Линктер

жекшемби, 21-июль, 2019 Бишкек убактысы 21:53

«Дин менен саясаттын жуурулушканы кооптуу»


Иллюстрациялык сүрөт.

Диний кырдаал соңку жылдары глобалдык мааниде актуалдуу маселеге айланганы менен Кыргызстандын Жогорку Кеңешинин азыркы чакырылышында диний саясатты жандандыруу аракети байкалбайт.

Ошол эле учурда динди саясатта пайдалануу тажрыйбасы байкалууда. Мындай пикирин парламенттин V чакырылышынын депутаты, Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын мурдагы башчысы Каныбек Осмоналиев «Азаттык» радиосуна курган маегинде айтты.

Канатбек Мурзахалилов: - Каныбек Осмоналиевич, өзүңүзгө белгилүү, 2003-жылдан 2017-жылга чейин түрдүү инстанциялардагы соттордун чечимдери менен Кыргызстанда 20 түрдүү радикалдуу диний топтордун ишмердүүлүгүнө «экстремисттик, террористтик» деп тыюу салынды. Булардын ишмердүүлүгү жөнүндө эмнелерди айта аласыз? Жалпы эле мамлекеттик органдар бул топтордун иш аракетин нейтралдаштыруу боюнча эмне жумуштарды аткарып жатат?

Радикалдашкан динчилдердин күнү тууп, алар бүгүнкү күндө өздөрүн эркин сезип, керек болсо президентке чейин мамиле түзүп алууга аракет кылган күчтөрдүн бар экенин жашырбай эле айтуу керек.

Каныбек Осмоналиев: - Менин бир сөзүмдү байкадыңар окшойт, динге «ыңгайлашып», аны менен «мамилелешип», диндин өзүн, диний кызматкерлерди пайдаланып, саясий жакка буруп алып жүргөндүн азабынан бүгүнкү кырдаал жаралууда.

Дин бардык эле учурларда - президенттик шайлоодо, парламенттик шайлоодо, жергиликтүү кеңештерге шайлоодо деле колдонулуп жатат.

Натыйжада өтө радикалдашкан динчилдердин күнү тууп, алар бүгүнкү күндө өздөрүн эркин сезип, керек болсо президентке чейин мамиле түзүп алууга аракет кылган күчтөрдүн бар экенин жашырбай эле айтуу керек.

Мен ушундан коркуп жатам. Мисалы, мен дайыма эле сындап келген «Таблиги жамаат» уюму. Керек болсо анын башчылары азыр муфтияттын башчылары да, туурабы? Бул биринчиден. Экинчиден, эмне үчүн «Таблиги жамаааттын» ишмердүүлүгүнө Жамаатык Коопсуздук Келишим Уюмуна (ЖККУ) кирген мамлекеттердин баары өз сотторунун чечими менен тыюу салган болсо, Кыргызстанда алар эркин эле кармалып турат? Ар кандай «жакшынакай» жактарын айтымыш болуп, кармап турабыз. Керек болсо, алар «Йакын инкар» сыяктуу бутактарын пайда кылып, анын мүчөлөрү агрессивдүү, деструктивдүү иштери менен колго түшүп жатпайбы? «Хизб ут-Тахрир» уктап жаткан жери жок. Бул нерсени элдин арасында жүрүп байкап, билип жүрөбүз.

Ушундай көрүнүштөргө ийгиликтүү күрөшүү - өкмөттүн, мамлекеттин, керек болсо расмий бийликтин бул жараянда активдүү оюнчу болуп, жолго кое турган маселеси.

Канатбек Мурзахалилов: - Ушул сиз айткан маселелерди чечүүгө мамлекетке эмне жетишпей жатат?

Каныбек Осмоналиев: - Мамлекетке ачык саясат эле жетишпей жатат. «Динчилдер, өзүңөрдүн ордуңарды билгиле, биз дүйнөбий саясатыбызды мындай жүргүзүшүбүз керек» деген нерсе жетишпей жатат. Улам-улам бул эки нерсенин бири-бирине жакындашып, аралашып, жуурулушуп баратканы ушундай терс көрүнүштөргө алып келүүдө.

Европа өлкөлөрү эмнеси менен күчтүү? Ар бир нерсени өз ордуна коюп койгону менен күчтүү да.

Канатбек Мурзахалилов: - Христиан дининин курамына кирген православдар, католиктер, протестанттык уюмдар өлкөбүздүн аймагында расмий иш жүргүзүп жатышат. Бүгүнкү күндө алар өлкөдөгү диний кырдаалга кандай таасир этүүдө?

Каныбек Осмоналиев: - Мен чынын айтсам бул багыттан кичине алыстап калдым, башка нерсе менен алагды болуп. Бирок, бир нерсени байкап жатам. Мисалы, жаштарыбыздын, негизинен кыргыз жаштарынын протестанттык кыймылдарга өтүү процесси дагы эле токтой элек. Экинчиден, ошол эле протестанттардын, айрыкча «Жахабанын күбөлөрүнүн» жигердүү саясаты дагы эле уланууда. Дагы бир чоң нерсе – 2013-жылы мен Жогорку Кеңештин депутаты, комитеттин башчысы болчумун, чырылдап жатып, азыр «атактуу» деп айтса болот, ошол кездеги Коргоо кеңешинин, азыркы Коопсуздук кеңешинин отурумун уюштурганбыз.

Эсиңерде болсо, ошондо «мамлекет динден оолактап кетти, өтө эле оолактап алды» деп айтылган, анда Алмазбек Атамбаев президент болчу. Бул отурумда менин сүйлөгөн сөзүм бар. Отурум жабык эшик артында өтүп, натыйжасында бүгүнкү күндө колдонулуп жаткан диний саясаттын концепциясы кабыл алынган. Бул да Кыргызстандын өзгөчөлөнгөн активи деп айтсак болот.

Канатбек Мурзахалилов: - Мыйзам чыгаруу бийлигинин, айрыкча алтынчы чакырылыштын диний саясатты жандандырууга болгон аракети байкалбай жатат. Эмне үчүн мындай болуп жатат деп ойлойсуз?

Кыргыздын өзүнө мүнөздүү болгон, диний фанатизмге моюн сунбаган, эркин ойлонгон, эркин сүйлөгөн, эркин жашаган кыргыздын салты менен исламдын чыныгы баалуулуктары дагы эле жуурулуша элек.

Каныбек Осмоналиев: - Туура, эң туура айттыңар. Ушул маселеде мен канча жаман көрүнүп, канча чырылдап жүрөбүз. Жок дегенде мен өткөрө албай койгон «Диний билим берүү жана диний билим берүү мекемелери жөнүндө» мыйзамдын аягына чыкса болот эле да. Комитеттен, жалпы жыйында биринчи окуудан өткөрүп, анан маселе жабылып калбады беле? Аны жакшы билесиң.

Депутаттардын пассивдүүлүгүнө мен таң калам. Чынында 2009-жылы дин жаатындагы мыйзамдын жаңы редакциясын кабыл алдык эле. Андан бери 10 жыл өттү. Ал эми дин саясаты - керек болсо күнүгө чоң чакырыктарды пайда кылган саясат. Ошондуктан алтынчы чакырылыштын депутаттары өз алдынча чечим кабыл ала албай жаткандыгы, пассивдүү болгону көп эле терс натыйжаларга алып келип жатат. Мени дагы таң калтырганы - ачык эле айталы, азыркы Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын пассивдүүлүгү ушундай абалга алып келип жатабы дейм. Бийлик тараптан динге ыңгайлашуу саясаты, дин менен ойноп туруп алуу саясаты жүрүп жаткандай таасир калып жатат, менде.

Учурда «кыргыз исламы» деген класс түзүлгөн жок да? Балким мен артта калгандырмын? Мен аны «ислам интеллигенциясы» деп айтып жүрдүм эле. Дүйнөнү дүңгүрөткөн ислам аалымын, ислам окумуштуусун азырынча Кыргызстандан көрө элекмин. Кыргыздын өзүнө мүнөздүү болгон, диний фанатизмге моюн сунбаган, эркин ойлонгон, эркин сүйлөгөн, эркин жашаган кыргыздын салты менен исламдын чыныгы баалуулуктары дагы эле жуурулуша элек.

Канатбек Мурзахалилов: - Диний абалды салыштырганда ээнбаштык бар, кыйынчылыктар бар деп жатабыз. Ошону конкреттештирип айта аласызбы? Прозелитизм маселесинен, диний билим берүү маселесинен башка?..

Каныбек Осмоналиев: - Чынын айтсам дагы эле биз биринчи орунга билим берүү саясатын коюшубуз керек болчу - диний билим берүү саясатын. Онго жакын эксперттер барсыңар. Ар түрдүү тегерек столдорго катышып, өзүңөрдүн ой-пикириңерди айтып жүрөсүңөр. Бирок ошол нерсени мамлекет пайдаланып, аны жакшы бир авангард катары иштете албай жатат.

Муфтият да пассивдүү абалда болуп жатат. Протестанттар дагы. Мына, жетинчи күндүн адвентисттеринин, христиан элүүчүлөрдүн жасаган иштерин, айрыкча Чүйдө, Токмокто ачып алган мектептери «Кудайдын мыйзамдарын» окутуп жатканын билип жатам. Орус православдары болсо «чиркөө алдындагы мектептерин» ачып алган боюнча эле тынчып калышты. Алардын окуу программасы Билим берүү жана илим министрлигинин программасына дал келеби? Тогузунчу класска чейин мындай диний мектептерди ачууга биздин акыбыз жок да?

Эмне үчүн Билим берүү жана илим министрлиги дин саясатынан, диний билим берүү саясатынан оолактап жатат? Өткөндө бир тегерек үстөлдө болуп калып айттым: «Ээ, айланайын, биз баарын даярдап бербедик беле?» деп. Мисалы, түрктөрдүн имам-хатиб лицейлеринин моделин колдонуу боюнча. Эми алар Түркияда жалпы билим берүү боюнча лицейлер болуп эсептелет. Ошону эмне үчүн Бишкекте, Ошто бирден ачып коюуга болбосун? Ага акчаны казынадан тартуунун деле кереги жок. Ошол эле донорлордун эсебинен каржылана турган мектеп.

Канатбек Мурзахалилов: - Кыргызстандагы бүгүнкү диний кырдаалга кандай баа бересиз?

Каныбек Осмоналиев жана Канатбек Мурзахалилов.
Каныбек Осмоналиев жана Канатбек Мурзахалилов.

Каныбек Осмоналиев: - Эми Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын мурдагы башчысы катары, билим берүү министри болгон киши катары дайыма эле сын көз караш менен карап, баалап көнүп калганбыз да. Өтө эле традегия кылып, чуу кылып, «андай болуп кетти, мындай болуп кетти» деген сөздөн алыс болушубуз керек.

Аз да болсо алдыга жылыш бар. Эң негизги принцип - «дин эркиндиги» деп какшап жатпадык беле, ошол бүгүнкү күндө Кыргызстанда толугу менен орноду. Башка маселе - эми бардык эле диний уюмдарда анча-мынча ээнбаштык болуп кетип жатат. Бирок негизинен мамлекет менен диндин ортосундагы мыйзамдуу деген мамилелер акырын нугуна түшүп келе жаткандай сезилип жатат.

Канатбек Мурзахалилов: - «Ээнбаштык» дедиңиз, анда ошол ээнбаштык, проблемалар кайсылар?

Каныбек Осмоналиев: - Өтө эле динге ашкере берилип, фундаменталисттик жана башка аша чабууну көбүрөөк колдоп жаткандардан дагы эле куржалак эмеспиз. Мен ошону айтып жатам. Ошол ислам динине, христиандардын бардык бутактарына, айрыкча протестанттардын кыймыл-аракеттерине тиешелүү.

Кийинки учурда байкап жатасыңарбы, протестанттар жөнүндө, алардын жалпы абалы кандай болуп жатат деген нерсе деги эле сөз болбой калды. Негизинен баарыбыз «ислам, ислам, ислам» деп эле жатабыз. Эми бул да түшүнүктүү. Өлкөбүздө жашаган адамдардын 80% ашыгы мусулмандар, ислам динин кармагандар. Балким ошондон уламбы?

Мени акыркы кезде көп ойлондуруп, кыжалат кылып жүргөн маселе - бул мен үчүн башкы баалуулук болуп жүргөн диний билим берүү маселеси. Муну дагы эле сөз жүзүндө, кагаз жүзүндө жакшы деңгээлде айтып жүргөнүбүз менен конкреттүү түрдө чече элекпиз.

Канатбек Мурзахалилов: - «Борбор Азия мамлекеттеринин ичинде Кыргызстан өзүнүн бир универсалдуу мамлекеттик диний саясатын куруп алды» деп айтып жүрөбүз. Бул кандай саясат, ал башкалардан эмнеси менен айырмаланат?

Каныбек Осмоналиев: - Башында эле, 1991-жылы биринчи «Дин эркиндиги жана диний уюмдар жөнүндө» мыйзамды кабыл алганда эле, биздин мыйзам Борбор Азия республикаларын ичинде эң либералдуу мыйзам болгон. Керек болсо кээ бир нормалары өтө эле «супер» либералдуу болуп кеткен.

Он эле жарандын демилгеси менен каалаган дин уюмдарын ачууга мүмкүн болгон. Мисалы, Өзбекстанда, Тажикстанда, ал тургай Казакстанда деле мындай нормалар болгон эмес. Диний уюмдарды каттоо жаатында президенттин жарлыгы менен бектилген «убактылуу жоболор» менен эле иштеп жүрбөдүкпү. Так ушул жагынан биз уникалдуу болгонбуз. Мисалы, протестанттардын бардык агымдарынын Кыргызстанга келип алышына, иш жүргүзүшүнө ыңгайлуу шарт түзүлүп калгандыгы менен да башка мамлекеттерден айырмаланабыз. Анан прозелитизм маселеси. Өз динин алмаштыруу же башка динге өтүү маселеси баягы экөөбүз «ыйлап» жүрүп өткөргөн мыйзамда дин уюмун түзүүдө адамдардын санын 200гө чыгаргандан кийин токтоду да. Азыр анын нормасы канча экендиги менин эсимде жок.

Канатбек Мурзахалилов: - Ошол 200 киши боюнча эле.

Каныбек Осмоналиев: - Ошол боюнча эле турабы? Анан дагы бир норма бар эле, «жергиликтүү кеңештердин макулдашуусу менен» деген. Так ушуга окшогон нерселер менен биз чынында эле кошуна мамлекеттерден бир топ эле алдыда турабыз. Мисалы үчүн, кээ бир өлкөлөрдө күчкө салып эле тартип киргизип жатышат го. «Исламдын ханафий-мазхабы биздин мамлекетте орун алыш керек» деп, ал турсун 2009-жыл Тажикстанда президенттин жарлыгы менен «Ханафий- мазхабынын жылы» деп бекитилгенин билебиз.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG