Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:38

Сириядагы тажик полковниктин туугандары өлтүрүлдү


Гүлмурод Халимов
Гүлмурод Халимов

Тажикстандын Ооганстан менен чектеш районунда «Ислам мамлекети» террор тобуна ооп кеткен полковник Гүлмурод Халимовдун төрт тууганы өлтүрүлдү. Алар милиция менен кагылыша кетип, бирин жарадар кылганда атылганы кабарланат.

Окуя 5-июлга оогон түнү өлкөнүн Ооганстан менен чектеш жериндеги Восей районунда болгон.

Күч түзүмүндөгү «Азаттыктын» булагы Гүлмурод Халимовдун туугандарынын тобун 53 жаштагы агасы Султонмурод Халимов баштап баратканын айтты. Анын ырасташынча, алар милицияга каршылык көрсөткөн соң атууга буйрук берилген.

Жараланган адам ИИМдин уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү башкармалыгынын жетекчи орун басары Анвар Хусейнов экени белгилүү болду.

- Бизге бир жарадар офицерди алып келишти. Бычак өпкө тушка сайылыптыр. Жарааты жеңил эле экен, өмүрүнө коркунуч жок. Операциядан кийин ал өзүн жакшы сезип калды, - деп айтты "Азаттыктын" тажик кызматына жергиликтүү дарыгер.

Ал Халимовдун туугандарынын сөөгү окуя болгон жерге жакын Куляб шаарындагы моргго жеткирилгенин кошумчалады.

Уюшма кылмыштуулукка каршы башкармалык аларды ордо калаа Душанбенин түндүгүндөгү Варзаб районунан бери аңдып отурган. Варзаб - Халимовдор туулуп-өскөн, азыр атасы жашаган район:

- Кечээ неберелерим менен уулум бата берип коюңуз, Гиссардан жумуш таптык, иштегени баратабыз деп келишкен. Жол алыс, күн сайын келип тура албайбыз, үйгө жумасына бир келебиз дешти. Бирок бүгүн түнү аскер кийимчен, куралчан топ келип, үйдү тинтүүгө алышты. Алар курал издеп жатышканын айтышты. "Гүлмурод үчүн келдиңерби?" дедим. Алар Гүлмурод менен байланышыңыз барбы деп сурашты. Мен аны менен байланышым жоктугун айттым, - дейт Абдусалим карыя.

Мында Душанбеге жакын Гиссар шаарына барабыз дегендер кандайча түштүктөгү райондо, Ооганстан чегине 25-30 чакырымдай жакын жерде болуп калганы суроо жаратууда. Качкын полковниктин туугандары андан ары Ооганга өтүп кетмек беле деген суроо туулат.

Халимовдун уулу менен иниси кармалган

Быйыл апрелде Душанбеде Халимовдун 18 жаштагы уулу Бехруз кармалган. Ал Орусия аркылуу Сириядагы атасына барууга аракет жасаган деп айыпталып, азыр иши сотко өттү.

Ал эми өткөн жумада Халимовдун алты бир тууганынын бирөөнүн уулу Тажикстанга жеткирилгени белгилүү болду. Ал май айында Орусиянын Адыгей республикасында ал жактагы тажикстандыктарды Халимовдун уулун террорчулардын катарына азгырган деп айыпталууда.

Гүлмурод Халимов
Гүлмурод Халимов

42 жаштагы полковник Гүлмурод Халимов Тажикстан ОМОНнун командири кезинде, 2015-жылдын апрелинде жоголуп кеткен. Кийин Сирияда жүргөнүн билдирген. Акыркы кабарларга караганда ал өткөн жылы Ирак менен Сирияда «Ислам мамлекети» террор тобунун аскер министрлигине дайындалган.

Тажик бийлиги аны мекенге чыккынчылык кылды деп Интерпол аркылуу издөөгө алган. Кошмо Штаттары анын жүргөн жери тууралуу маалымат бергендерге 3 млн доллар убада кылган.

Британиялык «Таймс» журналы Гүлмурод Халимов апрелде Ирактын Мосулундагы чабуулда өлгөнүн жазып чыккан. Тажик бийлиги болсо анын өлгөнү тууралуу ынанымдуу маалыматтар жок экенин билдирет.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG