Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 22:11

Надия: Террорчулар бизди мал катары сатышты


Надия Баракат Касим Кытайдын CCTV телеканалына маек берип жаткан учур.
Надия Баракат Касим Кытайдын CCTV телеканалына маек берип жаткан учур.

Сириядагы согуш он миңдеген карапайым адамдын өмүрүн кыйды. Жарадар кылды. Миллиондогон адам мекенин таштай качты. Мындан тышкары туткун болуп, өмүрүнүн бир нече жылы кулчулукта өткөндөр бар.

"Менин аты-жөнүм Надия Баракат Касим. Таль-Узар айылынан болом", - деп сөзүн баштады сулууча келген, кара тору келген муңайым аял.

Телекамерага сүйлөп жатып ал көзүн жерден алган жок. Тике карай албай, оор тагдырын акырын баяндап жатты. Ал бир нече жыл мурда эле балалуу, бактылуу аял болчу.

"2014-жылы баарынан айрылдык. "Ислам мамлекети" террордук тобу басып кирди. Бала-бакыра, аял-эркек – баарын кошкондо үч жүздөй киши элек. Эркектерибизди өзүнчө бөлүп, жерге көмкөрөсүнөн жаткырышты. Көрпө төшөктөр менен үстүнөн жабышты. Анан… Өлтүрүштү...".

Надия Сириянын түндүгүн байырлаган езид элинин кызы. Анын башынан өткөн тагдыры башка жердештериникинен көп айырмаланбайт. Бир гана айырмачылык Надия өзүн “Ислам мамлекети” деп атап алган террордук топтун торунан аман кутулду. Бирок ошол туткунда жүргөн жылдар анын өмүрүнө кара так салды.

"Кээ бирибиз кеминде он жолудан сатылдык. Малды базарга алып чыккандай эле... Мени саудиялык аял сатып алды. Колго эле чаба берчү. Колумду үч ирет сындырды".

Надия Баракат Касим
Надия Баракат Касим

Надиянын оң колу манжаларынын учунан чыканагына чейин гипстелип, таңылган. Бирок аны азыр колунун дарты эмес, балдарынын тагдыры катуу түйшөлтүп тургандай:

"Кийин уксам уулумду Дамасктагы чөлгө алып кетишиптир. Ал жакка балдарды төрт машинеге жүктөп барышыптыр. Кызым “Ислам мамлекетинин” Ирактагы жоочусунун колуна түшүптүр. Азыр кайда экенин билбейм".

Сириядагы жарандык согуштун тутанганына 15-мартта толук сегиз жыл толду. Кийин ага террорчулар аралашып, өзүн “Ислам мамлекети” атаган топ Сирия менен Ирактын чоң бөлүгүн 2014-жылы басып алган. Халифат орнотконун жарыялаган. Террорчулар менен Сирия өкмөтү да, ага каршы чыккан оппозиция да, эки тарапты колдоп АКШ, Орусия өңдүү өлкөлөр да күрөштү.

Ошол күрөшкөндөрдүн бири Сириядагы жергиликтүү күрд, араб, түркмөн отряддарынан куралган “Сирия демократиялык күчтөрү” альянсы. Алардын аскер операцияларына Кошмо Штаттар абадан колдоо көрсөтүп келет. Альянс “Ислам мамлекети” тобун акыркы чеби - Багхуз толук кулаганын 20-мартта жарыялаган. Жүздөгөн согушкерлер багыныптыр.

Акыркы күнү жана альянс чөлкөмдү камалоого алган ага чейинки жумаларда миңдеген адам колун көтөрүп чыга беришкен. Алар террордук топтун мүчөлөрү, террорчулардын үй-бүлөсү же туткундары деп эсептелип, атайын жайларга жайгаштырылган.

Надия Баракат Касим да ошондой жерде кармалып турат. Баштапкы турмушубуз калыбына келер бекен деген үмүтү зор:

"Кудай буюрса, Таль-Узардагы бейпил турмушубуз кайтаар дейм. Үйлөнүү тоюбуз өткөн, балдарыбыз жаныбызда, тууган-уругубуз жаныбызда жүргөн күндөр... Кудайдын ырайымы болуп калаар...".

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG