Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:46

Сириядагы кыздарын күткөн энелер


Сириянын «Аль-Хол» лагеринин аймагы. 3-июнь, 2019-жыл.
Сириянын «Аль-Хол» лагеринин аймагы. 3-июнь, 2019-жыл.

Кыргыз бийлиги Ирактын лагерлеринде кармалып жаткан жарандарынын балдарын быйыл сентябрь айынын башында алып келгени жатат. Ал эми Сириядан кыргызстандыктарды кайтаруу боюнча сүйлөшүүлөр дагы эле уланууда.

Ал ортодо ар кандай шартта Сирияга кетип, ошол жактагы лагерлерде катаал шартта күн кечирип жаткан кыздарын, неберелерин эртерээк алып келип берүүнү бийликтен өтүнгөн энелер «Азаттыкка» арманын айтышты. Мария, Асма жана Сумая аттуу кыргызстандык келиндердин тагдыры тууралуу алардын апалары айтып берди. Бул келиндердин Сириядагы аты менен Кыргызстандагы аты башкача.

«Кызым Сирияга күйөөсүн ээрчип кеткен»

Наиля Хасанова.
Наиля Хасанова.

Наиля Хасанованын кызы атын Сирияга барганда Асма деп өзгөртүп алган. Ал 2014-жылы Түркияга күйөөсүнүн артынан кетип, андан ары Сирияга өткөн экен. «Ошол кезде Асма кош бойлуу болчу», - дейт апасы Наиля.

«Күйөөсү ошол жакка иштегени кеткен эле. «Кызым бизде болуп турсун» деп кайненесинин үйүнөн алып келип алгам. Күйөөсү менен жазышып жатып эле, «күйөөм кайда болсо ошол жакта болушум керек» деп артынан кетип калды... Биз алып калганга аракет кылдык, бирок болбоду... Өздөрү деле жаңыдан баш кошкон эле, чогуу көп деле жашашкан жок. Ошол жактагы достору «жакшы жумуш бар» деп чакырышыптыр. «Кийин жарандык алса да болот» деп айтышыптыр. Кызым кеткенден кийин «жетип алдым, баары жакшы, күйөөм тосуп алды» деп айткан. Ортодо бир канча убакыт байланыш үзүлүп калды. Кийин январда кыз төрөгөнүн кабарлады. Биз алар Түркияда экен деп эле жүргөнбүз. Кийин УКМКнын кызматкерлери келип алардын Сирияда экенин айтышты. Албетте, башында ишенген жокпуз. Кийин күйөө балабыз ошол жакта каза болгонун уктук».

Ортодо байланыш үзүлүп, бир канча убакыт Наиля кызынын кайда, кантип атканы тууралуу маалымат ала албай калат. Кийин согуш жүрүп жаткан аймактан качкындардын лагерине келген башка кыргызстандык келиндер Асма аттуу келин да ошол жерде экенин айтышат.

Азыр биз СМС билдирүү аркылуу гана сүйлөшүп жатабыз. Ошончо убактан бери кызымдын үнүн уга элекмин.

«Күйөө баламдан кийин «кызым эмне болду, тирүүбү» деп ойлоно баштадым. Кийин башка бир ата-энеден менин кызым да лагерде экенин уктум. Мен үчүн бул күтүүсүз кабар болду. Азыр биз СМС билдирүү аркылуу гана сүйлөшүп жатабыз. Ошончо убактан бери кызымдын үнүн уга элекмин. Кечээ эле жазыштык, абалы өтө оор экенин, ал лагерде Кыргызстандан баргандар көп экенин айтты... «Жашоо үчүн такыр шарт жок» дейт. Суу, тамак-аш жок. Алар жөн гана жашоо үчүн күрөшүп жатышат».

«Кызым Кыргызстан деген бейишке кайткысы келет»

Хамида Якубова.
Хамида Якубова.

Хамида Якубова соңку бир нече жылдан бери Москвада иштейт.​ Анын кызы 18 жашка толгондон көп өтпөй Сирияга «диний билим алам» деген максатта кеткен экен. Атын ошол жакка барганда Мариям деп өзгөрткөн. Турмушка чыгып, кыздуу болгон. Күйөөсү каза болгондон кийин «Аль-Хол» лагерине келген.

«Эмнегедир бир балээ болуп кетет, балам бир нерсеге илешет деп такыр ойлогон эмесмин, күткөн да эмесмин. Кызым Москвада тырмак жасап (маникюр, педикоюр) иштечү. 2014-жылы 18 жашка чыкты, 4 күндөн кийин жумушка кетип эле кечинде үйгө келбей калды. Телефону да өчүк. Эмне болгон учурда деле Москвада биз башка өлкөнүн жарандарыбыз. Эртеси милицияга барганда «бир-эки күн ойноп кайта келет» деп койду. Бул көнүмүш эле болуп калган окшойт. Бирок кызым келген жок».

Эки күн өткөндө Хамида кызынан «Апа, мен Сириядамын» деген СМС билдирүү алат. Ошол убактан бери Кыргызстандын Москвадагы элчилиги, Орусиянын ФСБсы менен бирге иштеше баштайт. Кызын кайтарып алып келүүнүн жолун издейт.

Турмушка чыгып, ал жакта кыздуу болуптур. Аны Сирияга да маркум күйөөсү чакырыптыр.

«Эгер «сенин балаң ошол жакка барып калат» десе эч ишенмек эмесмин. Кудай сактасын, эч кимге андай тагдыр буюрбасын... Ошол жылдары менин кызым кырдаал өтө курч Багхуз аймагында жүрүптүр. Турмушка чыгып, ал жакта кыздуу болуптур. Аны Сирияга да маркум күйөөсү чакырыптыр. Ага чейин алар Интернеттен сүйлөшүп жүрчү экен. Мендеги маалымат ушундай... Кызым ошол жакка барып турмушка чыгыптыр, кийин ошол жакта күйөөсү каза болуптур. Күйөөсү деле Кыргызстандын жараны. Азыр кызы 3кө чыгып калды. Баласы менен кайда барат? Аялдар ал жакта үйдө балдар менен отурат экен. Убакыт өткөндө эмнеге кетип калганын сурай баштадым. «Исламды окуйм деп келгем, мага ошентип айтышкан» деди. Ошондуктан ал жакка барып калгандардын көбү, өзгөчө 17ден 22 жашка чейинкилер - алданып кеткендер. Январь айында ал Хасеке шаарына жакын жердеги «Аль-Хол» лагерине келиптир. Ал жерде үч лагерь бар экен».

Хамида Якубова бийликтен Сириядагы кыргызстандык балдарды алып келүү процессин тездетүүнү суранып жатат. Энелер лагерде да кырдаал курчуса балдарынын изин жоготуп алуудан коркушат.

«Алар өтө катаал шартта күн кечирип жатышат. Суу жок... суу бар, бирок кир. «Сууну бир нече жолу кайнатып, кайра тундуруш керек» дешет. Ал үчүн күйүүчү май керек. Чөлдө эле жашап жатышат да. «Апа, акча жөнөтүңүзчү, жегенге эч нерсе жок» дейт. Акчаны кайда жөнөтөсүң? Же банк болбосо... Кээде балдарынын, өздөрүнүн кийимин сатып тирилик кылышат экен. «Жаңы төрөлгөн ымыркайдан баштап 3-4 жашта чарчап калган, карды тойбогон балдар көп» дейт. Лагерде анча-мынча жакшыраак жашаган чет элдиктер да бар экен. Эртең менен туруп ошолорго суу ташып, кирин жууп беришет экен. Бир суу ташып бергени биздин акчага 1 сомдой... «Кээ бирөөлөр самсы, салат жасап беришет» дейт».

Хамида да көпчүлүк энелер сыяктуу кызы, небереси менен СМС билдирүү, «WatsApp» аркылуу сүйлөшөт.

«Апа, лагерди бомбалаган учурда сөөктөрдү аралап качтык» дейт.

«Эгер биздин балдар күнөөлүү болсо алар ушул жакта, Кыргызстандын мыйзамдарынын негизинде жоопко тартылсын. Тагдыр аларды ансыз деле катуу жазалады. «Апа, лагерди бомбалаган учурда сөөктөрдү аралап качтык» дейт. Жардыруу болгондо адам да бир нече бөлүккө бөлүнүп кетет да, ошолордун арасынан качканын айтат. Мен элестетип алып жаман болом. Алар ансыз деле тозокто жүрүшөт. Өздөрүнүн жаңылыштыгы үчүн тагдыр аларды ушинтип жазалап жатат. Менин үчкө чыга элек неберем «Мен Кыргызстанга кетким келет» деп сүйлөп жатат. Бул балдар Кыргызстан жөнүндө билишпейт, бирок Кыргызстан алар үчүн ошол тозоктон кутулуп келе турган бейиш болуп турат. Албетте, бул үчүн мен да күнөөлүүмүн. «Эмне кылып атасың?» десем «“Однокласникиде” отурам» дечү. Ошол социалдык тармактар аркылуу көптөгөн жаштар жабыркады. Мен «кайсы жерден, эмнени өткөрүп жибердим, кайсы жерден ката кетирдим» деп өзүмдү күнөөлөйм. Кызым ал тургай намаз деле окучу эмес, кадимки эле жаштардай жынсы кийип эле жүрчү. Ал менин жалгыз кызым».

«Баламдан дайын жок, ал жакта эки баласы калды»

Сирияга Калиман Бекболотованын да баласы кеткен. Дээрлик жарым жылдан бери анын дайыны жок. Учурда «Аль-Хол» лагеринде эки небереси жана атын Сумая деп өзгөрткөн келини күн кечирүүдө.

Калиман Бекболотова.
Калиман Бекболотова.

«Баламдан дайын жок. Эки эркек баласы, келинчеги калды. Ошолорду алып келейин деп чуркап жатам. Балам ушундай болуп калды... анан эмне кылайын эми? Неберелеримди ошол жактан чыгарышым керек. Көбү алданып, адашып кеткендер. Көбү «диний билим алабыз, иштейбиз» деп кетип ушундайга туш болуп жатат. Менин балам 2013-жылдын октябрында кеткен. Ошол бойдон жарым жылдай кабары жок болду. Бир күнү бизге да №10 бөлүмдөн, УКМКдан келип, баламдын Сирияда экенин айтышты. Башыма кайнак суу куюп жибергендей болду. Азыр тирүүбү-жокпу, дайынын деле билбейбиз. Биринчи жолу «Албанияда иштейм, заводдо машине айдайм» деп айтып жүрдү. Кийин «үйлөндүм, балалуу болдум» деди. «Үй-бүлө куруп жатса тынч эле жер окшойт, согуш болгон жерде андай болбойт го» деп ойлодум».

Калиман Бекболотованын айтымында, баласы үй-бүлөсүн лагерге жеткирип коюп өзү кеткен бойдон дайынын билдире элек.

«Кетем десе деле кетирбейт экен. «Бир баргандарды чыгарбайт» дейт. «“Динди саттыңар” деп эле атып салат экен» деп угуп калабыз. Лагерге келгенге чейин деле кыйын жол экен. Согуш аймагынан өтүп келиш деле өзүнчө азап... Угушубузга караганда, үй-бөлөсүн лагерге жеткирип коюп өзү кетиптир... Азыр бир баласы 1,5, экинчиси 4 жашта. Аялы деле кыргызстандык. Кыргызстанга келсе, күнөөсү болсо - мойну менен тартат. Кандай болсо да өзүбүздүн эл го! Мындай эч кимдин башына келбесин. Биз деле ушуну көрөйүн деп тилеген жокпуз, балдар балалык кылды...»

Кыргыз өкмөтү тараткан маалыматка караганда, Сириядагы качкындар лагеринде кармалып жаткан кыргыз жарандары менен жолугуп, дайынын билиш үчүн эл аралык уюмдар менен сүйлөшүүлөр Кыргызстандын Түркиядагы дипломатиялык корпусу аркылуу жүрүп жатат. Сирия менен Ирактагы кыргызстандыктарды кайтарып келиш үчүн өкмөттө вице-премьер-министр Жеңиш Разаков баштаган жумуш тобу түзүлгөн.

Жакында УКМК Сирия менен Ирактын согуштук аймактарындагы качкындар лагеринде жүргөн кыргызстандыктарды кайтаруу боюнча иштердин экинчи этабы уланып жатканын билдирди. Маалыматка караганда, террордук иш-аракеттерге катышкандардын жарандыгы аныкталып жатат.

«Ал жерде көбүнүн балдары бар болгондуктан мекенге кайтарып келиш үчүн ата-энесинин макулдугу керек, бирок атасы же энеси атайын текшерүү иштери аяктаганча Сириянын, Ирактын аймагында калышы зарыл. Эгер ата-энеси террордук иш-аракеттерге катышы бар болсо алар балдарга болгон укугунан ажыратылат», деп жазылат мекеме тараткан билдирүүдө.

Жарандар мекенге кайтып келгенде реабилитациядан өтүп, мыйзамдын талаптарына ылайык жоопкерчилиги аныкталат. Сирия менен Ирактын согуш аймактарындагы жана качкындар лагерлериндеги Кыргызстандын жарандарын кайтарып келүү президенттин көзөмөлүндө турат.

УКМКнын маалыматы боюнча, ушул күнгө чейин Сириянын согуш жүргөн аймактарына баш-аягы 800дөй кыргыз жараны кеткен. Анын ичинен 200дөн ашыгы курман болгон. «Ислам мамлекети» тобуна кошулуп кеткен кыргызстандыктардын 140ка жакыны аялдар экени айтылып жүрөт.

Айрым маалыматтарга караганда, Сириядагы «Аль-Хол» лагеринде эле 70 миңдей киши бар. Алардын 10 миңден ашууну чет өлкөлүктөр болсо, 7 миңдейи балдар.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
XS
SM
MD
LG