Линктер

бейшемби, 23-май, 2019 Бишкек убактысы 08:47

Медреселер: билим менен ыймандын аралыгы


Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда бала 9-классты бүткөнгө чейин мектепте милдеттүү билим алууга тийиш экендиги тууралуу мыйзам толук сакталбай жатат.

Расмий маалыматтарга караганда 2018-2019-окуу жылынын башында жүргүзүлгөн иликтөөлөр 800дөн ашык баланын мектепти таштап, диний жайларда окуп жүргөнүн аныктаган.

Мындан тышкары бир эле учурда мектепте да, медреседе да таалим алгандар бар. Ушул өңдүү фактыларга таянып, социалдык изилдөө жүргүзгөн Булан институту коомду жана бийликти медресеге каттаган жеткинчектердин маселесине көңүл бурууга чакырды.

Медресе - ата-энелердин үмүтү

Кыргыз коомунда баланы медресеге берүү эки түрдүүчө мүнөздөлөт – диний билимин арттыруу жана адеп-ахлагын түздөө. Ата-энелердин каалоосу да ушуга жараша болууда. Бир тобу медреседе окуп жаткан баласынын дин аалымы болушун кааласа, экинчи тобу дилазар перзентин өзүнөн оолак кармап, ынсаптуу болушун тилейт.

Балага ким таалим берет, мугалим өзү динден жакшы кабардарбы?, – деген суроолор көп талкууланбашы мүмкүн.

Жыпариза Топчубек кызынын 14 жаштагы баласы быйыл жайкы каникулда Кара-Балтадагы медреседе окуду. Азыр мектептен бош убагында барып-келип, диний таалим алып жүрөт.

Жыпариза Топчубек кызы.
Жыпариза Топчубек кызы.

“Байкем балдарын кичинекей кезинде эле медресеге берип салган. Кара-Балтадагы медреседе балдар түнөп окушат. Мен ага каршы болгонмун. Себеби, бала ата-эненин мээримин көрүп чоңоюшу керек, деп ойлойт элем... Уулум өспүрүм курагына жетип, атасына да, мага каяша айта баштады. Айлам кетти. Сабайын десем, такыр коркпойт. Апама бардым, жакындарыма бардым, ыйлап кеңеш сурадым. Интернетти окуп, айла-амалын издедим. Өзүмдүн баламдан өзүм тажап калдым. Анан байкем баламды медресеге берүүнү сунуш кылды. Макул болуп, жайкы каникулда уулумду медресеге бердим. Балам үйдөн кеткенден соң бир ай барбадым. Үйүм да тынч болуп калды”,- деген Жыпариза бир айдан соң баласын барып көргөнүн, уулунун пейили өзгөрүп, мээримдүү болуп калганын айтып, муну медресенин пайдасы экенин белгиледи. Азыр уулу мектепте окуп жатат, бирок медресеге да барып жүрөт.

Кыргызстанда Жыпаризанын уулу сыяктуу мектеп менен кошо диний ийримдерге, медресеге каттап шариятты үйрөнүп жаткан балдар, секелектер жүздөп саналат.

Март айынын ортолорунда Жалал-Абаддагы Жаштар эс алуу багында ак топу кийип, колуна арабча китепти кармап келаткан 14-15 жаштагы өспүрүмдү жолуктургам. Ал жакын жердеги медреседен келе жатканын, 7-классты эле аяктап, мектепти таштап койгонун айткан. Себебин минтип түшүндүргөн:

“Менин оюм боюнча медреседе окуган жакшы. Баарыбыз өлөбүз, кабыр азабы бар. Андыктан акыретти ойлоп жашаш керек. Ошон үчүн медреседе окуп, динди үйрөнүп акыретке даярданып жатам”.

Ар бир сөзүнө акыретти кошуп сүйлөп, имамдардай кеңеш берип жаткан бул баланын ата-энесинен уруксат албаганым үчүн макалада анын аты-жөнүн атабадым.

Өспүрүм түшүндүргөн дарек менен медресеге бардым, калктуу конуштун эле ичинде турак-жай сыяктуу салынган имарат экен. Бирок эшиги кулпу болгондуктан, мугалимдерин таап сүйлөшө албадым. Кошуна үйдөгүлөр ал жер чын эле медресе экенин, беш-он бала таалим аларын айтышты.

Адистер коңгуроо кагууда

Кыргызстанда соңку жылдары мечитке каттап, медреседе билим алып жаткан балдардын маселеси байма-бай көтөрүлө баштады. Эксперттер жеткинчектер 16 жашка толгонго чейин диний тарбия берүүнү туура эмес деп эсептешет.

Алар дүйнөбий илимдерге басым жасап, баланы кесип тандоого шыктандыруу керектигин белгилешет. Айрым ата-энелер болсо, бала бабалары тутунган ишенимди эртелей үйрөнгөнү дурус деген пикирди карманышат.

Конституцияга, Балдар кодексине жана Билим берүү жөнүндөгү мыйзамга ылайык, ар бир бала мектепте 9-классты бүткөнгө чейин милдеттүү билим алууга тийиш. Ата-энесинин аны окутпай коюуга укугу жок. Бирок Булан институту бул талаптар аткарылбай жатканын жакында өлкө аймагында жүргүзгөн изилдөөсүнө таянып жарыялады.

Уюмдун жетекчиси Чолпон Орозобекова баланы 9-классты бүткөнгө чейин медресеге барышын – мыйзам бузуу деп эсептейт:

Чолпон Орозобекова
Чолпон Орозобекова

“Булан институту бул жаатта эки баяндама жарыялады. Медреселерди кыдырып, изилдеп чыкканбыз. Кенедей балдар, 7-10 жаш курактагы жеткинчектер медреседе отурганын көргөнбүз. Медресенин мугалимдери “ийримге келишти, мектептен кийинки курстарга каттап жатышат”, – деген шылтоону айтышкан. Бирок Билим берүү жана илим министрлиги муну тыкыр иликтеп, текшериши керек. Ошол балдар чын эле мектепти таштап койгон жокпу, диний таалим анын мектептен негизги билимди алышына тоскоолдук жараткан жокпу, такташы зарыл”.

Билим берүү жана илим министрлиги Булан институту көтөргөн маселени четке какпайт. Мекеменин Мектепке чейинки, мектептеги жана мектептен тышкары билим берүү башкармалыгынын башкы адиси Гүлшан Абдылдаеваны кепке тартабыз:

“Балдарды окууга тартуу үчүн январь, май, август айларында каттоо иштерин жасайбыз. Былтыр августта прокуратура, милиция менен каттоо жүргүзгөн учурубузда 850дөн ашуун бала медреседе, чиркөөлөрдө, секталарда жүргөнү такталган”.

Балдар милициянын жана билим берүү башкармалыктарынын көзөмөлүнө алынганын айткан адис ата-энелердин кайдыгерлигин мисал тартты:

“Изилдесек, 9-классты бүтпөй калгандары бир топ экен. 7-класстан, 3-класстан чыгып кеткендери бар. Арасында өзү баткендик болсо, Чүйгө келип медреседе окуп жаткандар бар экени аныкталды. Баарынын ата-энелерин таап сүйлөштүк. Балдары чоңойгондо эч кандай окуу жайга кире албай кала турганын түшүндүрүп, ошол 850дөн ашуун баланын баарын мектепке тарттык. Баары жашы жете электер менен иштөө инспекциясына каттоого алынды. Бир-эки жыл көзөмөл кылабыз, мектептен сабакты үзгүлтүккө учуратпаса, каттоодон алынат”.

Макаланы даярдап жатканда бир топ медреселерге байланышып, балдарды окууга кабыл алуудагы эрежелерди сурадык. Биз баш баккан медреселердин баарынын жетекчилиги 9-классты бүтпөгөн окуучуларды кабыл албай турганын билдиришти.

Гүлшан Абдылдаева менен маекти бул жерден тыңдаңыз:

850 бала диний таалим алуу үчүн мектепти таштаган
please wait

No media source currently available

0:00 0:05:57 0:00


Баткен шаарындагы медресенин мүдүрү Султанмурат Исламов:

“Тогузунчу классты бүтүргөнү тууралуу күбөлүгү бар окуучуларды гана кабыл алабыз. Кадимки окуу жайга тапшыргандай эле, медициналык маалымкат, жашаган жеринен маалымкат, үй-бүлөсү тууралуу маалымкат, ата-энесинин арызы, туулгандыгы жөнүндө күбөлүк же паспорт көчүрмөсү менен кабыл алабыз. Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы киргизген эрежеге ылайык, медреселер башталгыч, ортоңку жана жогорку окутуу программасы менен окутушат. Биз жогорку окутуу программасы менен төрт жыл билим беребиз. Жогорку диний билимдүү деген диплом ыйгарабыз. Медреседе Куран, хадис, араб тили, Араб тилинин грамматикасы, Акида, тавсир деген сабактар окутулат. Кошумча кол эмгек, информатика, математика, дене тарбия өтүлөт”.

Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Биз медреселерде окуп жаткан балдардын пикирлерин билүүгө да кызыгып, Нарын шаарындагы балдар медресесинин окуучусу, 16 жаштагы Рустам Рысбеков менен сүйлөштүк.

"Тогузунчу классты бүтүп келгем. Устаздар бизге мамлекеттик күбөлүктү да беришет, диний дипломду да беришет. Эки багыттагы диплом алабыз. Бул жерде окусам, ата-энем сарсанаа болбойт. Ыймандуу болуп чыгасын. Ыймандуу болсоң, кудайдан коркосун. Жеп-ичүү дегенден алыс болосун. Мамлекеттик болобу, диний жумуш болобу, ак кызмат кылууну үйрөнүп жатабыз", - деди ал.

Абал жана талап

Талдоочулар баланы чырпык кезинде диний тарбияга сугаруу туура эместигин глобалдык проблемага айланган диний радикализм менен негиздешет.

Саясат таануу илиминин кандидаты Орозбек Молдалиев радикализмге азгырылбоо үчүн дүйнөбий илимди да үйрөнүүнү зарыл деп эсептейт. Молдалиев Дин комиссиясынын төрагасы болуп турган учурда диний таалим берген мугалимдердин 42 пайызы аттестациядан өтпөй калганын айтып берди:

Орозбек Молдалиев
Орозбек Молдалиев

“Аттестацияны 2015-жылы баштаганбыз, муфтияттан тарта окуу жайларда да өткөрдүк. Окуу шарттары жок. Ошондо мамлекет жетекчилиги “медреселерди жапкыла” – деген. Анткени, билим сапаты өтө начар болчу. Биз Ишеналы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде динден сабак бергендерди кайра даярдоо институтун ачтык. Анткени, молдолорго дүйнөбий билим бербесе, болбойт. Балдардын келечеги ошондо жакшы болот”.

Бирок андан бери маселе бир жаңсыл чечиле элек. Диний билим берүүнүн сапаты көңүл бурууга муктаж экендигин Чолпон Орозобекова да белгиледи.

“Диний билим алууга кызыгуу жана талап күчөдү. Ошондуктан сапатты эске алуу зарыл. Диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясатты жүзөгө ашыруу боюнча 2014-жылы атайын концепция кабыл алынган. Анда диний билимдин сапатын жогорулатуу талабы коюлган. Андан соң диний окуу жайлардын шартын жакшыртып, реформалоо жөнүндө концепция кабыл алынган. Концепциянын ишке ашышын мамлекет көзөмөлгө алып, соңуна чыгарышы керек. Ошондо гана сапат, окуу программасы жакшырып, медреселерге талап күчөтүлмөк”.

Кыргызстанда мусулманчылык амалдары бир гана медреседе окутулбайт. Диний курстар, ийримдер деле ачылган. Андай жерлерге каттап, таалим алууга мыйзамда тоскоолдук жок.

Кыргызстанда диний билим берүү жаатында кырдаалды чочулай турган абалда эмес деп сыпаттаган талдоочулар да бар. Алардын бири юридика илимдеринин кандидаты, доцент Нурлан Исмаилов:

Нурлан Исмаилов
Нурлан Исмаилов

“Дин менен мамлекеттин ортосундагы мамиле тарыхтан бери ар кандай жолдорду басып өттү. Кээ бир учурда дин мамлекетти багындырды, кээде мамлекет көзөмөлүн күчөтүп алып, динди коомдун көзүнө эң жат көрүнүш катары көрсөткөнгө аракеттер болгон жана болуп келет. Дүйнөбий мамлекеттин негизги принциби – диндин коомдон өз ордун табуусуна өбөлгө түзүү. Биздин мамлекетте диний билимдин сапатына көңүл буруудагы аракеттерди карап отуруп, ыктымалдуу коркунучтарды жеңип кетүүгө мүмкүнчүлүк бар десек болот”.

Медреселерге коюлган талаптар

Кыргызстанда 112 медресе Мамлекеттик дин комиссиясынын каттоосунан өткөн. Анын арасында 78и иштеп жатат. Ушул тапта 53 медресеге мониторинг жүргүзүлүүдө. Он бир медресеге техникалык базасын, коопсуздук чараларын жана мугалимдердин билим деңгээлин жогорулатуу талабы коюлган. Ал аткарылбаса, комиссиянын чечими менен жабылат.

Кыргызстандын мыйзамдарында медреселер диний уюм катары сыпатталган жана алар түздөн-түз Мусулмандар дин башкармалыгына - муфтиятка баш ийет. Медреселердин окуу программасын Аалымдар кеңеши бекитет.

Зайырбек Эргешов.
Зайырбек Эргешов.

Дин комиссиясынын төрагасы Зайырбек Эргешовдун айтымында, жыл сайын Кыргызстанда 9-классты бүтүргөндөрдүн үч пайызы медреселерге окууга кирет. Ушул тапта 8500дөй балдар-кыздар медреседе билим алым жатат. Жылына 500нүн тегерегинде бүтүрүүчү чыгат.

Эргешов 16 жашка толбой туруп медресеге каттагандар жөнүндө буларга токтолду:

“Кээ бир медреселерде мектептеги сабактан чыгып, окуган балдар бар. Медреселерге эскертүү берип, ал балдардын ата-энелеринен жазма түрүндө уруксат алып, анан окутууну айтканбыз. Мында маселе жок. Медреседе гана окуп, мектепти таштап койгон болсо, ошол медресенин жетекчилиги мыйзам бузган болот”.

Медреседе окуган кыздар тикмечиликке үйрөнүүдө.
Медреседе окуган кыздар тикмечиликке үйрөнүүдө.


Дин комиссиясы киргизген талапка ылайык, соңку жылдары медреселерде диний билим берүүдөн тышкары, ашпозчулук, тикмечилик, устачылык сыяктуу кесиптерди да окуучуларга үйрөтүү талабы коюлган.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG