Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:41

Ар бир төрөлгөн ымыркайга сүйүнчү пул төлөнөт


Иллюстрация
Иллюстрация

Буга байланыштуу мыйзам долбоору бүгүн Жогорку Кеңеште үчүнчү окууда кабыл алынды. Бул тууралуу “Азаттык” радиосуна эл өкүлү, демилгечилердин бири Аида Касымалиева билдирди.

Мыйзам долбоорго ылайык, жаңы төрөлгөн ар бир ымыркайга мамлекет эсебинен бир жолу төрт миң сом сүйүнчү пул төлөнөт. Мындан сырткары үч жашка чейинки балдарга ай сайын берүүчү жөлөк пулду белгилөө жана ал үчүн үй-бүлө кирешесин эсепке албоо талаптары коюлган. Бул сунуштар “Мамлекеттик жөлөк пулдар жөнүндө” мыйзам долбоорго киргизилди. Мындан тышкары баланы үч жашка чейин жөлөк пул менен камсыздап, аны чегерүүдө ата-эненин кирешеси эсепке алынбасын деген да талаптар бар

Мыйзам кабыл алынса, жөлөкпул үчүн бюджеттен кошумча 1,8 млрд сом керек болот. Учурда жөлөкпул үчүн 6 млрд сом бөлүнөт.

Аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдары ушул тапта айына 800 сом алышат. Кыргызстанда аз камсыз болгондугу үчүн жөлөк пул 90 миңге жакын үй-бүлөгө же 279 миң балага берилет. Эгер сунушталып жаткан мыйзам долбоору кабыл алынып калса, үй-бүлө кирешесин эсепке албастан бардык балдарга бирдей жөлөк пул төлөнөт. Ошондо мындай каржылык колдоодон 660 миң бала пайдалана алат. (КЕ)

XS
SM
MD
LG