Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:10

Жат агымдардын диний ишенимге таасири


Канатбек Мурзахалилов жана Абай Кенжекулов.
Канатбек Мурзахалилов жана Абай Кенжекулов.

Кыргызстандагы диний кырдаалга араб өлкөлөрүнөн, Түркия жана Пакистандан келген жааматтар кандай таасирин тийгизет?

Маселени эксперт Канатбек Мурзахалилов менен дин изилдөөчү, дин социологиясы боюнча Стамбул университетинин докторанты Абай Кенжекулов "Азаттыктын" "Биз жана дин" түрмөгүндө талдоого алышты.

Канатбек Мурзахалилов: Талдоочулардын айтымында, Кыргызстандагы диний кырдаалга араб өлкөлөрүнүн, Пакистан жана Түркиянын таасири күчтүү экени айтылып келет. Соңку кезде булардын сөзүн сүйлөгөн динчил жаштардын тобу пайда болгону жашыруун эмес.

Абай Кенжекулов: Анткени, динге берилген жаштардын көбү ошол жактан окуп жатат. Пакистандан, Индиядан окугандардын басымдуусу “Таблиги жамаат” баштаган агымдарга ыктап турат. Түркиядан, араб өлкөлөрүнөн дагы көптөгөн агымдар келип жатат.

Соңку кезде Кыргызстанда “салафизм” темасы актуалдуу боло баштады. Анын башаты араб өлкөлөрүндө жатканы белгилүү.

Түркиядан келген топторго - “сулайманчылардын”, “нуржулардын” жамааты кирет. “Нуржуларды” да бир канча топко бөлүп кароо зарыл.

Мындан тышкары Кыргызстанда "гүленчилер" жамааты да иштеп жатканы маалым.

Канатбек Мурзахалилов: Дин тармагындагы мамлекеттик саясаттын негизги максаты - диндер ортосундагы ынтымакты, сабырдуулукту чыңдоо, диний экстремизмге каршы күрөшүүнүн натыйжалуу ыкмаларын иштеп чыгуу. Бул максатта мамлекет - ислам дининин ханафий- мазхабынын (багыты, окуусу) матрудий акыйдасын таанып, ага колдоо көрсөтүп келет. Бул колдоо жогоруда сиз санап өткөн диний жамааттардын ишмердүүлүгүнө кандай таасирин берип жатат?

Абай Кенжекулов: Башаты Түркиядан келген жамааттар, кыймылдар матрудий багытына маселе жаратпайт. Ал эми араб өлкөлөрүнөн же башка ислам дүйнөсүнөн келген топтор диний кырдаалга ар кандай таасирин тийгизиши мүмкүн. Дин саясатын жүзөгө ашырууда мамлекет койгон бул эреже айрым топторго жакпай калышы да мүмкүн.

Ханафий-мазхабы (багыты, окуусу) бул – амалдык мазхаб. Мисалы, ханафий-мазхабын тутунуп, бирок ишеним тарабынан матрудийликти карманбаган топтор да бар. Айрымдары “макул” деп кабыл алганы менен ишеним тарабын кабыл албайт.

Канатбек Мурзахалилов: Сиздин оюңузча кайсы диний жамаат өлкөдөгү мусулмандардын колдоосуна ээ боло тургандай күчкө ээ?

“Хизб ут-Тахрир” уюму Борбор Азия өлкөлөрүнө атайын план менен кирген. Бул пландар кайра-кайра артка кетип, аткарылбаганы үчүн “булардын иши жүрбөй калды” деген ой жаралууда. Анткен менен уюмдун мүчөлөрү жашыруун болсо да өз ишин аткарып жатат.

Абай Кенжекулов: Бул татаал суроо. Себеп дегенде биздеги диндарлашуу процесси кандай жолдо баратканын убакыт көрсөтүп жатат. Келечекте биздин жаштар кайсы бир топко көбүрөөк ишенип ыктаса, балким ошол топтун таасири күчөшү мүмкүн. Кайсы бир диний топ “кыргыз коомуна сиңип, анын колдоосуна ээ болду” деп айтуу да оор. Бирок, кандайдыр бир деңгээлде элибизде маданий, диний жана улуттук иденттүүлүк бар. Ошол иденттүүлүктүн негизинде кандайдыр бир диний топко көбүрөөк ыкташыбыз дагы толук мүмкүн.

Канатбек Мурзахалилов: Кайсы диний жамаат кээ бир мусулман өлкөлөрүндөгүдөй саясий жана коомдук көйгөйлөрдү жаратышы мүмкүн? Анын негизги объективдүү, субъективдүү себептерине токтоло кетсеңиз.

Абай Кенжекулов: Ислам дүйнөсүнүн алкагында карай турган болсок, араб өлкөлөрүндө пайда болгон айрым диний кыймылдардын ишмердүүлүгү саясий мүнөзгө ээ. Айрым учурда алар менен мамлекеттик структуранын ортосунда келишпестик болушу мүмкүн. Мисалы, “Гүлен” жамааты Түркияда террордук уюм деп таанылды. Бул аспектини дагы эске алуу керек. Кээде диний жамааттар кандайдыр бир саясий окуяларга, мамлекеттин саясий багытына да таасирин тийгизет.

Араб өлкөлөрүнөн келген кыймылдарда саясий амбиция күчтүү. Тарыхка кайрылсак, мусулман эмес өлкөлөр менен чатакташкан учурлары болгон. Бул өтө терең, изилдей турган маселе.

Канатбек Мурзахалилов: Кыргызстан “Таблиги жамаат” уюмуна тыюу салбаган жалгыз постсоветтик өлкө. Шанхай Кызматташтык Уюму, Жамааттык Коопсуздук Келишим Уюмуна мүчө өлкөлөрдө да бул уюм тыюу салынган топтордун катарына кирет.

2017-жылы Бишкектеги Октябрь райондук сотунун чечими менен “Таблиги жамааттан” бөлүнүп кеткен “Йакын инкар” экстремисттик кыймыл деп табылып, өлкө аймагында анын ишмердигине тыюу салынган. Бул эки уюмдун жалпы окшоштуктарын жана айырмачылыктарын айтып бере аласызбы?

Абай Кенжекулов: Буга чейин Кыргызстанда “Таблиги жамаат” уюмунун ичинде мынчалык чоң бөлүнүү болгон эмес. Дүйнөдөгү ислам уюмдарынын арасында “Таблиги жамаат” негизи “тынч” уюмдардын катарына кирет. Кандайдыр бир мамлекеттик структураларга өзүнүн каршылыгын билдирбеген, диндин “ишеним”, “ибадат” жолдорун тандап келе жаткан уюм катары таанылган.

“Йакын инкар” деген топ бизде кийин эле актуалдуу боло баштады. “Йакын”, “инкар” деген сөздөр негизинен “Таблиги жамааттын” идеологиясында, түшүнүгүндө бар нерсе. Бул таптакыр эле өзүнчө пайда болгон уюм эмес. Болгону биздеги “Таблиги жамааттан” бөлүнүп чыккан “Йакын инкарды” ушул эле уюмдун фундаменталисттери катары бааласак болот.

Канатбек Мурзахалилов: Анда мамлекет бул кыймылдын ишмердүүлүгүнө туура эмес тыюу салдыбы?

Абай Кенжекулов: Мен бул чечимди “туура же туура эмес” деп так кесе айтуудан алысмын. Бул топту экстремисттик деп атоого кандай себептер жана критерийлер бар? Чечимди ошого жараша гана баалоо керек. Мамлекет бул топту улуттук коопсуздукка, конституциялык түзүлүшкө, элдин тынчтыгына кооптуу деп баалап, анан гана чечим чыгарганын унутпашыбыз керек.

Канатбек Мурзахалилов: Кыргызстанда тыюу салынган “Хизб ут-Тахрир” диний партиясынын активдүүлүгү 2000-жылдарга салыштырмалуу анчейин байкалбайт. Бул уюм динчилдер арасында таасирин жоготту десек болобу?

Абай Кенжекулов: “Хизб ут-Тахрир” уюму Борбор Азия өлкөлөрүнө атайын план менен кирген. Бул пландар кайра-кайра артка кетип, аткарылбаганы үчүн “булардын иши жүрбөй калды” деген ой жаралууда. Анткен менен уюмдун мүчөлөрү жашыруун болсо да өз ишин аткарып жатат. Биздин талдоолор көрсөткөндөй, алардын катары суюла элек. Бирок идеялары ишке ашпай калганы үчүн кандайдыр бир таасирин жоготту деп бааласак болот.

(Маекти толугу менен аудиодон угуңуз)

Жат агымдардын диний ишенимге таасири (аудио)
please wait

No media source currently available

0:00 0:11:37 0:00
Түз линк

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
XS
SM
MD
LG