Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 17:27

Ар бир балага сүйүнчүпул берилеби?


Кыргызстанда ар бир балага сүйүнчү жана жөлөкпул төлөө демилгеси көтөрүлүүдө.

Шаардагы төрөтканалардын биринде жаңы эле көз жарган Жазгүл ымыркайы экөө өкмөттөн көрүндүк алган эмес. Бирок наристенин аман-эсен төрөлгөнүнө жетине албай кубанган туугандары кайра дарыгерлерге сүйүнчү таратышкан.

Жазгүл төрөтү бекер болгону менен баланын кем каржына билинбей көп эле акча кетип жатканын айтат:

- Эки ай мурда көз жаргам. Төртүнчү төрөтканада төрөгөм. Балага албетте чыгым көп, ай сайын памперс, майда-чүйдөсүнө эле бир топ акча жумшалат. Акысыз эле төрөдүм. Бирок мени төрөткөн дарыгер, караган врачка, санитарга, дагы башкасынын сүйүнчүсүнө берип жатып кыскасы үч миңден ашты чыгым. Эми эгер бул демилге ишке ашып энелерге акча берилсе, жок дегенде башындагы кем каржысына жумшалмак.

Бул күндөрү парламентте депутаттар жаңы төрөлгөн ар бир ымыркайга мамлекеттин эсебинен бир жолку 4000 сомдук сүйүнчү төлөп берүү демилгесин көтөрүп жатышат. Мындан тышкары баланы үч жашка чейин жөлөкпул менен камсыздап, аны чегерүүдө ата-эненин кирешеси эсепке алынбасын деген да талаптар айтылууда.

“Мамлекеттик жөлөкпулдар жөнүндө” мыйзамга сунушталып жактан мындай өзгөртүүлөр 12-июнда профилдик комитетте талкууланып, үчүнчү окууда жактырылды. Жогорку Кеңештин депутаты, КСДП фракциясынын мүчөсү Аида Касымалиева демилгенин маанисине токтолду:

- Эң биринчи өзгөчөлүк - коррупциялык тобокелчиликтерди жоет. Адамдын кирешесине карабай эле баары текши жөлөкпул ала алат. Экинчиден, ар бир төрөлгөн балага 4 миң сомдон сүйүнчүпул берүү, ай сайын ар бир балага үч жашка чейин 700 сом берүү демилгеленип жатат. Үй-бүлөдө үч баладан көп болсо ошолор 16 жашка чейин 500 сом ала алат.

Аида Касымалиева.
Аида Касымалиева.

Эл өкүлүнүн маалыматында мыйзам кабыл алынып калса, жөлөкпул үчүн бюджеттен кошумча 1,8 млрд. сом керек болот.

Бүгүнкү күндө Кыргызстанда аз камсыз үй-бүлөдөгү балдардын жөлөк пулуна мамлекет 6 млрд сом бөлүп келет. Бул каражат 90 миңге жакын үй-бүлөдөгү 279 миң балага чегерилип, ар бир балага айына 800 сом каралган.

Эгер сунушталып жаткан мыйзам долбоору кабыл алынып калса, үй-бүлөнүн кирешеси эсепке алынбай туруп, 660 миң бала каржылык колдоого алынат. Социалдык өнүктүрүү министринин орун басары Лунара Мамытова министрлик депутаттардын демилгесин колдоп жаткандыгын билдирди:

- Өкмөттүн корутундусунда жол жобосу жазылыптыр. Анда Каржы министрлигинин да мыйзамды ишке ашырууга болот деген пикири бар экен. Министрлик да карап чыгып демилгени колдоду. Бул жерде үч жашка чейин жөлөкпул өзүнчө, мындан сырткары, үчүнчү баладан баштап он алты жашка чейин дагы ай сайын жөлөкпул төлөнөт. Статистикалык маалыматтарга таянсак дал ушул муктаж үй-бүлөрдө балдардын саны үчтөн ашат экен.

Лунара Мамытова.
Лунара Мамытова.

Бул жаңылык коомчулукта кызыгууну жаратканы менен анын ишке ашуусуна көпчүлүктүн көзү жетпей жаткандай.

Айрым адистер мындай социалдык демилгелер адатта шайлоону утурлай активдүү көтөрүлөрүн белгилеп, жараяндар бүткөн соң кагаз бетинде жазылган кооз сөз бойдон кала берерин ырасташат.

Ишкер айым Айнура Сейитказиева жогорудагы демилгелерди кезектеги эле популисттик чаралардын эле бири катары кабылдап жатат:

- Бул ишке ашчу нерсе эмес, чийки демилгелердин бири. Макул, үч жашка чейин балага 500 сомдон берсин, андан ары карабай коебу? Менимче, казынада анчалык акча деле жок. Эгер бөлүнө турган болсо аны масштабдуу иш-аракеттерге жумшаш керек. Ошол эле социалдык объекттер, бала бакчаларды куруу абзел.

Аталган мыйзам долбоору жакынкы күндөрү парламенттин жалпы жыйынына чыгарылганы жатат. Эгер колдоо таап кетсе, президенттин кароосуна жөнөтүлөт. Буга чейин парламенттик шайлоого аттанган айрым партиялар да ар бир жаңы төрөлгөн ымыркайга 50 миң сом сүйүнчү берилээрин убада кылып жибергендери да бар. Бирок демилгеге казынада акча жок деген өкмөттүн жообу менен чекит коюлуп, ошол бойдон унутулган.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Айгерим Акылбекова

    "Азаттык" радиосунун кабарчысы. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасын алып барган. "Данисте", "Эже-сиңдилер" телепрограммаларынын алып баруучусу.  Кусейин Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетинин журналистика факультетин аяктаган. 

XS
SM
MD
LG