Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:29

Уулу Сирияда өлгөнүнө ишенбеген эне


Сирияга жана Иракка кетип калган кыргызстандыктардын саны 600дөн ашты.
Сирияга жана Иракка кетип калган кыргызстандыктардын саны 600дөн ашты.

Сузак районундагы Бек-Абад айылынын 34 жаштагы тургуну Сириядагы согушта каза тапканы тууралуу маалыматты күч органдары тактап жатышат.

57 жаштагы Халыскан Жапаркулова уулу Сирияда каза тапты деген маалыматты укса деле баласынын тирүүлүгүнөн үмүтүн үзө элек.

Ушул жылдын август айынын этегинде белгисиз бирөөлөр “Мансур шейит кетти, биз аны жерге берип келдик” деген жазуусу бар баракты таштап кетишкен. Бирок эне ага ишене албай турат.

- Балам тартиптүү, жакшы бала болчу. Өз көзүм менен көрбөгөн соң анын каза тапканына такыр ишене албай жатам. Быйыл жазында Бишкекке иштегени кетип, андан ары Орусияга баратканда телефон аркылуу сүйлөшкөнбүз. Анда “апа, мен Орусияга баратам, жумуш жакшы болбосо, андан ары Түркияга кетем” деп айткан болчу. Бул балам менен акыркы сүйлөшүү эле. Андан бери такыр дайыны билинбей кетти. Кийин УКМК кызматкерлери келип, "балаңыз Сирияда жүргөн экен" деп билдиришти.

Сирияда согушуп жүргөн борбор азиялыктар
Сирияда согушуп жүргөн борбор азиялыктар

Үч кыздын атасы Мансур Жапаркулов ушул жылдын жаз айларында жумуш издеп чет жакка кеткен боюнча дайыны чыкпай жаткан. Каза тапты деп кабарын уккан жакындары азырынча тажиясын да өткөрүшө элек.

Айылдаштарынын айтуусунда, Мансур Сирияда жардыруудан улам талкаланган имарат алдында калган эне-баланы куткарам деп көзгө атарлардын огуна жаңылган. Андан соң анын жансыз денеси тартылган сүрөттөр жакындарына интернет аркылуу жөнөтүлгөн. Бул жагдайды Халыскан Жапаркулова жумушсуздук менен байланыштырды.

- Эгерде балам ушул жерде иштеп, үй-бүлөсүн бакса ушул көргүлүк жок эле. Мурун да бир-эки жолу сыртта иштеп келип, көпкө чейин байланышпай жүрчү. Бул жолу да балким уулум бир күнү эшик каккылап кирип калат деп үмүттөнүп турам. Балам тууралуу эч нерсе деп айта албайм, анткени ал 34 жашка чыкты, акыл-эси жайында, өзү чечим кабыл алат. Эгер кокус өмүрү кыска болуп, каза тапса жайы жаннатта болсун.

Бизди алагды кылуу максатында Сирияга кеткендер жалгандан эле өзүн өлдү деген маалыматтарды таратып коюшат.

УКМКнын облустук башкармалыгы бул тууралуу азырынча так маалымат жоктугун айтат. Ал эми облустук ички иштер башкармалыгынын 10-бөлүмүнүн кызматкерлери тактоо иштерин жүргүзүп жатышат. Мансурдун каза болгонун ырастаган сүрөттөр болгону менен, балким ал жалган да болушу ыктымал дейт атын атагысы келбеген УКМКнын кызматкери.

- Бизди алагды кылуу максатында Сирияга кеткендер жалгандан эле өзүн өлдү деген маалыматтарды таратып коюшат. Былтыр танк менен барып жарылган Сузактын Ырыс айылынын тургунунун өлүмү расмий такталган. Кечээ жакында эле Аксыдан да бир жаранды ошол жакта каза болду деп маалымат таратышкан болчу. Бирок аны кийинчерээк тирүү таап алдык. Ал жакта жүрүп каза болгондорду тактоо иштери бир аз кыйын. Мансур Жапаркуловдун каза болгондо тартылган сүрөттөрү бар экен, бирок ага да ишенүүгө болбойт, балким ал да жасалма чыгышы мүмкүн. Бул багытта азыр тактоо иштери жүрүп жатат.

Сузактын Бек-Абад айылы экстремисттик уюмдар кеңири кулачын жайган аймактардын бири катары укук коргоо органдарынын көзөмөлүнө алынган. Акыркы эки жылдан бери бул аймакта түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөнүнө карабай, Айт намаздары Кыргызстанда белгиленгенден башка күндө окулуп келет. Мындан сырткары "Хизб-ут Тахрир" диний-экстремисттик уюмуна мүчө катары 68 адам каттоого алынса, анын 12си соттолгон. Ушул эле айылдан төрт киши Сирияга кеткени аныкталган.

Атабеков айыл округунун башчысы Шухрат Шералиев бул багытта жыл сайын түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп турарын айтат.

- Биздин айыл өкмөттүн социалдык кызматкерлери укук коргоо органдары менен бирге башка диний агымдарга кирген жана багытын өзгөрткөн жарандарды каттоого алып, жекеме-жеке түшүндүрүү иштерин алып барабыз. Аны менен катар бул багытта жалпы айыл тургундары арасында да алдын алуу иштери жүргүзүлөт. Бирок жергиликтүү бийлик аларды суракка алууга жана тактоого укугубуз жок. Ал эми Сирияда каза тапты деп айтылып жаткан Мансур Жапаркулов тууралуу бизде да так маалымат жок.

Расмий кабарларга ылайык, Сирияга жана Иракка кетип калган кыргызстандыктардын саны 600дөн ашып, анын 70тен ашыгы каза тапты.

XS
SM
MD
LG