Линктер

жекшемби, 19-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 15:00

Кыргызстандын парламенти жарык дүйнөгө келген ар бир наристе үчүн ата-энесине сүйүнчү пул берүү жөнүндө мыйзам добуш берүүгө жөнөтүлдү.

Мындай убаданы элге 2015-жылы парламенттик шайлоого катышкан бардык саясий партиялар берип, жеңишке жетсе эле ишке ашырабыз деп ишендиришкен эле.

Эми сүйүнчү берүүгө негиз берген мыйзамды аткаруу мүмкүнбү? Мыйзамды ишке ашырууга мамлекеттин казынасы түтөбү? Жаңы жоболор чыныгы муктаждарды социалдык колдоо принцибин бузбайбы?

"Азаттыктын" "Арай көз чарай" талкуусуна Жогорку Кеңештеги КСДП фракциясынын депутаты, долбоордун авторлорунун бири Аида Касымалиева, эмгек жана социалдык өнүгүү министринин орун басары Лунара Мамытова катышты.

“Азаттык”: Аида айым, "Мамлекеттик жөлөк пул жөнүндө" мыйзам долбоорун даярдап, анда бала төрөлгөндө сүйүнчү берилсин, андан кийин үч жашка чыкканга чейин ай сайын жөлөк пул берилсин деп жатасыздар. Албетте бул мыйзам кабыл алынса миңдеген жаш үй-бүлөлөргө жакшы колдоо болмок, бирок ишке ашпай турган популисттик аракет эмеспи? Мурдагы мыйзамдын кандай жоболору азыркы суроо-талапка жооп бербей калды?

Аида Касымалиева: Кандай өзгөрүүлөр кирип жатканын тактап алалычы. Биринчиден, жаңы бала төрөлгөндө бардык балдарга 4 миң сом сүйүнчү пул берилет деп киргизилди. Экинчиси - үч жашка чейин балдар ай сайын 700 сом алсын деп жатабыз. Андан кийин үч баладан көп баласы бар үй-бүлөдөгү балдарга 16 жашка чейин айына 500 сомдон жөлөк пул берилсин деп чегерилип жатат. Албетте бул болжолдуу сандар.

Мурдагы мыйзамдын башкы принциби даректүүлүктү жогорулатуу болчу. Ал ар бир жакыр үй-бүлөлөр жөлөк пул алсын деген принцип болчу. Тилекке каршы, андай болбой калды, даректүүлүк жоголуп баратат. Мына азыр жер-жерлерге барып сүйлөшүп жатабыз, бардык жерде маалымкат топтоо өзүнчө эле бир чоң көйгөйгө айланып кетти. Мисалы, 500 сом жөлөк пул алуу үчүн тиешелүү мекемеде иштегендердин колуна 700 сом берүү керек.

Андан тышкары колу жука, чыныгы муктаж адамдар албай эле, көбүнчө айыл өкмөтү, же Социалдык өнүктүрүү министрлигинин жер-жерлердеги кызматкерлери менен сүйлөшүп алган адамдар алып жатышат.

Ошон үчүн жаңы мыйзамдан киреше жөнүндө маалымат берүү деген талапты алып салдык. Эми эч кандай документтерди топтобой, төрөлгөн баланын күбөлүгүн же болбосо ата-энесинин паспорту менен эле ала алат. Бул эми ички мигранттарга чоң жардам берет деп ойлоп жатабыз. Себеби мигранттын көбүнүн колунда жок же болбосо кыйын турмушта жашайт. Борборго келип эч кандай документтерди топтой албайт. Аларга Бишкектен деле, башка жерден деле турган жеринен барып алууга мүмкүнчүлүк түзүп жатабыз. Ошон үчүн бул мыйзам популисттик эмес, адилеттүү, бардык үй-бүлөлөрдү камтыйт. Анткенибиз балдарды бай же кедей деп бөлүп айтууга укугубуз жок, ар бир төрөлгөн бала тең укуктуу.

Бул мыйзамдын башкы максаты - үч жашка чейин баланы колдоо, үч жаштан кийин энени колдоо. Энени колдоонун зарылдыгын көп изилдөөлөр, акыйкатчынын отчеттору далилдеп жатат. Эгер биз бала үч жашка чыкканга чейин камкордук көрбөсөк, кийин анын социалдык кесепеттери аябай оор болот.

Аида Касымалиева.
Аида Касымалиева.

“Азаттык”: Лунара айым, кийинки беш жылдагы демографиялык көрсөткүчтү карап көрө турган болсок, жылына 150 миңден 160 миңге чейин бала төрөлөт экен. Эгер бул мыйзам кабыл алына турган болсо аны аткарууга мамлекеттин казынасы түтөбү? Алдын ала эсептөөлөр боюнча жылына 1 миллиард 800 миллион сом кошумча зарыл болот экен, ал табылабы?

Лунара Мамытова: Бүгүнкү күндө бардык жөлөк пул алуучуларга "Мамлекеттик жөлөк пул жөнүндө" мыйзамдын негизинде, алардын кирешесинин негизинде чектеп келебиз. Мамлекеттик жөлөк пулдар аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө жана майып адамдарга берилет. Ушундай эки түргө бөлүнөт.

Ал эми жаңы мыйзам менен аз камсыздалган үй-бүлөлөргө берилчү жөлөк пулдар боюнча өзгөртүү киргизилип жатат, социалдык жөлөк пулдар ошол бойдон калып жатат.

Улуттук статистика комитетинин Кыргызстанда элдин 70% көмүскө экономикада иштейт деген маалыматы бар. Алар өздөрүнүн иштеген кирешелерин жашырып келишет, анан кирешени тактайлы десек эч кандай мүмкүнчүлүк болбойт. Анын натыйжасында жөлөк пул алууга аз камсыз болгон үй-бүлөлөр эмес, колунда барлар, жарды эмес үй-бүлөлөр кирип калган. Бул система эскерди. Себеби, 1998-жылдан бери киреше бөлүгүн карайбыз, даректүүлүктү күчөтөбүз деп жатып биз тескерисинче коррупциялык тобокелдиктердин баарын алып келип алдык.

Мына мен кечээ Оштон келдим. Ноокат районуна барып келдим. Ошол жерде жөлөк пул алалбай жүргөн аялдар өзүнчө сүйлөшүп атышат. Менин министрдин орун басары экенимди билишкен жок. Алардын бири: “Документтердин баарын тапшырдым, анан чай-чакасына дегенинен дагы колуна 500 сом карматтым дейт. Бирок дагы эле чегербей жатат, эми ал алмашып кетиптир, башкасы келиптир, ага да бериш керек” дейт. Мына, көрдүңүздөрбү, бир балага 810 сом жөлөк пул алуу үчүн 500 сом чай-чакасына деп берип атышат. Бул ушунчалык коррупциялашып кеткен, өзүн-өзү актабаган система.

Ал эми Финансы министрлиги орточо эсеп менен 1,8 млрд сомду беребиз деп макулдугун беришти. Эгерде 2018-жылы 1-январынан баштап жөлөк пулду ишке ашырып калсак, анда албетте балдардын социалдык абалын жакшыртабыз. Экинчиден, балдардын көп төрөлүшүнө себеп, кандайдыр бир мотивация болуп калышы мүмкүн. Биз буга даярдык менен келатабыз.

Лунара Мамытова.
Лунара Мамытова.

“Азаттык”: Аида айым, долбоорго жөлөк пул үй-бүлөлөрдүн социалдык абалына карабастан бирдей көлөмдө берилсин деп жазып жатасыздар. Бул анык социалдык теңсиздикти жаратпайбы, себеби айына миңдеген киреше тапкан көп балалуу үй-бүлөлөр менен жөлөк пулдан башка кирешеси жок үй-бүлөлөр теңештирилип калып жатат. Керек болсо жөлөк пул алуу үчүн маалымат кагаздарын чогултканга мүмкүнчүлүгү жетпеген аз камсыз болгон үй-бүлөлөр көп экендигин шайлоо убагында көрдүңүздөр да.

Аида Касымалиева: Азыркы мыйзам социалдык теңсиздикти аябай тереңдетип жиберген, коомдо ажырым чоңоюп кеткен. Айылда өзүнчө эле ал жөлөк пул алат, мен жөлөк пул албайм, ал бай-кедей деген бөлүнүү күч алган. Азыркы мыйзам боюнча ким бай болгонун түшүндүрүп кетейинчи. Мисалы, жалгыз аял жолдошу жок, өзү жалгыз төрт балалуу, айлыгы 5 миң дейли, анан апасынын пенсиясы 4 миң сом. Бул үй-бүлө жөлөк пул ала албайт, азыркы мыйзам менен алар бай деп эсептелинип калат. Жаңы мыйзам ишке кирсе ошондой теңсиздик жоюлат.

“Азаттык”: Лунара айым, Кыргызстанда үч балалуу үй-бүлөлөрдүн саны канча? Мыйзам долбооруна киргизилип жаткан үч балалуу үй-бүлөлөргө акыркы баласы 16 жашка чыкканга чейин жөлөк пул төлөнсүн деген жобонун ишке ашышы мүмкүнбү?

Лунара Мамытова: Азыр Кыргызстанда үч жаштан 16 жашка чейинки балдардын саны 260 миңден ашуун. Жалпы жонунан 2 миллиондон ашык бала бар. Анын ичинен бул мыйзам ишке ашса 660 миң бала жөлөк пул ала алат.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Бүбүкан Досалиева

    "Азаттыктын" кызматкери, журналист. Маданиятка эмгек сиңирген ишмер, саясий илимдердин кандидаты. Кыргыз Мамлекеттик университетинин журналистика жана юридика бөлүмдөрүн бүтүргөн. 

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG