Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 20:27

Ош: Сириядан кайткандар көзөмөлдө


Сирияга барган казак жарандары. (Видеотасмадан алынган сүрөт)
Сирияга барган казак жарандары. (Видеотасмадан алынган сүрөт)

Ош шаарында Сириядагы согушка байланышы бар 170ке чамалуу киши каттоого алынган. Алардын ичинде учурда Сирияда жүргөн, барып кайтып келген жана ал жакта өлгөн жарандар да бар.

Ош мэриясынын, шаардык ички иштер башкармалыгынын, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК), муфтияттын жана Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын өкүлдөрү бул апта ичинде шаардагы жети муниципалдык аймакта жыйын өткөрүштү.

Анда жаштарды экстремизм жана терроризм азгырыктарынан сактоо, аларга берилип кетүүнүн алдын алуу маселелери каралып жатат.

Бир эле аймактык кеңештен элүүдөн ашуун адам кеткен

Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын атайын адисинин «Азаттыкка» билдиргени боюнча, Ош шаарынан Сириядагы согушка байланышы бар деген негизде 170 адам катталган. Алардын ичинде 2013-2017-жылдар аралыгында Сириядагы согуштук аракеттерге катышып, кайра келгендери да бар.

«Бул жалпы саны, - деп түшүндүрдү ал. - Булардын баары эле Сирияга барбаса да, ал жактагылар менен байланышып, адамдарды азгырып, жиберип турган. Түрдүү жолдор менен көмөк көрсөткөндөрү бар. Биздин маалыматтар боюнча Сириядагы согушка жалпысынан 135 киши кеткен, анын ичинен 14ү ар түрдүү себеп менен набыт болгон. 20 чактысы кайтып келген. Кайтып келгендердин дээрлик баары тиешелүү беренелер менен кылмыш жоопкерчилигине тартылып, учурда жазасын өтөп жаткандары бар, жазасын өтөп, мөөнөтү бүтүп, эркиндикке чыккандары да бар».

Адистин айтымында, Сириядан кайтып келип, азыр эркиндикте жүргөн адамдар да күч түзүмдөрүнүн кызматкерлеринин көзөмөлүндө турат.

Сегиз жылга аяк баскан Сирия согушу
please wait

No media source currently available

0:00 0:15:36 0:00

Шаардагы жети муниципалдык аймактан Сирияга кеткендердин саны да түрдүүчө. Мисалы, бир эле Алымбек датка муниципалдык аймагынан 50гө жакын адам Сирияга кеткен. Күч кызматтарынын маалыматына караганда аймактын бир эле тургуну өзүнүн кыз-күйөө, уул-келиндерин кошкондо тогуз кишини Түркия аркылуу Сириядагы согушка жиберген. 18-июндагы жыйында маалым болгондой, бир эле Туран кичирайонунан 15 адам Сирияга кеткен болсо, анын төртөө түрдүү убактарда кайтып келген.​

Сирияга кетип, кайра мекенине кайтып келген 20 чакты адамдар кылмыш жоопкерчилигине тартылган. Жазасын өтөп чыккан адамдар менен жергиликтүү бийлик, күч түзүмдөрүнүн өкүлдөрүнөн, айыл аксакалдарынан турган атайын мобилдик топ иштейт. Бул тууралуу «Азаттыкка» Ош шаарынын вице-мэри Асылбек Топчубаев билдирди:

«Атайын кызматтар алар менен белгилүү бир негизде иш алып барат. Андан тышкары биз мэриянын өкүлдөрү, муниципалдык башкармалык, айыл аксакалдары, участкалык милиционер кирген атайын мобилдик топ түзгөнбүз. Бул топ Сирияга кеткендер жана кайтып келгендер менен, алардын жакындары менен иштешет».

Эксперттердин айтымында, учурда Сирия темасы Ошто өтө аялуу. Аны менен байланышы барлар журналисттер же эл аралык уюмдардын өкүлдөрү менен сүйлөшүүдөн караманча баш тартып турган кези. Ушундан улам биздин да аларды кепке тартуу аракетибизден майнап чыккан жок.

Жыйындарда диний радикал уюмдарга, экстремизмге жана терроризмге жаштардын азгырылышынын алдын алуу жөнүндө да айтылууда. Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын Оштогу өкүлү Исакбай Мырзабековдун маалыматына караганда, учурда мындай терс жолдорго азгыруу мечиттерде болбойт.

«Мечиттердин баары көзөмөлдө, - деди комиссия өкүлү. - Мечиттерде андайларга жол берилбейт. Жаштарыбыз андай азгырыктарга телефонундагы социалдык тармактар аркылуу, «WhatsApp», «Одноклассники» аркылуу кирип кетип жатышат. Ошондуктан балдарыбыз, кыздарыбыз эмне менен алек болуп жатканын ата-энелер көзөмөлдөп турууга тийишпиз. «Балдарыбыз намаз окуп жатат, ыйманга бурулду» деп кубануудан мурда, алардын диндин кайсы жагын тандаганын да карап коюшубуз керек».

Ушул тапта Кыргызстандын тиешелүү органдары Ирактагы кыргыз жарандарынын дайын-дарегин аныктоо ишин аяктап, учурда аларды мекенине кайтаруу маселесин талкуулап жатат. Оштогу күч органдарынын кызматкерлеринин маалыматы боюнча, «Сириядан келе албай жаткандарды кайтарып келүүгө жардам беребиз» деп ортодон акча жасаган шылуундар да пайда болгон. Коопсуздук кызматкерлери Сирияда калып калган жакындарын кайтарып келүүнү көксөгөн тургундарды андай шылуундардын тузагына илинип калбоого чакырышууда.

УКМКнын маалыматы боюнча, ушул күнгө чейин Сириянын согуш жүргөн аймактарына баш-аягы 800дөй кыргыз жараны кеткен. Анын ичинен 200дөн ашыгы курман болгон. «Ислам мамлекети» тобуна кошулуп кеткен кыргызстандыктардын 140ка жакыны аялдар экени айтылууда.

Башкы прокуратуранын маалыматына караганда, 2018-жылы Сириядагы согуш жүрүп жаткан аймактарга кеткен кыргызстандыктар боюнча укук коргоо органдары 110 кылмыш ишин козгогон. Чогултулган далил материалдардын негизинде 111 кишиге айып коюлган. 110 кылмыш ишинин 55и сотко өткөрүлүп, 41 адам кесилген. Айыпталгандардын ичинен 76 пайызы Ош аймагынын тургундары.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG