Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:29

Надия - согушта кордолгон аялдардын үнү


Надия Мурад
Надия Мурад

Нобелдин Тынчтык сыйлыгы быйыл эки кишиге тапшырылды. Алардын бири - Надия Мурад. Ага “башынан өткөргөнүн, башкалар көргөн кордукту дүйнөгө айтып берген чечкиндүүлүгү жана эр жүрөктүгү” үчүн ыйгарылды.

Надия согушкерлердин барымтасында өткөргөн үч ай ичинде уруп-сабалып, зордукталып, колдон колго сатылган.

- ...Биздин адамгерчилигибиз улуттук кызыкчылыктын, саясаттын өзөгү болушу керек. Акыйкат, өнүккөн, ар бир адамга татыктуу жашоо тартуулаган дүйнөнү куруу үчүн бирге иштешибиз зарыл...

Сыйлык ыйгарылганын уккандан кийин Надия ушинтип сөз баштады.

Арыкчырай, чап жаак, сурмалуу кара көзү муңайым тиктеген кыз 25 жашта.

Төрт жыл мурда дал ушул күндөрү Надия туткунда жаткан.

Туткундан бошотулган езид аялдары. 3-август, 2017-жыл.
Туткундан бошотулган езид аялдары. 3-август, 2017-жыл.

2014-жылдын августунда “Ислам мамлекети” террордук тобу Ирактын түндүгүндөгү Синжар шаарын жана анын айланасындагы езиддер жашаган айылдарды басып алат. Надия ошол тегеректен барымтага алынган 7 миң кыз-келин, аялдардын арасында болчу. Аларды атайын бир жайга алып барышат. Жоочулар аларды белек же товар катары колдонушканын Надия айтып чыккан:

- Башымды көтөрүп, килейген кишини көрдүм. Тимеле түрү суук болчу. Ыйлап ийдим. “Мен өтө жашмын. Сен эңгезердей экенсиң” деп ыйламсырадым. Ал мени урду. Бир топтон кийин башкасы келди. Анысы кичирээк экен. Биринчисинен ушунчалык коркуп тургандыктан "мени алып кет" деп ага жалбардым.. Ал диниңди өзгөрт деди. Болбодум..

..Аз күн өтпөй ал мени кийинип, боён деди. Ошол ырайымсыз түндө ал "ишин" жасады... Ал мени күн сайын кордочу. Качып кетейин дегенде күзөтчүлөрдүн бири кармап калды. Ошол түнү ал мени дагы сабады. Кийимимди чечүүнү буйруду. Күзөтчүлөрдүн бөлмөсүнө алпарды. Андан кийин алар эс-учумдан танып жыгылгыча зордукташты...

Болгария менен Түркиянын чегиндеги езид качкындары. 1-июль, 2015-жыл.
Болгария менен Түркиянын чегиндеги езид качкындары. 1-июль, 2015-жыл.

​Колдон колго өткөрүлүп, бир нече жолу сексуалдык кулчулукка сатылат. Акыры 2014-жылдын ноябрында, үч айлык туткундан качып чыкты. Анан качкындар тобу менен Германияга келип, согуш аймактарында зомбулукка туш болгондордун үнүн дүйнөгө, чечим кабыл алуучу адамдарга жеткирүү үчүн жан үрөйт.

- Азыр Надия бүтүндөй дүйнөдөгү эркиндик менен тынчтыктын символу. Акыркы төрт жылда ал өз кайрылуусун дүйнөгө жеткирип, Сирия, Ирак, Мосулдагы езид аялдарына жасалган акыйкатсыздыкты чындап жеткире алды. Езид аялдарына карата адам чыдагыс зомбулук болуп жатканын жана адам соодасын ашкереледи. Анын Нобел сыйлыгын жеңгени биз үчүн чоң жана маанилүү жетишкендик, – деди Ирактагы езид аялдарына жардам берген уюмдун жетекчиси Сусан Сафар.

Надия Мурад 2016-жылы Улуттар Уюмунун ак ниеттик элчиси болуп дайындалган. Буга чейин адам укуктары боюнча Вацлав Гавел жана Сахаров сыйлыктарын алган. Езид кызды “Time” журналы 2016-жылкы 100 таасирдүү адамдын бири деп тааныган.

Надия
Надия

Сыйлыктын акчасы – тогуз миллион швед крону же бир миллион долларды Мурад Тынчтык сыйлыгынын дагы бир лауреаты, доктор Денис Муквеге менен бөлүп алат. Надия ал каражатты аз болсо да азыркы ишине жумшаарын айтты:

- Бирок, силер билгендей, жарым миллион доллар барымтада жаткан 3000 езидди айырбаштап алууга жетпейт. Демейде алардын ар бирин бошотуп алууга 20-30 миң доллар талап кылынат. Бир байге фонду Синжардагы 400 миң езиддин бир күндө таланган мал-мүлкүнө татыбайт. Сыйлык акча 2014-жылы «Ислам мамлекети» террор тобу тыйпыл кылган езид айылдарындагы үйлөрдү кайра тургуза албайт. Сыйлык акча Ирактын түндүгүндөгү убактылуу лагерлердеги 350 миң езидди тойгузуп же үйүнө кайтара албайт.

Нобел сыйлыгын тапшыруу аземи 10-декабрда Альфред Нобел дүйнө салган күнү өтөт.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG