Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:44

Ысык-Көлдө быйыл ата-энеси "инкарчы" 12 бала мектепке кайра бара баштады


"Йакын инкар" тобунун мүчөлөрү. Архивдик сүрөт.
"Йакын инкар" тобунун мүчөлөрү. Архивдик сүрөт.

Ысык-Көл облусунда быйыл жыл башынан бери ата-энесинин диний көз карашынан улам мектепке барбай жүргөн 12 бала кайра окуусун уланта баштады. Бул тууралуу бүгүн Ички иштер министрлиги кабарлады.

Мекеменин маалыматына караганда, облустук милициянын демилгеси менен экстремизмге жана терроризмге каршы семинар уюштурулуп, ага мектеп мугалимдери, имамдар жана ички иштер органдарынын кызматкерлери катышты.

Ысык-Көл облустук милициясынын башчысы Октябрь Урмамбетов буга чейин “Хизб ут-Тахрир” уюму тууралуу гана сөз жүрүп келген болсо, кийинки жылдары «Йакын инкар» агымы күчөй баштаганын айтты.

Урмамбетовдун айтымында, 2017-жылы “инкарчылардан” тыюу салынган китептер табылган 15 факт катталса, быйыл тогуз айда 22 ошондой учур болду. Милициянын, прокуратуранын жана райондук бийликтин аракеттери менен "инкарчы" ата-энеси окутпай койгон 12 бала мектепке кайтарылды. (RK)

XS
SM
MD
LG