Линктер

дүйшөмбү, 20-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 21:43

Бала жетелеген келиндер Сириядан кайтып келди


Зияд Сабсаби Сириянын Камышлы шаарындагы үйдө Чеченстандын жарандары менен. 12-ноябрь, 2017-жыл.

Сириядан жоон топ аялдар менен балдар Чеченстанга жеткирилди. Алар Орусиянын, Казакстандын жана Өзбекстандын жарандары. Чечен бийлиги өз ыктыяры менен кайткандарды жазадан бошотууга убада берүүдө. Ал эми Казакстан бул боюнча расмий пикирин билдире элек.

Согуш талаасынан кайткандар

Грозный аэропортуна 14-ноябрга оогон түнү Ирак менен Сириядагы согуш талааларынан Орусиянын 34, Казакстандын беш, Өзбекстандын эки жараны жеткирилди. Бул кабарды адегенде Чеченстандын жетекчиси Рамзан Кадыров Инстаграмм баракчасына жарыялап, видеосун бөлүштү.

Учактан жалаң чиедей балдарын жетелеген келиндер түштү. Аэропорттон аларды көз жашын көлдөткөн туугандары тосуп алып жатышты.

“Балдар террорчулардын катарындагы аталарынын, аялдар болсо күйөөлөрүнүн кылмыштуу акылсыздыгынын айынан согуш аймактарына түшүп калышкан” деп жазды Рамзан Кадыров.

Чеченстандын Жакынкы Чыгыш жана Түндүк Африка боюнча өкүлү Зияд Сабсабинин айтымында, алар Сириянын түрдүү шаарларынан, анын ичинде Ракка менен Маядинден табылган.

Казакстандын Тышкы иштер министрлиги сөз болуп жаткан казакстандыктар – 29 жаштагы келин менен улуусу бешке караган, кичүүсү бирге толо элек төрт чүрпөсү экенин ырастады.

"1988-жылы туулган Орол калаасынын тургуну жана анын төрт кичинекей баласы бар. Алар жакын арада Казакстанга жеткирилет", - деди министрликтин маалымат катчысы Ануар Жайнаков.

Буга чейин да Чеченстан аркылуу балдарын жетелеген казакстандык келин келген. Расмий маалыматка караганда, Сирия менен Иракта бул өлкөнүн 500дөй жараны жоочулардын катарына кошулуп кеткен. Алардын арасында ондогон аялдар жана балдар да бар.

Сириядагы балдар
Сириядагы балдар

"Балдарда айып жок..."

“Азаттыктын” казак кызматы Караганды облусунун 68 жаштагы тургуну Орунгүл Каратаева менен байланышты. Байбиченин уул-келини эки жыл мурда "Түркияга барабыз" деген боюнча Сирияга ооп кеткен.

Уулу ошол эле 2015-жылдын ноябрында согушта өлгөн. Ал эми келини быйыл жыл башында “калганыбыз аман-эсенбиз” деп төрт небересинин сүрөттөрүн жиберген бойдон дайынсыз экен.

- Ошондон кийин кабарсыз кетти. Кайда экенин билбейм. Үч кыз, бир неберем бар. Улуусу 10-ноябрда жетиге толду. Андан кийинкиси 18-ноябрда алтыга чыгат. Дагы бири 14-мартта бешке толот.

Неберелерин күткөн эне бийликтен билип-билбей согуш аймактарына кетип калгандарды, өзгөчө балдарды кайтарууну өтүндү:

- Ким күнөөлүү экенин, бул жактан ким, кантип жиберип жатканын билбейбиз. Бирок өкмөттөн суранат элем, ал балдардын күнөөсү жок. Ушуну эске алышса.

Адвокат Айман Омарова Казакстанда терроризм, экстремизм боюнча айыпталгандарды бир жактуу караган болбойт дейт. Анын оюнда согуш талаасынан кайтарылган аялдар жана балдар менен күч түзүмдөрү эле эмес, психологдор да жекече иштеп, жазалоодон көрө коомго кошкону оң:

- Ал аялдарды да, балдарды да экстремизм менен терроризмдин кесиринен азап чеккен десе болот. Көбү "биз мусулманбыз, ал жакта керемет өмүр сүрөбүз" деп алдап алып барышкан" деп айтат. Ал эми көргөнү бул. Аялдар күйөөсүнө, балдар атасына каршы сүйлөй алышпайт. Ошон үчүн ар бир жагдайды карап көрүш керек деп ойлойм.

Сирия менен Ирактагы согушта 500дүн тегерегинде кыргызстандык бар экени айтылат
Сирия менен Ирактагы согушта 500дүн тегерегинде кыргызстандык бар экени айтылат

Кыргызстан эмне кылат?

Кыргызстандан да Ирак менен Сирияда согушуп жүргөн жоочуларга кошулгандардын саны 500дөн ашканы расмий кабарланат. Анын 140ка жакыны аялдар, жүздон ашыгы балдар. Бирок бала жетелеп кеткен кыргызстандык келиндерден бирөө-жарымы кайтканы тууралуу азырынча кабар жок.

Кыргыз өкмөтү да кайра кайткандарга кандай мамиле кыларын чече элек. Буга чейин өкмөт бул маселе боюнча адам укуктарына шек келтирбестен, ошол эле учурда улуттук коопсуздукту эске алуу менен атайын мыйзам иштелип жатканын билдирген.

Тажикстан ыктыярдуу түрдө согуш талааларынан кайтып келгендерди жазадан куткарып, реабилитациялай турганын жарыялаган. Чеченстан да ушундай эле убада менен жарандарын кайтарууда.

Сириядагы жарандык согуш 2011-жылы башталган. Бийлик менен оппозициянын куралдуу жаңжалына кийин өзүн "Ислам мамлекети" деп атаган топ да кошулган. Ал топ 2014-жылдан тартып Иракта да шаарларды басып алышкан.

Ушу тапта "ИМ" жоочулары бул эки өлкөдө ээлеген аймактарынан сүрүлүп, чегинип баратканы кабарланууда.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Али Токтакунов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин журналисти, 2011-2014-жылдары "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу. Кыргыз улуттук университетин аяктаган.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG