Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:25

“Ислам мамлекети” тобу Сириядагы акыркы ири таянычынан сүрүлдү


Сирия өкмөтүнө баш ийбеген күчтөр Ракка шаарын ИМ тобунан бошоткон учур. 17-октябрь, 2017-жыл.
Сирия өкмөтүнө баш ийбеген күчтөр Ракка шаарын ИМ тобунан бошоткон учур. 17-октябрь, 2017-жыл.

Сирия армиясы жана анын өнөктөштөрү “Ислам мамлекети” тобунан анын бул өлкөдөгү акыркы маанилүү таянычы Альбу Камалды бошотту.

Армиянын башкы командачылыгы билдиргендей, эми алар ИМ тобунун өлкө чыгышындагы чөлдө калган очоктору менен күрөшүүдө.

“Альбу Камалдын бошотулушу абдан маанилүү, анткени бул "Даиштин" аймактагы долбоору жалпысынан кыйраганын көргөзүүдө”, - деп айтылат армия командачылыгынын билдирүүсүндө.

Альбу Камалдан сүрүлүшү менен “Ислам мамлекети” тобунун согушкерлеринде Сирия менен Иракта алар көзөмөлдөгөн ири аймак калган жок.

Согушкерлердин калган-каткандары, маалыматтарга караганда, Эфрат дарыясынын чыгышы менен батышындагы чөлдөрдө чачырап кеткен.

АКШнын аскерий өкүлдөрү мурдараак Альбу Камалда 2500-3500 миңдей согушкер бар деп эсептеген.

Топтун айрым жетекчилери да Альбу Камалга качып барды деп болжолдонгон.

“Ислам мамлекети” тобуна каршы чабуул Ирак менен Сирияда өз-өзүнчө, бирок бир учурда жасалды.

Чабуулда Орусия Сирияда өкмөттүк күчтөрдү жана ага өнөктөш кошуундарды колдосо, АКШ Иракта өкмөттүк аскерлерге, Сирияда ага өнөктөш күчтөргө жардам берди.

Өткөн айда Сирияда АКШ колдогон Сирия демократиялык күчтөрү “Ислам мамлекети” тобунан Ракка шаарын бошоткон. (UE)

XS
SM
MD
LG