Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:50

Кыргызстандык келин Сириядан кеткиси келет


Сириянын Ракка шаарынан чыгып бараткан аялдар. 5-апрель, 2017-жыл.
Сириянын Ракка шаарынан чыгып бараткан аялдар. 5-апрель, 2017-жыл.

Сириянын Эл-Хасака провинциясындагы өзүн “Ислам мамлекети” деп атап алган топтун жоочуларынын аялдары жана балдары жайгаштырылган лагерде кыргыз кыз-келиндери көп. Бул тууралуу ал жактан WhatsАpp аркылуу байланышка чыгып, өзүн Амина деп тааныштырган келин “Азаттыктын” кабарчысына жазган.

"Менден эч ким кабар албайт"

Өзүн Асанбек кызы Амина деп тааныштырган кыз (белгилүү себептерден аты-жөнү өзгөртүлдү) “Азаттык” радиосунун тажик кызматынын кабарчысы Мумин Ахмадиге байланышка чыгып, WhatsАpp тиркемеси аркылуу өзү жөнүндө айтып, жардам сураган.

- Лагерде жашап жатканыма бир жыл эки ай болду. Шарты аябай начар. Менден башка кыргыз аялдар да бар. Өзүм Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарынан болом. Кыргызстанга аябай баргым келет, бирок бизди кабыл алышпай коебу деп чочулайм. Күйөөм каза болгон. Бизди кайра экстремисттердин “Ислам мамлекети” деген тобуна кошуп салышпаса экен деп корком. Мен алардын арасына баргым келбейт, - деген Амина.

Амина 23 жашта экенин, ал учурда Сириянын Эл-Хасака провинциясындагы Эл-Маликия деген чакан шаардагы лагерлердин биринде кызы менен баш калкалап жатканын жазган. Ал лагерде “Ислам мамлекети” радикал уюмунун жоочуларынын аялдары жана балдары жайгаштырылган. Амина байланышка жанындагы тажик аялдын номери аркылуу чыкканын кесиптешибиз Мумин Ахмади айтып берди:

- Ошол лагерлердин биринде он бештей тажик аял кармалып турганын билип, биз алардын бири менен байланыша алдык. Бир ай мурда ал тажик кыздын номери аркылуу мага кыргыз кыз байланышка чыкты. Ал ошол жердеги башка мамлекеттин өкүлдөрү менен өкмөттөрү байланышып, айрымдарын алып кетип жатканын, бир гана кыргыз өкмөтүнүн өз жарандары менен иши жоктугун жазды.

Аминанын айтымында, ал жолдошу менен Орусиядан Түркия аркылуу Сирияга кетишкен. Бир канча убакыт Ракка шаарында жашап турушкан. Террордук уюм шаарды басып алып, “өз халифатынын борбору” деп жарыялап алганы белгилүү.

Үч жыл Ракканы бийлеген жоочуларды АКШ колдогон "Сирия демократиялык күчтөрү" былтыр сүрүп чыгарган. Ал операцияга жергиликтүү күрт жана араб кошуундары да катышкан. Амина ал дал ошол күрт кошуундарынын колуна туткунга түшүп, андан кийин лагерге жөнөтүлгөнүн айтууда.

Сириянын Эл-Хасака провинциясы ушу тапта да Сирия Демократиялык күчтөрүнүн көзөмөлүндө.

Сириянын Камышлы шаарындагы үйдө Чеченстандын жарандары. 12-ноябрь, 2017-жыл.
Сириянын Камышлы шаарындагы үйдө Чеченстандын жарандары. 12-ноябрь, 2017-жыл.

"Кыргызстанга кетким келет"

Амина кызы экөө баш калкалап жаткан жайды Улуттар Уюмунун Качкындар башкармалыгы негиздеген. Ал мындай бир нече лагерь бар экенин, ал жакта өзбек, тажик, кыргыз жана чечен улутундагы аялдар көптүгүн айткан.

Амина лагердеги шарттар начар экенин, ал жактагы кыргыз аялдардын арасында рак илдетине чалдыккандар да барын кошумчалаган. Амина кызы ооруп жатканын, Кыргызстанды сагынганын жазган.

- Ал лагерде балдарын ээрчиткен кыргыз келиндер көп экенин жазды, -дейт Мумин Ахмади.

- Бирок так санын айткан жок. Андан тышкары башка лагерлерде да кыргыз аялдар бар экенин айтты. Күйөөсү кайтыш болуптур. Сириянын башка аймактарында же Иракта “Ислам мамлекети” радикал уюмунун жоочуларынын аялдарын эч кандай сураксыз эле дароо камап, анан абакка кесип салышат эмеспи. Бирок бул провинция Сирия демократиялык күчтөрүнүн карамагында болуп, эрежелер айырмаланат экен. Маселен, ал жакта экстремисттик топтун жоочулары гана кармалып, ал эми алардын аялдары жана балдары атайын лагерлерге жиберилиптир. Мен Сирия демократиялык күчтөрүнүн аскерий жетекчилеринин бири менен да байланышкам. Ал “согушкерлердин аялдарына жана балдарына эч кандай дооматыбыз жок, Борбор Азия мамлекеттеринин, Орусиянын бийликтери кааласа, өз жарандарын алып кете беришсин, биз аларды көп убакытка кармай албайбыз" деп айткан эле.

"Амина Орусияга кеткен"

Аминанын өзү менен байланышууга мүмкүнчүлүк болгон жок. Анткени ал биздин кесиптешибизге өзү байланышарын айтып номерге чалбоону жана жазбоону суранган.

“Азаттыктын” кабарчысы анын чыныгы аты-жөнү менен Баткендин Кызыл- Кыя шаарынан сураштырып, ата-энесин жана бир туугандарын тапты. Бирок Аминанын энесине байланышканыбызда, кызынын ысымын угар замат эле сүйлөшкүсү келбегенин айтып, телефонду коюп салды.

Ал эми Аминанын иниси эжеси беш жыл мурда Орусияга кеткенин, бирок андан бери кабары чыкпаганын айткан. Улуттук коопсуздук комитети эгер Амина Кыргызстанга кайтып келсе, анын ишин сот карап, мыйзамга ылайык чара көрүлөрүн билдирди:

- Бул маселе сөзсүз түрдө мыйзам чегинде каралат. Анткени ал кеткен адамдын канчалык деңгээлде күнөөсү бар жана канчалык деңгээлде мыйзам бузганы боюнча сот органдары өз чечимин кабыл алууга тийиш, - деди мекеменин маалымат катчысы Рахат Сулайманов.

Анткен менен адистер тиешелүү органдар чет жактагы террордук топтордун катарына кошулуп кеткен ар бир жарандын ишин өз алдынча карап, жоочулардын аялдарына башкача мамиле кылуу керектигин айтышат.

Ишеналы Арабаев атындагы университеттин профессору, теолог Назира Курбанова аялдардын көбү күйөөcүнүн тилине кирип, алданып кетишкен деген пикирде:

- Алар боюнча чечим мыйзам чегинде кабыл алынышы керек. Кыргызстанда алар тууралуу бир катар талкуулар жүрүп, сунуштар айтылган. Бирок акыры кандай бүтүмгө келишкенин билбейм. Кээ бир мамлекеттер чет жактагы экстремисттик уюмдардын катарына кошулуп кеткендерди жарандыктан ажыратышат экен, ошондой кылалы деген сунуштар да болгон. Казакстанга кайтып келгендер менен иштеген реабилитациялык борборлор ачылыптыр. Ал жерде психолог, теологдор иштешет. Бирок буга абдан көп каражат талап кылынат. Бизде албетте андай мүмкүнчүлүктөр жок. Алардын тагдыры боюнча чечим кабыл алыш үчүн ар бири менен менен күч органдары иштеп чыгышы керек. Өзгөчө аялдарга жекече мамиле жасаш керек деп ойлойм. Эмне дегенде, аялдардын көбү күйөөcүнүн артынан ээрчип же алданып калып ошол жакка кетишкен.

Иракта кыргызстандык аял дарга асылдыбы?​

Быйыл жазында Иракта "радикалдык "Ислам мамлекети" уюмуна тиешеси бар" деген кине менен орусиялык, азербайжандык жана кыргызстандык аялдар өлүм жазасына кесилгени кабарланган.

Орусиянын “Интерфакс" агенттиги Ирактын телеканалдарына таянуу менен Багдад соту азербайжандык үч аялды жана кыргызстандык бир аялды өлүм жазасына өкүм кылганын жазган. Ирактын бийлиги бул боюнча расмий билдирүү тараткан эмес. Ал эми Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин маалыматты тактоо аракеттери майнапсыз болгон.

"Ислам мамлекети" тобуна тиешеси бар деп соттолуп жаткан аялдар. Багдад. 29-апрель, 2018-жыл.
"Ислам мамлекети" тобуна тиешеси бар деп соттолуп жаткан аялдар. Багдад. 29-апрель, 2018-жыл.

Быйыл жыл башында Кыргызстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети Сирия менен Ирактагы экстремисттик топтордун катарына кошулуп кеткен кыргызстандыктардын саны 500дөн ашуун экенин кабарлаган.

Атайын кызматтын маалыматына ылайык, алардын арасында 140ка жакыны аялдар. Көбү балдарын ээрчите кеткен жана ошол жактан балалуу болгондору да бар. Кийинчерээк согуш талаасында кыргызстандык 92 жаран мерт болгону айтылган.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG