Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:16

Депутаттар: парламентте аял депутаттар азайып баратат


Жогорку Кеңеш депутаттары
Жогорку Кеңеш депутаттары

Ысык-Көлдө өтүп жаткан депутат айымдардын форумунда эл өкүлү Таалайгүл Исакунова алтынчы чакырылыштагы аял депутаттардын саны туурасында маалымат берип, соңку шайлоодо алардын саны кайра төмөндөөгө бет алганын белгиледи. Мындан улам форумдун катышуучулары мандатын тапшырган аял депутаттын ордуна сөзсүз түрдө тизмедеги аял киши келиши шарт деген сунуш менен чыгууда.

1995-жылдагы парламентте 105 депутаттын ичинен бешөө гана аял болгон. 2000-жылдагы 105 депутаттын жетиси аял болсо, 2005-жылдагы парламентке бир да аялзаты келген эмес.

2007-жылы 90 депутаттын 23ү аялдар болуп, 2010-жылдагы шайлоодон кийин алардын саны 28ге жеткен.

Бирок мындай жылыш соңку, 2015-жылкы шайлоодо артка кетип, азыр парламентте аял-депутаттардын саны 17ге түшкөн.

Парламенттеги депутат айымдардын Ысык-Көлдө өтүп жаткан гендердик жайкы мектебинде аялдардын саясаттагы, жалпы эле коомдогу орду талкууланууда.

Семинар БУУнун гендердик тематикалык тобу жана Улуттук демократиялык институт тарабынан уюштурулган. (AzK)

XS
SM
MD
LG