Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Июнь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:25

Кыргызстанда ымыркайлардын өлүмү 8% кыскарды


Бул тууралуу өкмөттүн отчетунда айтылды. 2016-жылы ымыркайлардын өлүмү 1000 төрөлгөн балага 16,6 учурду түзгөн. Ал эми энелердин өлүмү 2015-жылга салыштырмалуу 29,9% төмөндөгөн.

Буга чейин эл аралык ЮНИСЕФ уюму өлкөдөгү 34 төрөт үйү жана бейтапканалардагы балдар бөлүмдөрүнө мониторинг жасап, жыйынтыгында бул багыттагы абал жакшырганын айткан. Ошол эле маалда айрым ооруканаларда эне-бала арасындагы өлүмдөрүн көрсөткүчү өскөнү, ымыркайга кам көрүү үчүн жабдуулар, неонатолог дарыгерлер жетишсиз экени, айрым оор абалдагы ымыркайларга жана энелерге туура эмес диагноз коюлары айтылган.

Бүгүн премьер-министр Сооронбай Жээнбеков баштаган өкмөт өкүлдөрү Жогорку Кеңеште отчет бурүүдө. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG