Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:04

ИМге кошулган полковниктин сүрөтү чыкты


Глмурод Халимовдун кызы менен түшкөн сүрөтү
Глмурод Халимовдун кызы менен түшкөн сүрөтү

Сирияда "Ислам мамлекети" террордук уюмуна кошулуп кетти деген тажик милициясынын полковниги Гүлмурод Халимовдун кызы менен түшкөн сүрөтү жарыяланды.

Буга чейин Халимов жана анын артынан кетти делген экинчи аялы, балдары, алардын кийинки тагдыры боюнча түрдүү сөздөр айтылып жаткан.

Расмий Дүйшөмбү Ички иштер министрлигинде жооптуу кызматтарда жүргөн Халимовду "мамлекеттик чыккынчылык" боюнча айыптаган жана ага эл аралык издөө жарыялаган. Ушул айдын башында анын төрт тууганы колго түшүрүү учурунда атып өлтүрүлгөнү кабарланган.

31-июлда "Азаттыктын" тажик кызматынын колуна тийген сүрөттөр качан жана кайсы жерде тартылганы белгисиз. Биринде сакалын кое берген, чачын өстүргөн Гүлмурод Халимов өзү жалгыз түшкөн, экинчисинде төрт-беш жашар кызы менен күлүмсүрөп селфи кылган.

Хумайра Мирова ортодо
Хумайра Мирова ортодо

Буга чейин анын экинчи аялы Хумайро Мирова төрт баласын алып Халимовдун артынан Сирияга кетти деп айтылып жаткан жана бирок муну бышыктаган бир дагы маалымат жок болчу.

Хумайра Мированын бир тууган байкеси Шахнозар Миров "Азаттыктын" тажик кызматына комментрий берип жатып Халимовдун кызы менен түшкөн сүрөтүн эми гана көргөнүн, карындашы балдарын алып күйөөсүнүн артынан Сирияга кеткенине ынанып жатканынын айтып берди.

2015-жылы апрель айында ошол кезде ИИМдин өзгөчө багыттагы аскер бөлүгүнүн командири болуп турган полковник Гүлмурод Халимов дайынсыз жоголуп кеткен. Көп өтпөй Сириядагы "Ислам мамлекети" террордук уюмуна кошулуп кеткенин өзү жарыялаган. Тажик бийликтери Халимовго эл аралык издөө жарыялаган жана ага "мамлекеттик чыккынчылык" боюнча айып тагылган.

Ушул айдын башында Тажикстандын Ооганстан менен чектешкен жеринде Халимовдун төрт тууганы атып өлтүрүлгөн. Тажик милициясы алар Сирияны көздөй кетип баратканын, кармоо учурунда куралдуу каршылык көрсөткөнүн билдирген.

Сирияга кеткен балдар

Ал арада расмий Дүйшөмбү Сириядагы жарандары тууралуу Бириккен Улуттар уюму үчүн даярдаган баяндамада кеңири сөз кылганы белгилүү болду. "Азаттыктын" тажик кызматынын колуна тийген документине ылайык, анда Сирия, Ирак өңдүү өлкөлөрдүн согуш жүрүп жаткан аймактарындагы тажик жарандары тууралуу соңку маалымат камтылган. Тажик бийликтеринин эсеби боюнча жалпысынан 234 үй-бүлө бала-чакасы менен кеткени айтылат. Тактап айтканда, 840 адам, анын ичинен 309у эркек, 279 аял, 110 кыз, 142 бала деп эсептелген.

Тажик бийликтери соңку эки жыл ичинде чет өлкөдө согуш жүрүп жаткан аймактан 19 үй-бүлөнү, башкача айтканда, 60тан ашуун адам мекенине кайтарылганын белгилеген. Алардын арасында 40тан ашууну балдар болгон.

Согуш болуп жаткан жерлердеги жеткинчектер жана өспүрүмдөр маселесин ушул жылдын башында балдар акыйкатчысы Раджамбо Бадриддинова айтып чыккан. Ал балдарын кошо ала кеткен үй-бүлөлөр ондоп саналарын билдирген.

Тажик бийликтери "Ислам мамлекети" террордук уюму көзөмөлдөгөн аймактарда жүргөн тажик балдары жана алардын азыркы тагдыры тууралуу кандайдыр бир маалымат алуу кыйын экенин айтып келет. Тажикстандык талдоочу Фаридон Ходизодонун пикиринде, аларды мекенине кайтарууга бардык аракеттер жасалышы керек:

Сирия
Сирия

- Жихадчылар жана алардын балдары деле биздин жарандар. Бийлик аларды мекенине кайтарууга, кесепетин жөнгө салууга бардык аракетин жумшашы керек. Тажикстандын Сирияда, Иракта элчиси жок. Ал жактагы жарандарды кайтаруу боюнча биздин Орусиядагы элчилигибиз иш алып барса болот. Мисалы мындан үч-төрт жыл мурда Йемендеги тажик жарандарын куткарууга Орусия жардам берген, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин учагы менен алып келишкен да.

Тажик мыйзамдарында согуш жүрүп жаткан жерлерге балдарын кошо ала кеткендерге кандайдыр бир атайын жаза каралган эмес. Мындай адамдарга адатта Кылмыш-жаза кодексинин 401-беренеси, тактап айтканда, "Жалданмачылык" боюнча айып тагылат.

Ушул жылдын май айында Рудаки райондук соту эки, алты жана тогуз жаштагы балдарын алып Сирияга кеткени жаткан ата-энени соттогон. 33 жаштагы Абулфайза Вазиров менен анын жубайы 32 жаштагы Мохира Салиеваны Ирандын тартип коргоо органдары Захидан провинциясынан кармап, мекенине кайтарган.

Өлкөнүн Юстиция министрлиги чет өлкөдө согуш болуп жаткан аймактардан өз эрки менен мекенине кайткандарга жазаны жумшартуу керектигин билдирип келет.

Ушул тушта Жакынкы Чыгышта согуш жүрүп жаткан аймактарда жүздөгөн тажик жарандары жүрөт жана ушул күнгө чейин кеминде 300дөй адам ажал тапты.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG