Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:47

Жөлөкпул мыйзамы: үмүткө суу сепкен сунуш


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргыз өкмөтү 2018-жылдын 1-январында күчүнө кирчү “Мамлекеттик жөлөкпулдар жөнүндө” мыйзамдын мөөнөтүн үч айга артка жылдырууну Жогорку Кеңешке сунуш кылды.

Бул сунуш колдоо тапса, жөлөкпулду жаңы мыйзамдын негизинде төлөө кечеңдейт. Ал эми сүйүнчү пул төлөнө берет. Демилгечи депутаттар өкмөттүн кадамын сынга алып жатышат. Коомчулукта "бул мыйзам бюджеттин абалына карабай, шайлоо алдында упай топтоо максатында кабыл алынган" деген пикирлер айтылууда.

"Мамлекеттик жөлөкпулдар жөнүндө" мыйзамга быйыл июлда ошол кездеги президент Алмазбек Атамбаев кол койгон. Документ 2018-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирмек. Анда жаңы төрөлгөн бардык ымыркайларга 4 миң сомдон сүйүнчү, үч жашка чейинки балдарга ай сайын 700 сомдон берүү каралган. Ошондой эле үчтөн көп балалуу үй-бүлөлөргө алар 16 жашка толгонго чейин айына 500 сомдон жөлөкпул чегерүү камтылган.

Өкмөт 19-декабрда мыйзамды ишке киргизүү мөөнөтүн үч ай артка жылдыра турууну сунуш кылып, тиешелүү документти парламенттин кароосуна киргизди. Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлиги менен кошо мыйзамды иштеп чыккан демилгечилердин бири, Жогорку Кеңештеги КСДП фракциясынан депутат Аида Касымалиева буга нааразы болду: ​

Аида Касымалиева
Аида Касымалиева

- Азыркы иштеп жаткан мыйзам өтө коррупциялашкан. Аны менен биз туңгуюкка кептелип калганбыз. Өлкөнүн социалдык тармагы кризиске кептелип калгандыктан, андан чыгуунун жолун сунуш кылганбыз. Өкмөт аны артка кайтаруу боюнча жүйөлүү себеп айткан жок. Өзүбүз да эсептеп чыктык. Мисалы, үч жаштан өткөн эки баласы бар жакыр үй-бүлөлөрдү алсак, андай балдардын саны 30 миң экен. "Эгер аларды бара-бара жөлөкпул алчулардын тизмесине кошсок, 288 миллион сом кетет" деп атышат. Бирок биздин эсеп боюнча мындан да азыраак акча кетет, бюджетке оор болбойт. Андан тышкары азыркы мыйзам менен мурдагыдай жөлөкпул чегериле берет. Бул мыйзам күчүнө кирип, январдан тартып эле акча берилбей калат деген сөз эмес. Мисалы, 2017-жылдын сентябрында жөлөкпул чегерилгендер кийинки жылдын сентябрына чейин мурдагы эле система менен ала беришет. Биз атайын бул мыйзам жеңил иштеп кетиши үчүн ушул нерселерди эске алганбыз. Жаңы системанын ишке кириши үчүн убакыт керек. Мыйзам иштей электе эле артка жылдырууну сунуш кылып жаткандарына таң калып атам. Мүчүлүштүктөр иштегенден кийин көрүнөт да, ар бир мыйзамда кемчиликтер болот.

Буга чейин Нарын шаарында "Мамлекеттик жөлөкпулдар жөнүндө" мыйзамды четке кагуу талабы менен бир нече жолу нааразылык акциясы өтүп, анын катышуучулары ачкачылык кармай турганын билдиришкен. Калаа тургуну Кенжегүл Усупбаева документте жөлөкпул берүү тартиби туура эмес деген пикирди кармангандардын бири:

- Менин эки балам бар. Аларга 2300 сом жөлөкпул алчумун. Эми жаңы мыйзам иштеп баштаса, эки балалуулар акча албайт экен. Бул туура эмес. Балдарды кантип багабыз? Өзүбүз батирде жашайбыз. Жолдошум экөөбүз тең иштебейбиз.

Депутат Аида Касымалиева болсо мыйзамда эки балалуу жакыр үй-бүлөлөрдү да жөлөкпул алчулардын тизмесине кошуу маселеси каралганын айтты:

Биз мындайларды эсептеп жатпайбызбы. Ошолорду эске алып, "жаңы мыйзам иштей берсин" десек, ага макул болбой жатышат.

- Нарында нааразы болуп чыккандардын талабына мен деле кошулам. Эки балалуулар чын эле жакыр болсо, аларды тизмеге кошконубуз туура. Бирок биз мындайларды эсептеп жатпайбызбы. Ошолорду эске алып, "жаңы мыйзам иштей берсин" десек, ага макул болбой жатышат. "Жаңы мыйзам токтоп турсун, биз ага чейин дагы ойлонолу" деп жатышат. Бул - артка кайтуу, жаңы мыйзамга бут тосуу дегенди каңкуулайт.

Ошол эле кезде демилгечи депутаттар бийликтин сунушуна Нарындагы акция менен катар эле бюджеттеги тартыштык да себеп болгонун белгилешүүдө.

Коомдо президенттик шайлоонун алдында "Мамлекеттик жөлөкпулдар жөнүндө" мыйзамга сунуш кылынган өзгөртүүлөрдүн кабыл алынышын "саясий упай топтоо максатындагы популисттик аракет" деп сындагандар да чыгат. Мындай көз караштагы экономика илимдеринин доктору Айылчы Сарыбаев бюджеттин азыркы абалынан улам социалдык төлөмдөрдү көбөйтүүгө мүмкүн эмес деген ойдо:

Айылчы Сарыбаев.
Айылчы Сарыбаев.

- Биринчиден, бул биздин бюджеттин начардыгынын, реалдуу секторунун жоктугунун белгиси. Орусияга ыктаганыбыз үчүн эл аралык донорлор бизге жардам бербейт, берсе да аз берет деген сөз. Cоциалдык тармакка колдоо көрсөтпөсө, гранттарды, насыяларды бербесе, албетте, Кыргызстанга кыйын болот. Бирок биз эбак ушул кадамга барышыбыз керек болчу. "Пенсия, жөлөкпул көбөйөт" деген популизм аркылуу эмес, ишкерлерди колдоо боюнча азыркы саясатты илгертен жүргүзүшү керек эле. Мындан ары бюджетти алыбызга жараша түзүп, кереги жок министрликтерди, түзүмдөрдү жоюп, пайдасыз кызматкерлерди азайтуу менен бюджеттин тең салмагына жетишсек, пенсия, жөлөкпулдарды көбөйтүүгө шарт түзүлөт.

Жогорку Кеңеш сөз болуп жаткан мыйзамдын ишке киришин артка жылдыруу боюнча сунушту 21-декабрда талкуулайт. Ушул айдын башында өкмөт мамлекеттик казынада "каражат жок" деп майыптардын укугу жөнүндө БУУнун конвенциясын да ратификациялоого даяр эмес экенин ачык жарыялаган.

Жөлөк пул мыйзамына каршы акция. Нарын
Нарын: жөлөкпул мыйзамына каршы ачкачылык
please wait

No media source currently available

0:00 0:00:45 0:00

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.​

XS
SM
MD
LG