Жээнбеков: Экстремизм коркунучу күч
15-февралда советтик армиянын Ооганстандан чыгарылганына отуз жыл болду. Буга байланыштуу Улуттук филармонияда президент Сооронбай Жээнбековдун катышуусунда салтанаттуу иш-чара өттү. Анда Сооронбай Жээнбеков кыргыз жарандарынын ар кандай террордук топторго кошулуп кеткени токтобой жатканын айтты. 1979-89-жылдары Ооганстанда "интернационалдык кызмат өтөөгө" 7 миң 141 кыргызстандык жоокер чакырылган. Анын ичинен 249 жоокер ооган жергесинде курман болуп, 504ү жараат алган. Төртөө бүгүнкү күнгө чейин дайынсыз. Согуштун кесепетинен нерв жана жүрөк ооруларына чалдыккан миңге чукул ооганчы кайтыш болгон. Расмий маалыматтар боюнча, учурда алты миңге жетпеген ооганчы ардагер бар.
Чыгарылыштар
-
Июнь 17, 2026Ысык-Көлдө кайык жарышы өтмөй болду
-
Июнь 08, 2026Ысык-Көлдө сел агызып кеткен өспүрүмдүн сөөгү табылды
-
Май 27, 2026Бишкек: Курман айт намазына миңдеген киши чогулду
-
Май 24, 2026"Сарык болдук, оорудук". Таза сууга зар болгондор
-
Май 11, 2026Бакиевдер курган фабрика, апрелчилердин арыз-муңу