Линктер

жекшемби, 19-май, 2019 Бишкек убактысы 21:42

Кыргыз коомундагы машаякчыларга мамиле


Кайырбек Маныбаев жана Канатбек Мурзахалилов.

Кыргызстандагы машаякчылар жана аларга мамиле жөнүндө маек.

Иса машаяктын жолун жолдоп, бул багытта лидер саналган Кайырбек Маныбаев менен эксперт Канатбек Мурзахалилов «Азаттыктын» «Биз жана дин» берүүсүндө маектешти.

Алар коомдун ишенимге болгон мамилеси, диний көп түрдүүлүккө пикири, кыргыз машаякчылары кабылган кыйынчылыктар менен жетишкен ийгиликтери тууралуу сүйлөштү.

Машаякчылар тууралуу кыскача маалымат

Машаякчылар - бул Иса пайгамбардын окуусуна негизделген христиан динин же Иса машаяктын жолун жолдогон инсандар. Башкача айтканда, машаякчылар деп Иса пайгамбар айкаш жыгачта асылып, өзүнүн өлүмү менен айыптарды жууп кетирип, үч күндөн кийин өлүмдү жеңгенин билдирип, ага ишенгендерге түбөлүк жашоону тартуулаганы жөнүндө маселеге табынган адамдарга карата айтылат.

Кыргыз тилинде христиан динин карманган кишилерге тиешелүү «тарса» деген дагы сөз бар, бирок ал бүгүнкү күндө көп колдонулбайт.

Машаякчылар адамзат Кудай менен мамиледе болуу үчүн жаралганына, бирок күнөөнүн айынан жараткандан алыстап кеткенине ишенет. Алар “Иса машаяк өлгөндөн кийин, кабырга коюлуп, кайра тирилип, азыр Атасынын оң тарабында жашап, бардык ишенүүчүлөр үчүн түбөлүк арачылык кылып жатат” деп санашат. Машаякчылар иш-аракеттерге караганда мамилеге көбүрөөк басым жасашат.

Машаякчылар “кыл” же “кылба” деген тизменин ордуна Кудай менен тыгыз байланышта болууну, аны өнүктүрүүнү максат деп эсептешет. Мындай мамиле Исанын ишинин жана Ыйык Рухтун кызматынын негизинде мүмкүн болду деп ишенишет”.

“Кудай бирөө”

Кайырбек Маныбаев Нарындын Кочкор районунан болот. Азыр Бишкекте жашайт, жаш кезинен эле Иса машаяктын жолун жолдоп келет. Бул ишенимди кантип тандаганы жана башкалардын мамилеси тууралуу төмөнкүлөрдү айтып берди.

Кыргызстан диний көп түрдүүлүккө анчейин даяр эмес. Кыргыз болгондон кийин “мусулманбыз” деген түшүнүк мээге жазылып калган.
Кайырбек Маныбаев

Маныбаев: Азыр эки кызматта иштейм, бири – “Бириккен Руханий Семинария”, ал жакта ректормун, экинчиси “Теңир жыйыны” аттуу машаякчылардын, Исага ишенгендердин жыйынында жетекчи, орусча же англисче айтканда “пастор” болуп жүрөм.

Биринчиден, Кыргызстан диний көп түрдүүлүккө анчейин даяр эмес. Кыргыз болгондон кийин “мусулманбыз” деген түшүнүк мээге жазылып калган. Менин ордумда башка улуттар болсо кыргыздарга өөн учурамак эмес. “Еврей” болсо “жөөт” экен, “корей” болсо “Буддага ишенет экен” деп коюшмак. Бирок кыргыз болуп туруп, башка динди тутунган аябай сейрек кездешет, кабыл алуу кыйын.

Мурзахалилов: Өткөн кылымдын 90-жылдарында кыргыз христиан болот деген түшүнүк таңкалычтуу угулчу эле. Сиз евангелдик христан багытындагы чоң бир чиркөөнүн пастору, бир семинариянын ректорусуз. Диний ишенимиңизди өзгөрткөн учурда үй-бүлөңүз, туугандарыңыз, курбу-курдаштарыңыз кандай кабыл алды?

Маныбаев: Биринчиден, биз “чиркөө” деп орустардын “чиркөөсүн” айтабыз. Биздики “жыйын, чогулуш, жамаат” сыяктуу да. Биз жыйын дейбиз. Албетте, азыркыга чейин биз тууралуу “динин сатып кетти, акча берет экен, андай-мындай” деген сөздөр айтылат. Өзүм тууралуу айтсам, бул динди тандаган кезде өзүмө жетиштүү акчам бар болчу. Кыргыз болгондон кийин Куранды жаттап, кайталап жүрдүм. Анан “Кудай бирөө эле да, кантип кыргыздын кудайы башка, орустуку башка болсун, “Библияны” окуп көрөйүн”, - дедим. Бирок издеген маалыматты тапкан жокмун. Кийинчерээк бир орус бала жолугуп, кыргыз тилинде жазылган “Инжил” берди. “Орус болбой эле кой, Христиан динине да өтпөй эле кой, өзүңдүн тилиңде окуп, өзүңүн тилиңде сыйына бер, Кудай бирөө эле”, - деди. Анан мен “Инжилди" окудум. Бул “Ыйык жазуунун” башы да, ортосу да, аягы да бар экен. Ошон үчүн мен ишенип калдым.

Тааныбагандар “баптист” дешет. Машинемди токтотуп, алдыңкы айнекти чаап жибергендер болгон. Тууган, дос, классташтардын арасынан “минтип кетиптирсиң” деп жеригендер чыгат. Айрым машаякчыларды туугандары сабап, аркан менен байлап койгонун, таяк менен чапканын уккам.

Бир канча жылдан кийин укканыма караганда, мен ушул жолго түшкөндө эки агам ата-энеме “муну туура жолго салалы” деп айтышыптыр. Апам “кийлигишпегиле, өз оокатыңарды кылгыла” деген экен. Эгерде апам “кой” дебесе, мен да алар менен мушташмак белем?.. Атам башында менин тандоомду жактырбай жүрүптүр. Бирок менин көзүмчө “Кудай деген бирөө эле. Бир балам Мухаммед пайгамбарга ишенип атат, бул балам Иса пайгамбарга ишенип атат. Кудай бирөө” деп койчу. Кийин “сага ичимен нааразы болуп жүргөм” деп айткан.

Мурзахалилов: Кыргыз коомчулугу, анын ичинде кыргыздар башка динге толеранттуу экенин сиздин мисалыңыздан көрсө болот экен да?

Маныбаев: Менин мисалыман көрсө болот. Бирок баары адамдын өзүнөн болуп жатпайбы.

Мурзахалилов: “Кыргыз евангелдик чиркөөлөрдүн альянсы” түзүлүп, протестанттык багыттагы чиркөөлөрдүн башын кошуп иштеп жатат. Жетекчилери же болбосо пасторлору кыргыз улутундагы жигиттер. Сиз ушул уюмдун ишмердүүлүгү боюнча эмнелерди айта аласыз?

Маныбаев: Тарыхка келсек, ошонун баштоочусу мен болгом. Тээ 2000-жылдары эле биринчи жетекчиси элем. Ошол учурда каттоодон өткөнгө уруксат бербей коюшкан. Балким быйыл каттоодон өтүп калабыз.

Башкалардын пикири кандай?

Дин таануучу Кадыр Маликов машаякчылар жөнүндө, деги эле Кыргызстандагы христиан дининин бүгүнкү абалына байкоосун, көз карашын төмөндөгүчө баяндады:

Кадыр Маликов
Кадыр Маликов

“Аябай терең казбай эле коелу. Совет доорунун башталышына кайта турган болсок, орус бийлигинин келиши менен биздин жерлерде да христиан чиркөөлөрү курулуп, Орусиядан келген христиандар көбөйдү. Ислам динин кармангандар менен алардын ортосунда эч кандай чыр болгон эмес. Өз ара ымала, урмат - сыйда жашаган.

Азыр деле Кыргызстандын жарандарынын арасында христиандар да бар, башка диндерди кармангандар да бар. Коомдо алардын орду болууга тийиш. Бирок, башка динге өтүп кеткендер, алардын арасында протестанттарды айта турган болсок, алардын айрым ишмердигин сындасак болот. Миссионердик менен алектенип, мусулмандардын ортосунда үгүт иштерди жүргүзгөнү, ислам дининдеги кишилердин кыжырын кайнатат. Кээ бирлери ислам динин сындоо жолу менен үгүт кылганы туура эмес".

Өз ара ымала барбы?

Христиан дининде бир канча багыттар бар. Кыргыз машаякчыларынын христиан ишениминдеги башка багыттар менен мамилесине токтолобуз.

Мурзахалилов: Башка диний уюмдарды айтпай эле коелу, христианчылыктын багыттары болгон орус ортодокс чиркөөсү, католиктер, башка протестанттык агымдар менен “Кыргыз машаякчыларынын альянсы” кандай мамиледе? Сиздердин ортоңуздарда бири-бирин түшүнүү, диалог орун алганбы?

“Классташтар, достор кошпой койду, туугандар тойго чакырбай койду, учурашпай койду” дегендер бар.
Кайырбек Маныбаев

Маныбаев: Түшүнүү бар. Алар менен келишпестик чыга элек. Кыргызстан боюнча ассоциациялар бар, ага бүт дин өкүлдөрү кирет. Ошонун ичинде “Кыргыз машаякчылардын альянсы” да бар.

Мурзахалилов: Демек, кыргыз коомчулугунда айтылып жүргөн “дискриминация” деген баш оору жок турбайбы?

Маныбаев: Жалпы мамлекет деңгээлинде кодулоо, куугунтук жок. Бирок “классташтар, достор кошпой койду, туугандар тойго чакырбай койду, учурашпай койду” дегендер бар.

Мурзахалилов: Өз динин башка динге алмаштырган жараян элди бөлүп- жарат, атүгүл куралдуу кагылыштарга алып келиши мүмкүн, коомдо “ливандашуу” башталат деген пикир мамлекеттик деңгээлде айтылып жүрөт. Буга сиздин оюңуз кандай?

Маныбаев: Биринчиден, Конституция боюнча ар бир жаран кайсы динди тутат өзү билет. Биз башка динге өттүк дебейбиз. Биз аны аны “ишеним” дейбиз.

Мейли, биз башка динге өттүк бирок, өз оокатыбызды кылып эле жүрөбүз. “Биз өлсөк силерди көмбөйбүз, чакырбайбыз” деп коом бизге көйгөй жаратып, бут тосуп жатпайбы.

Мамлекеттик бийликте тургандар баары эле кыргыздар, баары ислам динин карманат, ошондуктан мындай мамилеге алар көзүн жуумп коет. “Өзүңөр туура эмес басып кеткен турбайсыңбы. Бул жакта эч кандай диний араздашуу жок” деп эле иш козгобой жапкан учурлар болгон.

Көбүнчө “салтты сактайсыңарбы?” деп сурашат. Биз салтты сактайбыз. Мен калпак кием. Бүт дилим менен кыргызмын.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG