Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 17:34

Кыргызстан энелердин өлүмү боюнча КМШда 1-орунда


Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун маалыматына караганда, Кыргызстанда 100 миң аялдын 76сы төрөт учурунда өлүмгө дуушар болот. 2015-жылы өлкөдө 63 аял төрөттөн каза тапкан. Эң көп көрсөткүч Жалал-Абад жана Ош облустарында. Андан кийин Чүй облусу менен Бишкек шаары турат.

Бул тууралуу 23-декабрда Бишкекте өткөн “Репродуктивдүү укук жана коопсуз, акысыз төрөт” деп аталган талкууда айтылды. Энелердин өлүмүнө өлкөдөгү төрөт үйлөрүнүн жетишсиздиги, андагы тиешелүү шарттардын жоктугу, дарыгерлердин кайдыгер мамилеси жана аялдардын өздөрүнүн ден соолугуна кош көңүлдүгү себеп экенин иш-чаранын катышуучулары белгилешти. КМШ өлкөлөрүнүн ичинен Казакстанда жүз миң аялдын 12си, ал эми Беларуста 4 аял төрөт мезгилинде дүйнө менен кош айтышат. (ZKo/NT)

XS
SM
MD
LG