Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:16

Сирияда «жихаддын» жигери кайтты


Багхуз, 4-март, 2019-жыл
Багхуз, 4-март, 2019-жыл

Сириянын чыгышында күрттөр баштаган күчтөр эл аралык коалициянын абадан колдоосу менен жихадчылар калкан катары пайдаланып келаткан карапайым элди эвакуациялашты.

3-4-март күндөрү Багхуз шаарчасынан 800дөй киши коопсуз жайга көчүрүлдү. Оппозициядагы «Сирия демократиялык күчтөрүнүн» өкүлү алардын арасында жихадчылардын үй-бүлөлөрү менен куралдарын таштап, багынып берген согушкерлер да бар экенин билдирди.

Жихадчылар «халифат» деп жарыялап алган аймактын акыркы бөлүгүн – Багхуз шаарчасын жана айланасындагы райондорду кайтаруу операциясы өткөн жумада жанданган. Бирок «Ислам мамлекетинин» террорчулары карапайым элди тирүү калкан катары пайдалангандыктан, чабуул басаңдаган.

Демократиялык күчтөрдүн өзөгүн түзгөн күрт кошуундары жихадчылардын катары суюлуп баратканы менен катуу туруштукка туш болушууда. Ушу тапта миңге жакын экстремист-согушкер көзгө атарларды, жанкечтилерди, жер астындагы туннелдерди пайдаланып катуу согушуп жатат.

«Сирия обсерваториясы» салгылашуулардын акыркы баскычында «Демократиялык күчтөрдүн» жети жоокери жана 18 жихадчы каза болгонун маалымдады.

4-мартта көптөгөн согушкер багынганы да кабарланды. «Сирия демократиялык күчтөрүндөгү» булактар 150 жихадчы колго түшүрүлгөнүн бышыкташты.

Багхузду бошотуу операциясы гуманитардык абал канчалык оор болуп жатканын көргөздү. Айлап бомбаланып жаткан шаардын тургундары тамак-ашсыз, дары-дармексиз жашап келишти. Эл аралык кызыл чырым комитети миңдеген киши суукта, жаанда ачык асман астында же жука чатырларда түнөп жатышканын билдирип, качкындарга жардам берүүгө чакырды.

Багхузда кармашкан жихадчылардын көбү чет өлкөлүктөр. Аларды мекендерине кайтаруу да бир топ мамлекеттер үчүн баш ооруга айланды.

«Ислам мамлекети» экстремисттик тобу 2014-жылы Ирак менен Сириянын айрым чөлкөмдөрүн басып алып «халифат» деп жарыялашкан. Аларга каршы күрөшүү үчүн 80ге жакын мамлекет коалиция түзгөн.

«Халифат» иш жүзүндө 2017-жылы террорчу уюм эки өлкөдө тең ири аймактарды колдон чыгаргандан кийин кулаган.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG