Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:09

Мамлекет менен диндин кызматташтык жолу


Канатбек Мурзахалилов жана Орозбек Молдалиев.
Канатбек Мурзахалилов жана Орозбек Молдалиев.

Диний радикализмдин алдын алууда кыргыз өкмөтү өз ресурстарын кандай колдонууда?

Диний уюмдар, диний ишмерлер менен мамлекеттин кызматташтык модели анык деп айтууга бүгүн кандай негиздер бар?

«Азаттыктын» «Биз жана дин» берүүсүндө бул маселени эксперт Канатбек Мурзахалилов менен Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын мурдагы башчысы Орозбек Молдалиев талдоого алышты.

Канатбек Мурзахалилов: - Жакында социалдык тармактарда Пакистанда «Таблиги жамааттын» өкүлдөрү деген адамдар эки жаат болуп бири бирин ташбараңга алып жаткан тасма тарады...

Орозбек Молдалиев: - Бизде деле таш ыргытканга жакындап калгандай. Сөз менен атышып, бирин бири жаманатты кылып жатышпайбы. Анткени дин лидерлеринин баары эле билимдүү эмес. Муфтияттын өзүндө да жетиштүү илими жоктор бар, ал тургай диплому жок аалымдар ректор болуп жүрбөйбү.

Дүйнөбий билимдин дипломдорун жалган жерден алгандарды көрүп жатам. Булар башкаларга жакшы мисал болуп бермек беле?

Канатбек Мурзахалилов: - Сиз Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссияда жетекчи болуп турганда, 2016-жылы диний окуу жайларынын жетекчилеринин 92% аттестацияга кирбей калган, 42% мугалимдердин билим деңгээли төмөн экени аныкталган...

Орозбек Молдалиев: - Биз аттестацияны 2015-жылы баштадык. Алгач муфтияттын өзүнөн баштадык, андан кийин ислам багытындагы окуу жайларында уланттык. Анткени ал жакта окуу үчүн түзүлгөн шарттары жок да.

Азыр айта берсек болот, ошол учурдагы мамлекеттин жетекчилери айтты. «Мына бул медреселерди жапкыла. Эптеп эле ачып алып балдарды кыйнап жатышат. Билими жок университетти жапкыла», - дешти. Бирок бизге жаңыдан дин кызматкерлери үчүн даярдоо жана кайра даярдоо институтун И. Арабаев университетинин базасында ачууга туура келди, себеби муфтият бизди жолотпой койду.

Ислам университетинин ректоруна айттым. «Кел, ушуну сенин университетиңде ачалы. Молдолорго диний жана дүйнөбий билим бербесе болбойт. Болочок жаштардын келечеги билимде болот. Түркияда деле ошондой», - десем: «Мен турганда ал жакка дүйнөбий билим кирбейт, себеби мен киргизсем бир мугалим бир кыздын колун кармап алып «мындай кылып жаз» дейт. Дарвинизм кирип кетет, андай-мындай болуп кетет» - дейт. Мен ага: «Сиз окутпай койсоңуз дарвинизм тыйылып калбайт. Дарвинизмди сиз окутпасаңыз деле каалаган киши башка жактан кирип үйрөнүп алат. Андан көрө билимди берип дарвинизмдин терс жактарын ачыкка чыгарып бербейсиңерби, Куранга таянып туруп, «мына бул жери туура эмес экен» деп» десем, ал киши болбой койду. Андан кийин бизге бөлөк окуу жайын ачууга туура келди.

Анан «жапкыла» дегенде «бул жерде окуп жаткан студенттер бар, андан көрө кабыл алганды токтотолу. «Биз жабылбайбыз» деп молдолорго айталы, студенттер окуусун бүтүп кетишсин» дедик. Ага макул болушту.

Диний радикализм - бул белгилүү диний эрежелердин чектен чыгышы, адамдын же кай бир топтун диний көз караштагы максатына компромисс жок түрдө жетүүгө аракет кылышы, ымалага эмес, тирешке жол ачкан түшүнүк.

Киши радикализмдин таасирине сугарылып калганын өзү да байкабайт. Радикализмдин булагы жалпы диндин эмес, диндин айрым топторунун эрежелерин коомго сиңирүүгө аракет кылган кишилер болот. Андай адамдар көбүнчө элдин назарында абройлуу саналган тигил же бул диндин «лидерлери» болушу да ыктымал.

Канатбек Мурзахалилов: - Анда дин менен мамлекеттин кызматташтыгынын идеалдуу модели Сиздин оюңузча кандай болушу керек?

Орозбек Молдалиев: - Эл ойлоп атат, идеалдуу модел Түркияда деп. Түркияда дин менен мамлекет кызматташкан жок. Дин мамлекеттин ичинде туруп жатат. Түркияда «Диянет» - мамлекеттин бир бөлүгү, алар мамлекеттен акча алат, айлык алат. «Диянеттин» жетекчисин премьер-министр бекитет.

Түзүлгөн кырдаалга карап туруп дин менен мамлекеттин кызматташтыгынын концепциясын кабыл алыш керек. Андан кийин ошол концепцияга карап туруп иштеш керек. Мамлекет тыйып, «мусулмандардын мурунку курултайы болгон эмес» деп жокко чыгарып, кайра курултай өткөрүп, муфтияттын каржысын бөлүп салып, аны өзүнчө кылып койгон модел менен 2014-жылга чейин жашадык ко? Башаламандык ошондо болду, ажылыктын баары коммерциялашып кетти, коррупция деген ошол жерде болду. Муфтият жаманатты болгону менен бийликтегилер алты-жети миллион долларды жалаң ажылыктан эле жеп атышпадыбы.

Канатбек Мурзахалилов: - Бүгүнкү күндө ошол сиз айткан концепция Коргоо кеңешинин чечимдери менен өзүңүз башында туруп 2014 - 2020-жылга чейин кабыл алынды. Концепцияда көрсөтүлгөн көп эле жумуштар аткарылбай калды. Биздин талдоолор көрсөткөндөй, концепциянын иш-чараларында көрсөтүлгөн 70тен ашуун жумуштардын 30га жакыны гана динамикалуу түрдө ишке ашты. Өзүңүз сөз кылган имамдарды кайра даярдоо курстары, теологиялык коллеждин иштери да көзгө көрүнөөрлүк эмес, бул кагазда эле калып калды да.

Орозбек Молдалиев: - Теологиялык коллеж иштеп жатат. Биринчи бүтүрүүчүлөрүн чыгарды. Теологиялык коллеж ачканыбыздын себеби - «медреселерди жапкыла» дешкенде, мен айттым. «Медреселерди жаппайбыз. Медреселер диний - дүйнөбий билимди окутканды билбейт, ошонун моделин түзөлү, Кыргызстанга ылайыктап» деп туруп, ошону да араң ачтык. Ошондо Алмазбек Атамбаев кийлигишип жатып жардам берди, анын көрсөтмөсү менен «пилоттук долбоор» деп ачылды. Медреселердин баары ушул долбоор менен иштеши керек. Ошондо Кыргызстанга 7 облуска 7 медресе жетет, айланайын, жүзүнүн жетимиши кереги жок.

Бизнес кылып алышкан. Демөөрчүлөр келет, бир аз тыйын-тыпыр берип коет. Балдарды окуткан сапаты начар, билими начар, анан ошол сиз айткан радикалдашуу ошондон келип чыгат. Же динди жакшы билбейт, дүйнөбий билими 9-класстын билими менен эле калып калган. Анан дагы кыйынчылыгы мындай - медресени бүтүп алат, анан колуна бир кагазды берип коет, «медресени бүттү» деген диплом, аттестат деп коелу. Аны менен имам боло албайт да, анча имам эмне кылат? Анан дүйнөбий билимге ээ болоюн десе тогузунчу класс билими менен кесипчилик-техникалык гана окуу жайына барат. Бүтүрүүчүлөрдүн ага деле баргысы келбейт, анан жумушсуздук болуп жатпайбы? Сиз айткан экстремизм, радикалдашуу ошондон келип чыгып жатат.

Атайын долбоор: Сирияга баруу жихад эмес
please wait

No media source currently available

0:00 0:24:12 0:00

Медреселер коомго керексиз, талап кылынбаган адамдарды даярдап салып жатат. Анча имам кереги жок болсо, студенттер «бүтсөм мен муфтий болом» деп үмүт менен окуп жатса, анан билими начар болуп эч жакка жарабай жатса, нааразылык келип чыгат да. Жаш болуп эмнени билет? Талапка жооп берген медресеби же жокпу, билбейт да. Жанагы мамлекеттик сунуш менен ачылган коллежди Билим берүү министрлиги көзөмөлдөп берип атса, муфтият, Аалымдар кеңеши баш болуп карап берип жатса - жаштар сапаттуу диний билим, сапаттуу дүйнөбий билим алып чыгат. Ошондо жакшы молдолор, жакшы кадрлар чыгат. Эгерде имам болуп иштегиси келбесе анда аттестатын алып, башка жогорку окуу жайларына окуп кете берет.

Радикализмдин жайылышына социалдык теңсиздик, диний сабатсыздык жана мамлекетте так диний саясаттын жоктугу негиз болот. Эксперттердин эсебинде өлкөдө радикализмдин, экстремизмдин жана терроризмдин пайдубалынын түптөлүшүнө өкмөттүн дин багытындагы чаржайыт саясаты негизги курал болот.

Канатбек Мурзахалилов: - Коргоо кеңешинин чечимдеринин негизинде концепция иштелип чыкты, сиз айткан дин менен мамлекеттин иштөө моделин түзүп берди да. Бирок мага акыркы жылдары бул аракеттер кичине солгундап калгандай сезилди. Эми концепцияда көрсөтүлгөн иштер бүгүн кагаз түрүндө эле калып калбадыбы?

Орозбек Молдалиев: - Эми сиз жумшак айтып жатасыз. Концепцияны ишке ашыруу планы кабыл алынган, аны өкмөт бекитип берген. Биз дин жаатын тескеген мыйзамдан баштайлы, концепция концепция менен.

Билесиз, мыйзам 2008-жылы кабыл алынган, ошону менен эле иштеп жатпайбызбы. Азыр XXI кылымдын чейрек бөлүгү өтүп жатат, дүйнөдө абал такыр өзгөрдү. Жаңы мыйзам долбоору мен иштеп жатканда эле даяр болгон. Андан кийин «Диний билим берүү жөнүндө» мыйзам долбоорун сунуш кылып жаттык, «аны бириктиргиле» дешиптир. Учурда «Диний билим берүү жөнүндө» мыйзам менен «Дин эркиндиги жөнүндө» мыйзам экөө бириктирилип, бир мыйзам болуп кайра кириптир. Диний билим берүүнү «Диний билим берүүнүн концепциясы» деп концепция кылып эле жазып коюшуптур. Кагазда эле калып жатпайбы, жакшы идеялар турмушка ашпай калып жатат.

«Ал үчүн мамлекеттен кандай жардам керек?» деп жатасыз. Көрсөтүлгөн нерселерди турмушка ашырыш үчүн мамлекет каржылаш керек. Келечекти каржылабасаңыз, диний билим берүүнү жолго койбосок, дин жаатын тартипке салбасак Сирияга куралчандарды даярдап коебуз. Мына, «ханафи мазхабын киргизелик, ушул жолго багыштайлы» деген идея абдан сонун болгон, аны да ишке ашыруунун үстүнөн иштеш керек. Ал эми биздин мазхаб - эң мыкты мазхаб.

Канатбек Мурзахалилов: - Мына, сиз Сирия маселесин козгоп кеттиңиз. Өзүңүзгө белгилүү, расмий маалыматтар боюнча Сирия менен Ирактын аймагында байырлаган «Ислам мамлекети» террордук уюмунун катарына Кыргызстандан болжол менен 850дөн ашуун биздин жаран барса, 150дөн ашууну ошол жерде каза болгону айтылууда. Бүгүнкү күндө бул маселеде - радикалдашуунун алдын алууда - мамлекет өзүнүн ресурстарын толук түрдө колдонуп жатабы?

Орозбек Молдалиев: - Бул маселени талкуулаганда Жогорку Кеңеш Ошко барып көчмө жыйын өткөрдү. Анда Коопсуздук кеңеши жок, Коргоо кеңеши болчу. Ошондо Коргоо жана коопсуздук комитетине мүчө болгон депутаттардын алдында күч органдарынын, прокуратуранын кызматкерлери тайсалдап жооп бере алышкан жок. Анткени биздин жарандар Сирияга кетип жаткан көрүнүш күчөп турган учуру эле. «2014-жылы башталдыбы?» дегенде жакшы айта албай коюшту. Анан мен: «Эмнеге тайсалдап, жооп бере албай жатасыңар?» деп айтпадымбы.

Канатбек Мурзахалилов: - Анда бүгүнкү күндө радикализмге жана башка терс чакырыктарга биздин муфтият, имамдар туруштук бере алабы?

Орозбек Молдалиев: - Бере албайт!

Канатбек Мурзахалилов: - Эмнеге?

Орозбек Молдалиев: - Мен сизге айтып коеюн - саясатчылар диндин принциптерин жакшы билбей эле, кийинки шайлоого саясий упай алыш үчүн өздөрү динди саясатташтырып жатышат.

«Мен эки аял алдым» деп жарыялап, анан «мыйзам деңгээлинде бир топ чечкиндүү кадам таштайлы» деп депутаттар чыкканда, ал киши «булардын далайынын экинчи никесин мен кыйдым эле» дебедиби! Ошондо Жогорку Кеңеш унчукпай калбадыбы? Биздин аткаминерлердин көбүндө эки мораль бар.

Бая сиздин эсиңиздеби, 2000-жылдардын башында түштүктө сурамжылоо жүргүзгөндө, Жалал-Абаддан бир имам айтып жатпайбы, «халифат курулуп калса жаман болмок беле» деп. Биз алардан үмүт этип атабыз. «Халифат деген болбогон идеология, мусулмандар дүйнөбий мамлекетте деле, ар кандай мамлекетте деле жашай берет, ханафи мазхабында «сөзсүз мамлекеттин башында диний кызматкер турсун» деген талап жок» деп жатсак, тиги туруп алып ушинтип атпайбы...

Канатбек Мурзахалилов: - Эгерде сиз айткан тенденция мындан ары ушул темпте улана берсе, мамлекет үчүн, имамдар үчүн же болбосо динаятчылар үчүн кандай пайда-зыяны бар?

Орозбек Молдалиев: - Дүйнөбий малекеттин принциби бузулуп жатат. Бул улуттук коопсуздук үчүн коркунуч болот. Анткени дин аралашкан жерде сөзсүз чыр-чатак чыгат. Адегенде кызыкчылыктардын кагылышы чыгат, андан кийин олуттуу чыр-чатактар чыгат.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
XS
SM
MD
LG