Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:50

Бейиш издеп, Сирияга кеткен тоңдуктар


Ысык-Көлдөгү күз. (Влад Ушаков тарткан сүрөт)
Ысык-Көлдөгү күз. (Влад Ушаков тарткан сүрөт)

Кыргызстандык өспүрүм балдар ата-энесин ээрчип, Сирия менен Ирактагы согуш талааларына кетип жатканы маалым болду. Тоң районунда жашаган бир үй-бүлө беш баласы менен белгисиз тарапка кетсе, 80 жаштагы байбиче очор-бачар болгон төрт кызын ээрчитип согуш жүрүп жаткан аймакка жол тартканы аныкталды.

- "Биз бир жакка кетебиз" деп айтты беле?

- Жок, бир жакка кетебиз деп айткан эмес.

- Сен досуңду акыркы жолу көргөндө эмне деп айтты эле?

- Эртең сабакка барбайм деген. Эжейге эмне деп айтып койоюн десем, “билбейм деп кой" деген.

- Биз алыска кеткени жатабыз деп айтты беле?

- Жок, антип айтчу эмес.

- Мектепте мечитке барган балдар көппү?

- Көбүнчө балдар мечитке барбай калышты.

- Мурда баарыңар барчу белеңер?

- Мурда баарыбыз барчубуз. Амандын атасы көчөдөгү балдардын баарын мечитке ээрчитип кетчү. Биздин көчө бүт барчубуз.

- Досуң кеткенин укканда сен эмне деп ойлодуң?

- Мен Аман кайда, үйүндө жок экен деп издеп барсам, коңшу атабыз “Тосорго кеткен” деп койгон.

- Аман эмне кино көрүп, кандай китептерди окучу эле?

- Алар үйүндө мусулманча дисктерди көрүп отурушчу.

- Сага дагы досуң буларды көр деп берчү беле?

- Жок, берчү эмес, өздөрү эле көрүшчү.

- Максат байкең силерди мечитке баргыла деп чакырчу беле?

- Мечитке баргыла, үйдө жөн жүрбөй, мечитке баргыла деп айтчу.

- Сирия жөнүндө айтчу беле, алыста согуш болуп жатат деп айтчу беле?

- Алыска дааватка чыгуу керек деп айтчу.

- Классыңарда канча эркек бала бар?

- Аманды кошкондо алты бала болчу, эми бешөөбүз калдык.

- Аман чоңойгондо ким болом дечү эле?

- Чоңойгондо геолог болгум келет дечү.

- Мектепте жакшы окучу беле?

- Ооба, 6-7-классында үч сабагынан жетпей калган.

- Аман кайда жүрдү болду экен деп классташтар сүйлөшөсүңөрбү?

- Азыр сүйлөшпөй деле калдык, ал келбейт деп ойлошот...

Амандын чогуу өскөн досу аны менен акыркы жолу сүйлөшкөнүн эстеп сүйлөп берди. Келечекте геолог болом деп кыялданган, 9-класстын окуучусу ушул тапта кайда, кандай күндө, ким менен жашап жатканы белгисиз. Амандын классташтары чоңдордон укканы боюнча ал ата-энеси, төрт бир тууганы менен алыска Сирия деген согуш болуп жаткан жакка кетиптир.

Бейиштен кезигебиз...

Көл жээгиндеги чакан кыштакта бир үй-бүлө түн жамынып качып кеткени, болгондо дагы Сириядагы согушка бет алганы тууралуу сөз айылга чагылгандай тез тарады. Мындай кабарды уккан карапайым айылдыктар адегенде нес болсо, ага улай окуянын чоо-жайы талкуулана баштады. Декабрдын 21инен 22сине караган түнү айылда колунан көөрү төгүлгөн уста, беш уулдун атасы, кадыр-барктуу үй-бүлөнүн кенже уулу, 40 жаштагы Максат уулдарын, жубайын алып, түн жамынып, 80 жаштан өткөн атасын үйдө жалгыз калтырып качып кетет деген эч кимдин оюна дагы келбесе керек.

Сирияга барып жихадчы болгон өзбек жараны
Сирияга барып жихадчы болгон өзбек жараны

Бир түндө эле катарында чогуу жашаган коңшусун жоготкон айылдыктар Максат аялы экөө алыска кетүүгө эбактан бери камынып жүргөнүн эми гана баамдашканын, убагында ага маани беришпегенин эстеп отурушту. Максат кетерден 20 күндөй мурун догдурда дарыланам деп Бишкекке барып, жол камылгасын көргөн экен. Өзүнө, аялына, уулдарына арабча ысым ыйгарып, башка өлкөгө саякаттоо үчүн паспортторду алдын-ала даярдаптыр. Жубайы Фарида болсо соңку эки жылда бети-башын чүмкөп, коңшу келиндер менен такыр эле сүйлөшпөй калганын, “таалим сабактары" деп бир жактарга такай каттап турганын, айт майрамдарда чоочун меймандарды коноктогонун сөз кылып отурушту.

40ка чыга элек келин уулдарын отургузуп алып, эртеден-кечке DVD дисктерди көрүшкөнүн, үч жашар кичүү уулунун “Аллаху ахбар” деп кыйкырып ойноп жүргөнүнө өз маалында эч ким деле маани бербептир. Жубайлар ата-энеден энчиге калган малын, автомашинесин сатып, өздөрүнө, балдарына эң керектүүсүн гана алып чыгып баратып, 80 жаштагы атасына, бир туугандарына багытталган катты, үй-жайдын ачкычын чоң бөлмөдөгү столдун үстүнө калтырат.

“Булар мурун эле дайынданып жүрүшүптүр. Катты жазып даярдап коюшуптур. Бизге таарынбагыла, ушундай жолду тандадык. Биз өзүбүзгө тиешелүү оокатты саттык, бизге таарынбагыла. Биздин артыбыздан сөз айтпагыла, бизди каргабагыла. Үйдү уулдарыңардын бирөөнө каттатып койгула. Бейиштен кезигебиз" деп жазылыптыр. Ага чейин малын сатыптыр. Бир жолу байкасам жетимиштен ашык коюнун жыйырмадайы эле калыптыр. Булар эмне болгон деп өзүмчө таң калып койгом. Келин болсо торпок сатып жатканын көргөм. Үйдөгү аксакалдын болсо мал менен иши жок болчу. Картошкасын сатыптыр, машинесин сатыптыр. Булар түнү менен учуп кеткен окшойт. Алар качып кеткенден кийин туугандары Бишкек менен байланышып, аэропортко чалышса, эбак учуп кетишиптир. Кетээрге чукул ишке көңүлдөрү жок, башкача болуп калышкан. Эмне булар минтип калган деп бүшүркөп тим болгом. Койлорун коругуна киргизип ийип, кечинде айдап келип, андан сырткары жумуш жасабай калышкан. Көрсө ошондо эле көңүлү бузулуп жүрүшкөн тура...”

Үч окуучусун жоготкон мектеп

Бир түндө үч окуучусу дайынсыз болгон чакан мектептин уюштуруу иштери боюнча директорунун орун басары Суусар Камчыбекова Максат башкаларга үлгү көрсөткөн ата катары, мектептин ата-энелер комитетин жетектеп, алтургай мектепке келип, балдарга тарбия саат өтүп турганын баяндап отурду:

ИМ согушка даярдап жаткан балдар. Сүрөт интернетке тараган видеодон алынган. Аллеппо, Сирия
ИМ согушка даярдап жаткан балдар. Сүрөт интернетке тараган видеодон алынган. Аллеппо, Сирия

- Атасы мектептин ата-энелер комитетинин төрагасы болчу. Абдан тартиптүү, ишеничтүү адам болчу. Балдарга келип тарбия саат өтүп, тартип боюнча лекция окучу. Антип кетип калат деген эч кимдин оюнда жок эле. Дин жөнүндө балдар мечитке барып окушат. Балдары мечитке барчу. Амандын баскан-турганынан дагы эч нерсе байкалчу эмес, мектепке эч кандай диний китептерди же дисктерди алып келгенин көргөн эмеспиз. Үч уулу тең токтоо балдар. Эч кимге эч нерсе билгизишчү эмес. Алар кеткенден кийин Аман классташтарынын бирөөнө интернеттеги агент аркылуу “биз жөнүндө айылда эмне деп атышат?" деп сурап жазыптыр. Интернетке такай кирбейт экен, суроосунун жообун алгандан кийин өчүрүп коюптур. Балдар кеткенин укканда биз дароо райондук билим берүү бөлүмүнө, милицияга, айыл өкмөтүнө билдирдик. Балдар окуудан чыгып кетти, бирок документтери биздин мектепте турат. Бирөө 9-класста, кийинкиси 7-класста, дагы бирөө 4-класста окуйт. Андан кийин мектептеги балдарга дин боюнча сабактарды өтүп, эгер силер дагы туура эмес жолго түшсөңөр, ушундай болот деп түшүндүрүп атабыз. Мектептеги балдар алар кайда кеткенине кызыгышат, Сирияга кетиптир деп айтышат. Биз адегенде Түркияда деп укканбыз, эми Сирияда деп атышат...

Сирияга жол баштаган 80деги байбиче

Согуш оту алоолонгон Сирияга беш балалуу үй-бүлөнү эмне тартты? Туулуп-өскөн айылынан алыс чыкпаган карапайым жубайларды ата-бабасы көрбөгөн алыста эмне кызыктырды?

Бул суроолорго жооп издеп, Максаттын аялы Фарида туулуп-өскөн айылга бардык. Фариданын үй-бүлөсүн бала кезинен жакшы таанып билген апа Сирияга сапар алгандардын сырын ачты.

Белгисиз дүйнөгө алгач эки жыл мурун Фариданын агасы, 37 жаштагы Майрамбек кош бойлуу аялы, үч баласы менен кетиптир. Алыска кеткен уулу сизди сагындым деп айылда калган 80 жаштагы апасын чакыртат. Байбичени коштоп, очар-бачар болгон 52 жаштагы кызы Жыпар күйөөсүн, балдарын-неберелерин таштап, өткөн жылдын март айында алыска жол тартат.

80деги апа жаңы конушуна жеткенден кийин Тоң районунун төрт айылында турмуш куруп, бала-чакалуу болгон кыздарын жаңы жерге, жаңы турмуш курууга чакыра баштайт. Апасынын тилине кирип, өткөн жылы 33 жаштагы Нурзат күйөөсүн ээрчитип, үч баласы менен өз үй, өлөң төшөгүн таштап чыгып кетет. Сиңдисине улай 43 жаштагы Жазгүл дагы күйөөсүн алып, баарына кайыл болуп, сапарга аттанат. Апанын кичүү кызы, баяныбыздын башында сөз кылган Максаттын келинчеги, 38 жаштагы Фарида беш уулу менен өткөн жылдын декабрь айында түн жамынып, айылдан качып кеткен.

Ушул тапта 80деги байбиче төрт кыз, үч күйөө баласы, уул-келини менен кайда, кандай турмуш өткөрүп жатканы белгисиз.

Жогоруда белгилүү себептен улам аты-жөнү өзгөртүлгөн, Сирияга согушка кетти делген Тоң районунун тургундары, үйдөн чыгып кеткенден кийин кайрылып кабар берген эмес.

Алтургай айыл ичинде айрымдары согуш талаасында апаат болуп кетиптир деген ушак-айың сөз дагы бар. Облустук атайын кызматтардын өкүлдөрү мындай маалыматты жокко чыгарышты.

Согуш талаасындагы турмуш

Улуттук Коопсуздук кызматынын алдындагы Терроризмге каршы борбордун жетекчиси Таалай Жапаров Сирия менен Ирактагы согушта медициналык жардам көрсөтүү, тамак-аш даярдоо сыяктуу иштерди аткарууга кыргызстандыктарды чакырышканы боюнча маалыматтар чыкканын “Азаттыкка” курган маегинде айтып берди.

ИМге кошулган аялдар
ИМге кошулган аялдар

- Сирия менен Иракта согуш жүрүп жатат. Бирок ал жерге баргандын баары эле курал көтөрүп алып, согушуп жүрөт дегенден алыспыз. Анткени ал жакта согуш жүргөн жана согуш жүрбөгөн дагы жерлер бар. Башында медициналык билими барларды тартууга аракеттенип жатышканы тууралуу биз маалымат алып жүрдүк. Анткени согушта жарадарлар болот, аларга жардам көрсөтүү керек. Ошол максатта Кыргызстандан адамдарды алып чыгып атышат деген алгачкы маалыматтар кеткен. Ашпозчуларды чакыртышкан, анткени биз кадимки жай турмушта эмне менен алектенсек, ал жерде деле ошондой жашоонун өз керектөөсү бар да. Тигил жакта курал алып согушуп жатышса, бул жактан бирөө аларга тамак-аш жасаш керек, дагы бирөө жарадарларын дарылаш керек. Ошондой милдеттерди аткаргандар дагы согушка кетти деп эсептелип жатпайбы. Алардын арасында балдары менен барган жубайлар дагы болушу мүмкүн.

Ысык-Көл облустук Ички иштер иштер башкармалыгынын 10-бөлүмү соңку үч айда 35 адам Сирияга чыгып кеткенин, алардын көпчүлүгү Тоң, Жети-Өгүз райондору менен Каракол шаарынын тургундары экенин билдирген. Расмий маалымат боюнча Көл кылаасынан 15тей өспүрүм майдан талаасына ата-энесин ээрчип кеткен. Өмүр бою айылда жашаган карапайым адамдар от күйгөн согушка кантип жеткени, же аларга бирөөлөр жол көрсөтүп, көмөктөшүп жатканы азырынча беймаалым. Кыргызстандын атайын кызматтары бул жерде уюшулган иш жүрөт деп шектенгени менен азырынча так маалымат жок.

  • 16x9 Image

    Гүлайым Ашакеева

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист. Кыргыз улуттук университетин, Коста Рикадагы Улуттар Уюмунун университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG