылы 90 депутаттын 23ү аялдар болуп, 2010-жылдагы шайлоодон кийин алардын саны 28ге жеткен. 2015-жылкы шайлоодо аял депутаттардын саны 17ге түшкөн. Андан бери бир катар аял депутаттар мандатын тапшырып, ордуна эркектер келди. (SE)

XS
SM
MD
LG