Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:13

Диний билим берүүгө мамлекеттин мамилеси


Жалал-Абаддагы мечиттердин биринде китеп окуп отурган жигиттер.
Жалал-Абаддагы мечиттердин биринде китеп окуп отурган жигиттер.

Ислам багытындагы окуу жайларынын саны боюнча Борбор Азияда Кыргызстан лидерлик кылганы менен диний жана дүйнөбий илимдерди айкалыштыруудагы маселе толук чечилбей турат.

Кыргызстанда Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиядан 112 ислам окуу жайлары каттодон өткөн. Учурда бир ислам университети, тогуз ислам институту, 102 медресе катталган, анын 78и иштеп жатат.

Казакстанда 13 диний окуу жай бар. Бир университет, имамдардын билим деңгээлин жогорулатуучу бир институт, тогуз медресе жана каарыларды даярдаган эки окуу борбору иш жүргүзөт.

Өзбекстанда 11 диний окуу жай бар. Анын экөө ислам институту, тогузу медресе.

Тажикстанда бир ислам институту иштейт. Исламдын базалык түшүнүктөрүн окутуу медреселерде эмес, ошол ислам институтунун коллежинин алкагында гана берилет. Бир нече жыл мурда Тажикстанда бардык медреселер жана жападан-жалгыз ислам гимназиясы жабылган.

Кыргызстанда ислам багытындагы билим берүүнүн, аны дүйнөбий илимдерге айкалыштыруунун күнгөй-тескейин диний маселелер боюнча "Биз жана дин" берүүсүнүн эксперти Канатбек Мурзахалилов менен Аалымдар кеңешинин мүчөсү Марс Ибраев талкууга алышты.

Сан жана сапат

Марс Ибраев: - Кыргызстандагы диний билим берүү 1991-жылдан бери алгач бир-эки медресе менен башталса, бүгүнкү күндөн жүздөн ашты. Орто жана жогорку билим берүүчү диний окуу жайлары пайда болду. Окуп жаткан улан-кыздардын саны 8 миңге жакындады.

Системалуу мыйзамдардын кабыл алынышы жана дин багытындагы концепция кабыл алынып, соңку жылдары диний билим берүү бир нукка түшүп, деңгээли көтөрүлө баштады.

Канатбек Мурзахалилов: - Бирок медреселердин көбү мамлекеттик үлгүдөгү документ бербейт. Алар берген сертификат же күбөлүк өздөрүндө гана таанылат. Бул медреселерди бүткөн балдар кесиптик билим ала албай жатышат. Мунун натыйжасында алар эч жерге жумушка кире албайт. Бул маселени чечүүдө өкмөт, муфтият же башка тийиштүү органдар кандай иштерди жасашы керек?

Марс Ибраев
Марс Ибраев

​Марс Ибраев: - Туура айттыңыз. Медреселердин баары эле лицензия алып, аккредитациядан өтө элек. Андай стандарт деле жок. Билим берүү жана илим министрлигинин карамагында диний окуу жайларды аккредитациялап, лицензия бере турган бөлүмдүн жоктугу да өкүндүрөт. Муфтият колдон келишинче аракет кылып, медреселердин сапатын жогорулатуу максатында эл аралык жана мамлекеттик уюмдардын көмөгүндө кошумча өнөрлөр - ширетүүчүлүк, ашпозчулук өңдүү кесиптер үйрөтүлүп жатат. Бирок бул бардык медреселерде эмес, чоң медреселерде гана ишке ашырыла баштады.

Медреселердеги окутуу стандартын мамлекет тааный турган тартип киргизилсе жакшы болор эле. Мисалы, Түркияда мамлекет тааныган «Имам хатиб» медреселери бар. Ага окшошпосо деле же башка системада болобу, ушундай бир ыкма колдонулса дурус болмок.

Канатбек Мурзахалилов: - Коңшу мамлекеттер медреселердин, диний билим берүүчү жайларды азайтышпадыбы. Балким Кыргызстанда деле сандан сапатка өтүүгө мезгил жеткендир?

Марс Ибраев: - Ал табигый абал. Күч менен азайтпай эле, жогоруда мен айткандай стандарттар киргизилсе, аны алып кете албаган медреселер өзүнөн өзү азаят. Ал эми күчкө салып «үч эле медресе калсын же он эле медресе калсын» деген эреже киргизилсе туура эмес болуп калат. Анткени окуйм деген балдар бар, мамлекет аларды чектеп койбошу керек. Эгер чектеп салса, элде нааразылык жаралышы ыктымал.

Маалымат иретинде: Кыргызстандагы Ислам университети 1991-жылы медресе болуп түптөлүп, 1993-жылы муфтиятка караштуу Азирети Умар атындагы ислам институту болуп өзгөргөн. 2003-жылдын 25-апрелинде Кыргызстан мусулмандарынын II курултайынын жана Уламалар кеңешинин чечими менен университет макамы берилип, Кыргызстандын Ислам университети деп аталган. Учурда университетте 70ке жакын окутуучу эмгектенип, 800дөн ашуун студент билим алууда. Окутуучулардын курамында илимдин докторлору, профессорлор жана доценттер да бар. Билим берүү жана илим министрлигинин №936/1 буйругунун негизинде 2017-жылдын 7-июлунда аталган университетке билим берүү тармагында иш жүргүзүүгө лицензия берилген. Лицензиянын негизинде университет бүтүрүүчүлөргө мамлекеттик үлгүдөгү диплом ыйгарат.

Мамлекеттин диний билим берүүдөгү орду

Канатбек Мурзахалилов: - Кыргызстан Конституцияга ылайык секулярдык турумду карманган өлкө. Коомдо диний билим алууга талап бар экени да чындык. Бирок секулярдык багытты тандаган мамлекеттин диний окутууга аралашуусу керек деп ойлойсузбу?

Марс Ибраев: - Өлкө секулярдык багытты карманганы менен коомдун талабын да эске алышы керек. Мамлекет коомдун талабын орундатышы, канааттандырышы да зарыл. Мамлекетте элдин 80 пайыздан көбү, айрым маалыматтар боюнча 91 пайызы мусулмандар экени айтылып жүрбөйбү. Өзүн мусулманмын деп санагандардын баары эле мечитке каттап, медреседен билим алууну жактайт дей албайбыз. Бирок баарын мыйзам алкагында алып кетүү - мамлекеттин милдети. Диний чөйрө да өлкөнүн мыйзамдарынын негизинде иш алып барса, өлкөдө тартип болот. Мен айткан «кийлигишүү» диний чөйрөнү иретке келтирүүгө жардам берет.

Канатбек Мурзахалилов
Канатбек Мурзахалилов

Канатбек Мурзахалилов: - Дүйнөбий билим менен диний билимди айкалыштыруунун зарылдыгын кандай чечмелейсиз?

Марс Ибраев: - Бул - бүгүнкү замандын талабы. Татарстанда Булгар академиясы ачылды. Анын ачылышына барып катыштык. Ал жерде дүйнөбий билим менен диний билим айкалыштырылганын көрдүк. Себеби, тарыхтагы дин аалымдары да медреселерде илимдердин дээрлик баарын окутушкан. Бул ыкма Куранды түшүнүүгө да, заманга ыңгайлашууга да шарт түзөт. Бизде Ислам университетинин мисалында айтсам, Билим берүү жана илим министрлиги койгон шарттарга ылайык дүйнөбий илимдер да окутулат.

Казан шаарынын эки жүз чакырымдай жерде жайгашкан Булгар академиясы дүйнө таанымы ар тараптан өөрчүгөн, илимий даражасы бар ислам аалымдарын тарбиялайт. Кыргызстандан да андай аалымдар чыгат. Бүгүн Кыргызстан - Борбор Азиядагы эркин ойлонгон, ишенимдерге эркиндик берген мамлекет. Дин эркиндиги да мыкты. Бирок андай эркиндиктин да чеги болот. Ал чек билим берүү, илим менен гана аныкталат.

Канатбек Мурзахалилов: - Кыргызстан диний окуу жайларынын саны боюнча да лидер деп айтып жатпайбызбы. Эгер Кыргызстан лидер болсо, анда андай аалымдарды өлкөнүн өзүндө эмес, Булгар академиясында окутуп, даярдоонун кандай зарылчылыгы бар?

Кыздарга багытталган медресенин окуучулары.
Кыздарга багытталган медресенин окуучулары.

Марс Ибраев: - Президентибиз деле буга кызыгып, орусиялык, татарстандык жетекчилик менен сүйлөшүп, Булгар академиясында, Казандагы Ислам университетинде же Москвадагы, Уфадагы ислам университеттеринде кыргызстандыктарды окутуп, тажрыйба алмашуу маселесин сүйлөшкөнү да жөн жерден эмес. Келечекте Кыргызстанда да Ислам академиясынын ишин жүргүзүп кете ала турган кадрларды даярдоо үчүн бул керек болушу мүмкүн деп ойлойм.

Маалымат иретинде: Кыргызстанда 2016-жылы дин кызматкерлеринин арасында аттестация өткөрүлгөн. Диний окуу жайларынын жетекчилеринин 92%, мугалимдердин 42% дүйнөбий билиминин жоктугунан аттестацияга киргизилген эмес. 2017-жылдын күзүндө имамдардын арасында жүргүзүлгөн аттестациянын жыйынтыгы боюнча 2670 имамдын ичинен 730 киши сынактан өтпөй калган.

Эрежени ким аныкташы керек?

Канатбек Мурзахалилов: - Эксперттердин арасында мындай пикир бар. Эгер Кыргызстанда диний плюрализмди же ой-пикирлердин ар түрдүүлүгүн ишке ашырабыз десек, анда мамлекеттин да, муфтияттын да ролу жандантылып, диний билим берүү жаатындагы оюндун эрежесин мамлекет так аныктап бериши керек.

Марс Ибраев: - Албетте, мамлекет так аныктап бериши керек. Муфтияттын, Аалымдар кеңешинин да багыты анык болушу кажет. Мисалы, ошол эле академия ачканда да алдыга коюлган так максат зарыл. Ошондо гана мөмөсүн берет.

Канатбек Мурзахалилов: - Бул турум мыйзам менен бекитилиши керекпи же Аалымдар кеңешинин чечими, муфтияттын фатвасынын жардамы зарылбы? Эреженин негизи эмне болушу абзел?

Марс Ибраев: - Эреженин негизи - концепция! 2014-2020-жылдарга кабыл алынган, Диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясаттын концепциясы бар эмеспи. Муфтияттан, Дин комиссиясынан жана башка тийиштүү мекемелерден куралган адистерден орток комиссия түзүлүп, диний билим берүүнүн академиялык деңгээлин иштеп чыгышы керек. Ошондо туруктуу болмок. Антпесе бизде кай бир мекеме-уюмдун башчысы алмашса эле мурдагы кабыл алынган эрежелер күчүн жоготуп айтпайбы.

Канатбек Мурзахалилов: - Кыргызстанда ата-энелердеби же жаштардын өзүндөбү, медресе менен гана чектелбей, диний академиялык билим алууга болгон умтулуунун деңгээлин кандай бааласак болот?

Марс Ибраев: - Элибиздин учурдагы динге болгон талабы биринчи тепкичтен экинчисине көтөрүлүп жатат. Эгер деңгээл тууралуу сөз кылсак, динди окууга кызыкканы менен, аны толук түшүнүп-түшүнбөй жүргөн катмарга карап чечим чыгарганда өнүгүү болбойт. Максатты бийик коюп, алардын арасынан суурулуп чыгып, терең илим алгысы, изилдегиси келгендер үчүн да иш кылышыбыз керек. Андай жаштар бар экенин унутпай, алардын талабын да эске алуу зарыл. Коомдогу пикирлерди өзгөртүп, бир нукка салчу кишилер - ошолор.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
XS
SM
MD
LG