Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:57

Тажикстан: Cогушка барып келгендер "баш ооруга" айланды


Сириянын "Ислам мамлекети" терррорчу уюмунан тазаланган Мосул шаарынын көп маалелери урандыга айланды. 30.6. 2017.
Сириянын "Ислам мамлекети" терррорчу уюмунан тазаланган Мосул шаарынын көп маалелери урандыга айланды. 30.6. 2017.

Сирия менен Ирактагы согуштан кайткан жарандардын кийинки тагдыры жаатында тынчсыздануулар айтылууда.

Стратегиялык изилдөөлөр институту куралдуу жаңжалга аралашкан, бирок катасын мойнуна алып кайтып келген жарандарды жай турмушка аралаштыруу боюнча мүмкүн болушунча тезирээк аракет көрүлүшү керек деп билдирди.

Расмий маалыматка ылайык, 2015-жылдан тарта бир катар өлкөлөрдө тыюу салынган "Ислам мамлекети" террорчул уюмуна 1100дөн ашык тажик жараны кошулган. Сирия менен Ирактагы согуштарда жалпысынан 300дөй адам окко учкан.

Алардын арасында, маселен, Алан Чекранов деген тажик жигит Ирактын Мосул шаарында эл аралык коалициянын аба соккусунун учурунда набыт болду. Ал "Ислам мамлекети" террорчу уюмунда "Абу Мухаммад ат-Тажики" деген ысым менен маалым болчу. Ал Тажикстандын Шаар-Туз (Шахри-Туз, Шахритус) деген шаарынан Орусияга эмгек мигранты болуп кетип, андан ары Ирактагы жоочуларга кошулган болчу.

Тажик бийликтеринин маалыматы боюнча, былтыр Сирия жана Ирактын согуш жүрүп жаткан аймактарынан 60тай адам өз эрки менен мекенине кайтып келген жана жаңылыштык кетиргендиктерин мойнуна алып, бийликтен кечирим сураган.

Ирактан Түркия аркылуу өз эрки менен кайткан тажик жараны Алишер Кадыркуловдун (Alisher Qodirqulov) Стамбулдагы тажик консулдугунан алган убактылуу күбөлүгү. 09.2.2017.
Ирактан Түркия аркылуу өз эрки менен кайткан тажик жараны Алишер Кадыркуловдун (Alisher Qodirqulov) Стамбулдагы тажик консулдугунан алган убактылуу күбөлүгү. 09.2.2017.

Алардын көбүнө Кылмыш-жаза кодексинин 401-беренеси колдонулган. Тактап айтканда, бөтөн өлкөдөгү куралдуу жаңжалга, согушка катышуудан, куралдуу топторго кошулуудан өз эрки менен баш тартканы жана мындан башка кылмыш жасабагандыгы аныкталганы үчүн мындай кишилер кылмыш жоопкерчилигинен бошотулган.

Мыйзамдагы мындай чараны 2015-жылы тажик парламенти колдоп берген эле.

Бирок чет өлкөдө согушта болгон жана өз эрки менен уруштан кайтып келбеген тажик жарандары 12 жылдан 20 жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн.

Стратегиялык изилдөөлөр институтунун директорунун орун басары Сайфулла Сафаров Сирияда "Ислам мамлекети" террорчул уюмунун катарында колуна курал кармап согушка катышкан, андагы кан төгүүнү көрүп кайткан жарандар өлкө бийлигинин тынчын алып жатканын билдирди:

- Сирия менен Ирактагы согуштарга катышкан, өз эрки менен мекенине кайткан, абакка камалбаган жарандар өлкөдө туруксуздук, элдик толкундоолор болсо бийликтин баш оорусуна айланышы мүмкүн. Ошондуктан өлкө жетекчилиги, биринчиден, Тажикстанда бейпилдик менен тынчтыкты сактоо маанилүү экенин түшүнөт. Экинчиден, согуш көрүп келген, жаза тайганын мойнуна алган жарандарды жээрибей, тескерисинче, аларга жылуу мамиле жасалышы керек.

Тажикстандык серепчи Фарудин Хадизаде (Ходизода) дагы бийлик мындай жарандардын жай турмушка мүмкүн болушунча тезирээк аралашып кетишине шарт түзүшү керек деп эсептейт. Анын пикиринде, Борбор Азия өлкөлөрүнүн Ирак менен Сириядагы согуштарда катышып жүргөн жарандары ал жактан куулуп чыгарылгандан кийин Ооганстанга, же ага чектеш Тажикстанга ооп келиши жана олуттуу коркунуч жаратышы мүмкүн:

- Алардын согушту көргөн, курал кармаган тажрыйбасы бар. Башкача айтканда, алар дасыккан киши өлтүргүчкө айланышат жана алар бүтүндөй аймакка коркунуч жаратат. Ал эми жаза тайганын мойнуна алып өз эрки менен кайтып келген жарандардын ар бирине өз-өзүнчө кылдат мамиле жасалышы керек. Анан калса Тажикстанда бийликтин мындай мамиле жасоо боюнча тажрыйбасы да бар. Эң ириде, Сирияда же Иракта "Ислам мамлекети" террор уюмуна чынында эле кокусунан, алданып кошулуп калган адамдарды бөлүп кароо керек.

Сирия менен Ирактагы жүздөгөн "жихадчылар" Ооганстанга ооп келе баштады деген маалымат бар. Алардын басымдуу бөлүгү үйлөрүнө, Ооганстандын түндүк райондоруна, Тажикстан, Өзбекстан жана Туркмөнстанга жакын аймактарга отурукташып жатканы айтылат. Ооган бийлиги буга чейин өлкөнүн түндүгүндө "Ислам мамлекети" террор уюмуна кошулган тажик жана өзбек согушкерлери жүргөнүн кабарлаган.

Жакында эле тажик-ооган чек арасына жакын аймакта "Ислам мамлекети" террор уюмуна кошулуп кеткен тажик полковнигинин төрт тууганы күч органдары менен атышууда өлтүрүлгөнү кабарланган. Полиция алар Ооганстанга кетип баратканда колго түшүрүү учурунда ок чыгарганын маалымдаган.

Тажикстандын Ички иштер министрлигинин мартабалуу кызматкери, милициянын полковниги Гүлмурод Халимов 2015-жылы жазында дайынсыз жоголуп кеткен. Көп өтпөй "Ислам мамлекети" террорчу уюмуна кошулуп кеткенин ал өзү жарыялаган. Ага эл аралык издөө жарыяланган.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG