Линктер

ишемби, 18-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 10:57

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун маалыматына караганда, Кыргызстанда 100 миң аялдын 76сы төрөт учурунда каза табат.

Буга өлкөдөгү төрөт үйлөрүнүн жетишсиздиги, андагы тиешелүү шарттардын жоктугу, дарыгерлердин кайдыгер мамилеси жана аялдардын өздөрүнүн ден соолугуна кошкөңүлдүгү себеп экени айтылууда.

Энелердин саламаттыгы, тамак-азыгы...

Жай айларында Баткендеги төрөт үйүндө жаш келин төрөттөн каза тапкан. Буга анын саламаттыгы негизги себеп болгон. Жергиликтүү дарыгерлердин айтуусунда, төрт баласы бар келиндин бөйрөгү ооручу. Бешинчи баласын кыйналып төрөгөн келин көп узабай жан берген.

Баткен облустук ооруканасынын төрөт бөлүмүнүн башчысы Махбуба Хусейинованын айтуусунда, келинге саламаттыгын чыңдоо боюнча кеңештер берилген, бирок ал балдарынан чыга алган эмес:

- Ал келиндин бөйрөгү ооручу. Биз дарылан, сактан деп кеңеш бергенбиз. Бирок, балдарын таштай турган киши жок, дарылана албады. Төрөт учурунда кан аябай көп кетип, бөйрөгү иштебей калды. Тынымсыз алпурушуп жатып деле, сактап кала албадык. Маркумдун артында беш бала жетим калды...

2015-жылы өлкөдө 63 аял төрөттөн каза тапкан. Эң көп көрсөткүч Жалал-Абад жана Ош облустарында. Андан кийинки орунда Чүй облусу менен Бишкек шаары турат. Баткен, Ысык-Көл, Талас жана Нарын облустарында жыл ичинде үч-төрт аял төрөт маалында каза табат.

Төрөт үйлөрүндө шарт жок

Кыргызстандагы энелердин өлүмүнө өлкөдөгү төрөт үйлөрүнүн жетишсиздиги негизги себеп катары айтылып келет. Алсак, алыскы аймактарда төрөт үйлөрүнүн, ооруканаларда төрөт бөлүмдөрүнүн, тиешелүү дарыгерлердин, жабдуулардын жоктугунан улам, ай-күнүнө жеткен кыз-келиндер ажалга моюн сунууда дейт парламент депутаты, Социал-демократтар фракциясынын мүчөсү Альфия Самигуллина:

- Энелердин өлүмүнө дарыгерлердин катышы 10% айланасында гана. Тилекке каршы, мында төрөт үйлөрүндөгү, бөлүмдөрүндөгү тиешелүү шарттардын жоктугу негизги себеп болуп жатат. Көпчүлүк алыскы аймактардагы төрөт үйлөрүндө ысык эмес, муздак суу жок. Дааратканага сыртка барышат. Суу бар аймактарда деле ал күнүнө бир маал берилет. Эки кишиге эсептелген палатада алты-жети киши ымыркайлары менен жатат. Анан кантип биз энелердин төрөтү коопсуз деп айта алабыз?

Төрөттөн ажал тапкандар азая элек

Дүйнөлүк Саламаттыкты сактоо уюмунун маалыматы боюнча постсоветтик чөлкөмдөгү өлкөлөр ичинен Кыргызстанда энелердин өлүмү эң көп катталат.

Альфия Самигуллина бул маселе жалпы мамлекеттик масштабдагы көйгөй болуп жатканын белгиледи. Анын айтуусунда, саламаттык сактоо тармагына бөлүнгөн бюджеттин аздыгы төрөт үйлөрүндө тиешелүү шарттарды түзүүгө кедергисин тийгизүүдө:

- Аягында келип, дарыгерлер айыпталат, кызматтан бошотулат, сабалат, өлтүрүлөт. Бизде кызматтан бошотулган дарыгерлер чет мамлекеттерде татынакай эле иштеп атышат. Бул маселени 5-10 миң сомдук айлыкка чыдап иштеп жаткан дарыгерлер жалгыз чече албайт. Бул маселени Саламаттык сактоо министрлиги да чече албайт, бул чоң көйгөй болуп жатат. Коопсуз төрөттүн кепилдиги – мамлекеттик бийлик болушу керек.

Акыйкатчы институту быйыл май-июнь айларында аялдардын репродуктивдүү укугуна байланыштуу иликтөө жасаган. Анын алкагында өлкөдөгү төрөт үйлөрүндө аялдардан, медициналык кызматкерлерден сурамжылоо жүргүзүшкөн. Натыйжада Акыйкатчы институту тарабынан “Репродуктивдүү укук жана акысыз, коопсуз төрөт” деп аталган баяндама даярдалып, ал 23-декабрда коомчулукка жарыя кылынды.

Акча тагдыр чечкен заман

Акыйкатчы Кубат Оторбаев иликтөөнүн жыйынтыгында, энелердин саламаттыгына мамлекет жакшы көңүл бурбай жатканы аныкталганын “Азаттыкка” билдирди:

- Мамлекет энелердин ден соолугуна тиешелүү деңгээлде көңүл бурбай жатканы биринчи себеп. Экинчиден, наристелерди дүйнөгө алып келүү системасындагы, жалпы саламаттык сактоо системасындагы кемчиликтер баары топтошуп келип, жыйынтыгы ушундай болуп жатат. Биздин өлкөдөгү эне менен баланын өлүмү – адам укуктарынын туташ бузулуусунун натыйжасы.

Акыйкатчынын баяндамасында айтылгандай, иликтөө учурунда сурамжылоого катышкан энелер дарыгерлер акча бермейин жакшы карабай турганын айтышкан. Төрөт үйүнө келип түшкөн аялдардан “Төрөт үйүнүн фондуна” деп түрдүү суммадагы акча алынган. Мындан тышкары да аялдар төрөткөн дарыгерге, балдар дарыгерине, мээрбан айымдарга акча бербесе, өзүнө да, баласына да жакшы мамиле жасалбасын айтышкан.

Акчага байланган мамилени биз сөзгө тарткан энелер да бекемдешкен. Бишкектеги төрөт үйлөрүнүн биринде көз жарган Жылдыздын айтуусунда, акча бербесең, жакшы мамиле күтпөй эле койгон оң:

- Алдын ала сүйлөшөйүн десем, 300 доллар сураган. Толгоом келгенде барып, төрөткөн дарыгерге эки миң сом бердим. Башка дарыгерлерге да 500-1000 сомдон берип, аман-эсен төрөп, чыгып келдим. Жакшы карашты. Палатада айрым акча бере албаган энелерге, алардын балдарына жасаган мамилени көргөндө, “ырас эле берипмин” дейсиң.

Статистикалык маалыматтарда да, шарты катаал, төрөт үйлөрүндө тиешелүү шарттар жок төрөт үйлөрү көп алыскы Нарын, Баткен, Талас облустарында энелердин өлүмү Бишкек менен Чүйгө салыштырмалуу бир топ аз.

Кыздардын жашы жете элек кезде, эртелеп турмушка берилиши да энелердин өлүмүнүн көбөйүүсүнүн бир себеби катары айтылууда. “Балдар укугун коргоо лигасынын” жетекчиси Назгүл Турдубекованын маалыматы боюнча, Кыргызстанда 15 жашка толо элек 6 миң кыз турмушка чыккан, ал эми 18 жашка толбой туруп, турмуш курган кыздардын саны 160 миңге чамалуу.

Расмий маалыматтар боюнча, Кыргызстан эгемендик алгандан бери, эл аралык талаптарга жооп бере турган бир да төрөт үйү курулган эмес. Бул аралыкта элдин саны бир жарым миллиондон ашуунга көбөйдү.

PS: "Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG