Линктер

бейшемби, 14-декабрь, 2017 Бишкек убактысы 08:41

Кыргызстан үй-бүлөнү пландаштыруу боюнча маселелерди мындан ары өзү чечиши керек. БУУнун Калкты жайгаштыруу фонду Кыргызстанга бойго болтурбоочу каражаттарды бекер берүүнү токтотту.

Улуттар Уюмунун Калкты жайгаштыруу фонду Кыргызстанга бойго болтурбоочу каражаттарды бекер берүүнү 2015-жылы эле токтоткон жана ага чейин алынып келген дары-дармектер дээрлик түгөндү. Өкмөт болсо каржылоо маселесин дале чече элек.

Адистер бекер контрацептивдик каражаттар менен камсыздоо токтосо эң ириде аялуу, колунда жок үй-бүлөргө чоң кесепети тиерин, бойдон алдыруу, эне-бала өлүмү көбөйүшү мүмкүндүгүн эскертип жатат.

Төрт баланын энеси, 36 жаштагы Марал бойго болтурбоочу каражаттарды бекер алып колдонуп жүргөн Кыргызстандагы миңдеген келиндердин бири. Ал мындай дарыларды соңку жети жылдан бери такай пайдаланат. Марал бекер дары берүү токтой турганын уккандан бери сарсанаа болуп жүрөт:

- Мен бейтапканага атайын барып аялдарды караган медайымдан "эми бекер дары келбей калса эмне кылабыз?" десем, "эми спираль менен сактанасыңар да" деди. Ден соолугуна спираль жакпагандар эмне кыларын сурасам "катар-катар төрөй бергиле, мен эмне кылайын?" деп койду. Негизи айылда келиндердин көбү эле дары менен сактанып жүрөт. Эми дары келбей калса кантип сактанарыбызды билбейм. Мен азыр акыркы дарыларды ичип жатам, ушул айга эле жетет. Ай аяктарына аз калган сайын чый-пыйым чыгып жатат.

Декреттик өргүү алган прокурор аталар

Прокурорлор бала багуу үчүн эмес, жумуш ордун сактап калуу максатында ушундай ыкманы эң мыкты өздөштүрүп алганын билген адистер айтышат.

Марал өңдүү сарсанаа болгон келиндерди өлкөнүн бардык аймагынан табууга болот. Мисалы, Ысык-Көлдө төрөт курагындагы 100 миңден ашык келиндин 39 пайызына бекер дары-дармек берилип келген.

Бул аймактагы Адам ресурстарынын репродукциясы жана үй-бүлөнү пландаштыруу борборунун жетекчиси Салтанат Акунованын айтымында, бойго бүтүүдөн дары менен сактануу бир жолго салынып калган:

- Бизде бойго бүтүрбөй турган дары-дармектин бардык түрү азырынча бар, бирок түгөнүп баратат. Кээ бирлеринин колдонуу мөөнөтү 2018-жылга чейин. Үй-бүлөнү пландаштырууда, ар бир төрөттүн аралыгын үч жылдан кем эмес кылып, ырааттуу кылууда, аялдардын кийинки төрөткө даярданышына шарт түзүүгө ушундай каражаттарды сөзсүз колдонушубуз керек. Тобокел тобундагы, саламаттыгы начар аялдарды да ушул каражаттар менен сактап, төрөтүн ирээтке келтиребиз. Мурун негизинен спираль менен сактанышчу эмес беле. Азыр көбү дары колдонгонго өткөн. Баары билет, убагында келет, каттоодо турат. Бойго бүтүүдөн сактоочу каражаттар менен камсыз кылуу бизде төрөткө жарамдуу аялдардын 39 пайызын түзөт. Бул өлчөм боюнча дагы туура. Негизинен аз камсыз болгондорго, колунда жокторго берилет. Аларды үй-бүлөлүк дарыгерлер каттоого алып, тизмеси бизге берилет. Биз жер-жерлерди кыдырып, аларды текшерип, көзөмөлгө алып турабыз.

Улуттар Уюмунун Калкты жайгаштыруу фонду 2000-жылдан бери Кыргызстанда бекер дары-дармек менен камсыздап келген. Уюмдун Кыргызстандагы аткаруучу директору Медер Өмүрзаковдун маалыматы боюнча соңку беш жылда баасы үч миллион долларга жакын дары-дармек келген. Анын айтымында, 2015-жылы каржылоо токтоору, мамлекет мындан ары жоопкерчиликти өзүнө алары кыргыз өкмөтүнө бир канча жолу айтылган:

- Кыргызстан дайыма эле эл аралык уюмдарга ишенип отура бербей, өзү дагы каражат бөлүп, дары-дармектерди сатып бериши керек. Биз мурдатан бери эле Саламаттык сактоо министрлиги менен сүйлөшүп, 2015-жылдан тартып каржылоону токтотобуз деп буга чейин көп жолу айтканбыз. Биз каржылоону 2015-жылы токтоттук жана акыркы жолу ушул жылы ташып келдик. Биз бул маселени көп жылдан бери эле талкуулап келе жатабыз.

Иллюстрация
Иллюстрация

Кыргызстандагы үй-бүлөнү пландаштыруу альянсынын жетекчиси Бактыгүл Бозгөрпөева өкмөт бул жаатта эмдигиче каражат маселесин чечпей жатканына кабатыр:

- Бойго болтурбоочу дары-дармекти сатып алууга орто эсеп менен алганда жылына 1,5 миллиондон ашык сом керек. Биз ушинтип эсебин чыгарып койдук. Мамлекет эми бизге ушул каражатты берсе экен деп үмүттөнүп отурабыз. Бул дары-дармектер начар жашаган, колунда жокторго бекер берилет. Себеби 20 жылдан бери ушул күнгө чейин бойго болтурбоочу каражаттар бекер таратылчу. Эгер өкмөт каражат жок, болбойт десе биз анда башка жолдорун издейбиз. Балким дары-дармек ташыган компаниялар менен арзаныраак алып келиши тууралуу сүйлөшөбүз. Дагы башка донор уюмдарды караштырабыз. Бирок 20 жылдан бери жакшы эле бекер алдык. Бирок өкмөт аялдарга, үй-бүлөгө өзү да кам көрүшү керек да. Таза муун жаралышы үчүн, дени-сак балдар төрөлүшү үчүн өкмөт өзү кам-көрүшү керек. Башка өнүгүп жаткан өлкөлөрдө мындай каражат менен өкмөт өзү камсыз кылат.

Кыргыз өкмөтү азырынча бул маселени кантип чечерин жарыялай элек. Үй-бүлөнү пландаштырууга арналган жыйынга вице-премьер-министр Чолпон Султанбекова катышары, баяндама жасары айтылганы менен келген жок.

Ушул тушта өкмөттүн алдындагы Милдеттүү камсыздандыруу фондунун "Камсыздандырылган жарандарды дары-дармек менен камсыз кылуу боюнча кошумча программасы" аркылуу бойго болтурбоочу каражаттарды 50 пайыз арзандатылган баа менен сатып алса болот.

Жогорку Кеңештеги Социал-демократтар фракциясынын депутаты Осмонбек Артыкбаевдин пикиринде бул чара жетишсиз. Ал үй-бүлөнү пландаштыруу, репродуктивдүү саламаттык, дени сак улут боюнча бир катар проблемалар бар экенине токтолду.

- Тилекке каршы, ушул багыт боюнча биз дүйнөлүк масштабдан алып караганда анча деле алдыңкы деңгээлде эмеспиз. Негизинен көп маселерди аракет кылып чечип жатабыз. Бирок ортодон жогору чыга албай жатабыз. Мындан улам баланын, эненин ден соолугуна көп коркунуч жаралып жатат. Ушул күнгө чейин бизге донорлор жардам берип келген. Эми өзүбүз каржылай турган убакыт келди. Өкмөт каржылоону башташы керек. Азыр эми Милдеттүү камсыздандыруу фонду аркылуу акырындап каржылап жатат. Бирок бул жетишсиз. Ал эми бюджетте тилекке каршы акча бөлүнбөй жатат.

Расмий маалымат боюнча Кыргызстанда жылына болжол менен 150 миңден ашуун бала төрөлөт.

Улуттар Уюмунун Калкты жайгаштыруу корунун 2014-жылдагы иликтөөсү Кыргызстанда бойго бүтүп калуудан сактанууну каалагандар көбөйгөнү менен алар кандайдыр бир атайын каражаттарды колдонбой турганын көрсөткөн. Мисалы, 1997-жылы мындай аялдардын саны 11 пайыз болсо, 2014-жылы 19 пайызга көбөйгөн.

Жыл сайын аборттон өлгөн бир-үч факт катталат жана бул жалпы энелер өлүмүнүн беш пайызы түзөт.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG