Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 01:04

Ирактан кайткан тажик балдары


Ирактан кайтарылган балдар. 30-апрель, 2019-жыл. Дүйшөмбү шаары.
Ирактан кайтарылган балдар. 30-апрель, 2019-жыл. Дүйшөмбү шаары.

Ирактагы качкындар лагерлеринен кайтарылган тажикстандык балдар Дүйшөмбүдөгү саламаттыкты чыңдоо борборунда медициналык жана психикалык жардам ала баштады.

Ирактан шейшембиде алып келинген 84 баланын көбү 15 жашка толо элек кыздар. Тажикче араң сүйлөгөн алардын баарынын тең тагдырлары окшош. Көпчүлүгүнүн террордук топторго кошулуп кеткен аталары Иракта өзүн "Ислам мамлекети" деп атаган экстремисттик уюмга каршы согушта өлтүрүлгөн же дайынсыз жоголгон.

Энелери Ирактын түрмөлөрүндө отурушат. Бул өлкөдө сот жоочулардын аялдарын өмүр бою эркинен ажыратат. Качкындар лагеринен кайтарылган секелектердин бири Иракка энеси жана өгөй атасы менен кеткен экен. Ал жакта энеси дагы бир балалуу болгон. Өгөй атасы согушта окко учса, апасы абакка кесилген.

"Менин атам Тажикстанда. Мени апам менен анын күйөөсү алып кетишкен".

Качкындар лагеринен келген балдарды туугандары да күтүп турушту. Бирок аэропортко киргизилген жок. Ысымын атабаган энелердин бири кызы Иракка кеткенин билген эмес, башка өлкөдө иштеп жүрөт деп ойлоп келгенин айтты. Азыр ал неберелерин тоскону келген:

"Биз неберелерди тосуп алуу максатында келдик. Аларды кайтарып бергени үчүн президентке ыраазыбыз".

Балдарды аэропорттон эле медицина кызматкерлери автобуска салып, Дүйшөмбүнүн четиндеги санаторийге алып кетишти. Ал жакта медициналык жана психикалык кароодон өткөрүлгөндөн кийин туугандарына берилет.

Жакындары жоктор балдар үйлөрүнө өткөрүлүп, андан кийин асыроого берилиши мүмкүн. Тажик бийлигинин маалыматына караганда, балдар расмий Багдад менен узакка созулган сүйлөшүүлөрдөн кийин кайтарылды.

"Ирактын өкмөтү менен сүйлөшүүлөр толук кандуу жүрүп жатат. Бүгүнкү окуя бул аракеттердин жыйынтыгы", - деди тышкы иштер министринин орун басары Музаффар Хусейнзода.

Ушу тапта тажикстандык экени ырасталган 11 бала энелери менен бирге Ирактын түрмөлөрүндө калды. Буга чейин президент Эмомали Рахмон чет жакта бир дагы тажик бала кароосуз калбай турганын убада кылган. Ирак менен кошо Сириядагы качкындар лагерлеринде, абактарда тажик жарандарын издөө иштери уланып жатканын балдар акыйкатчысы Ражабмо Хабибуллозода билдирди.

"Дагы канча бала калганы тууралуу маалымат жок. Мындай балдар аныкталса, баары өлкөгө кайтарылат. Сириядагы балдардын тек-жайын тактоо боюнча да иш жүрүп жатат. Аныкталгандан кийин алар дагы мекенине алып келинет".

Расмий маалыматтарда 2014-жылдан бери Сирия менен Ирактагы согуш жүрүп жаткан аймактарга тажикстандык 1900дөй жаран чыгып кеткен, алардын үч жүзү кайтыш болгон.

Буга чейин Казакстан, Орусиянын бийлиги ондогон балдарды, жарандарын Сирия менен Ирактан чыгарып кеткен.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги да бул аймактардагы кыргызстандыктардын тек-жайын, санын тактай баштаганын билдирген. Бирок азырынча ал иштерден майнап чыга элек. Өзүн «Ислам мамлекети» деп атаган террордук уюм беш жыл мурда Сирия менен Ирактын ири бөлүгүн басып алып, 2017-2018-жылдары эки өлкөдөн сүрүп чыгарылган.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG