Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:13

Алтынай Өмүрбекова ЖК вице-спикерлигинен кетти


Алтынай Өмүрбекова.
Алтынай Өмүрбекова.

Жогорку Кеңештин депутаты Алтынай Өмүрбекова парламент төрагасынын орун басарлыгынан кетти. Кызматын өз каалоосу менен тапшырып жатканы тууралуу арызын ал парламенттин бүгүнкү жыйынында окуп берди.

Өмүрбекова - "Республика" партиясынын мүчөсү. Ал 2010 жана 2015-жылдардагы чакырылыштардан бери депутат болуп иштеп келе жатат. Вице-спикерликке 1,5 жыл мурда шайланган.

Анын ордуна келе турган депутатты тандоо маселеси парламенттин бүгүнкү күн тартибине кирди. Айрым маалыматтарга караганда, бул кызматка "Республика Ата-Журт" фракциясынан Курманбек Зулушевдин талапкерлиги көрсөтүлүүдө. (RK)

XS
SM
MD
LG