Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Декабрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:23

Кесип үйрөнүү долбооруна тогуз медресе тандалып алынды


Медреседе окуган кыздар тикмечиликке үйрөнүүдө.
Медреседе окуган кыздар тикмечиликке үйрөнүүдө.

Кыргызстанда диний билим алып жаткан жаштарга кесип үйрөтүүчү социалдык долбоордун алкагында быйылкы жылга тогуз медресе тандалып алынды. Бул тууралуу «Азаттыкка» АВЕП коомдук фондунун жетекчиси Нурлан Токонов маалымдады.

Долбоордун кезектеги этабы быйыл жаздан тартып ишке ашырыла баштайт. 300гө жакын улан-кыз жаңы кесипке ээ болуп чыгат.

Диний окуу жайларынын тарбиялануучулары ашпозчу-кондитер, ширетүүчү, электр куроочу, тикмечи, тиричилик техникасын оңдоочу, эмерек жасоочу уста, сантехник жана компьютердик сабатка үйрөтүүчү адистиктери боюнча окутулат.

Диплом тапшыруу учуру.
Диплом тапшыруу учуру.

Долбоордун алгачкы этабы 2015-жылы башталып, АВЕП коомдук фондунун жана Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынын колдоосу алдында ишке ашырылган.

Медреселерде окуган жаштарды кесипке үйрөткөн жабдыктар менен камсыз кылып, окутуп, үйрөтүүгө кеткен чыгымдарды (усулдук окуу куралдарын иштеп чыгуу, окута турган мугалим-адистерди тандоо, алардын айлык акысы жана башка шарттары) толугу менен грант катары берип, АКШнын Кыргызстандагы элчилиги каржылоодо.

Былтыртан бери долбоор Кыргызстандын бардык аймагын камтууга жетишти. Төрт жыл аралыгына 1184 окуучу кесип үйрөнүп чыкты. Алардын 499у кыздар.

«Мониторингдин жыйынтыгында бүтүрүүчүлөрдүн 60-65% пайызы туруктуу жумуш менен камсыз болуп, иштеп жатканы аныкталды», - дейт долбоордун координатору Нарынбек Кыдыргычов.

АВЕП коомдук фондунун жетекчиси Нурлан Токоновдун айтымында, медреселердин айрымдарында гана мектеп программасы окутулбаса, көпчүлүгү диний билим берүү менен гана чектелип келе жатышат. Жылына медресени 2-3 миңден ашык улан-кыз аяктайт, бирок баары эле имам болуп кетпейт. Жумуш табылышы кыйын.

«Диний билим алган туура. Бирок ага кошумча ошол жерде кыска мөөнөт ичинде кесип дагы үйрөнүп чыкса андан бетер жакшы», - дейт Токонов.

Кыргызстанда жумушсуздук - негизги социалдык-экономикалык маселелердин бири. 6 миллион калктын 2,5 миллионго жакыны эмгекке жарамдуу. Алардын арасынан 184 миң адам жумушсуз. (RK)

XS
SM
MD
LG